Сууктан жарылган колдор

Шыпаа булагы-18

1760261
Сууктан жарылган колдор

Бүгүн биз "Сууктан жарылган колдорду табигый жол менен дарылоонун" ыкмаларын айтып беребиз.

Суук аба ырайынын келиши менен теринин кургашы дароо пайда болду. Өзгөчө назик терилүү адамдар үчүн тери өтө кургак болгондо жарылып, экземаны пайда кылышы мүмкүн. Теринин текстурасын коргоо, аны дайыма нымдуу кармап туруу жана териге керектүү кам көрүү жетиштүү.

Жарылган колдорду табигый жол менен айыктыруу сунуштарын төмөнкүдөй тизмектеп алабыз;

Суу :

• Теринин нымдуу болушу үчүн күнүнө орто эсеп менен 2 литр суу ичүү керек.

• Зайтун майы:

Зайтун майы терини жумшак, ийкемдүү жана нымдуу кармап турат. Күнүнө эки жолу 5-10 мүнөт жылуу зайтун майы менен колуңузга массаж жасаңыз. Зайтун майын айнек бөтөлкөгө куюп, күн бою жаныңызда алып жүрүү менен бул ыкманы жөнөкөйлөтө аласыз.

Уктаар алдында колуңузга зайтун майын сыйпасаңыз болот. Зайтун майын колго массаж жасоо менен сүйкөп, мээлей же байпак кийип алсаңыз таң атканча колуңуз жумшарып калат.

• Банан:

Банандын кичинекей бөлүгүн вилка менен эзиңиз. Андан соң колуңузга сүйкөп, жарым саат күтүңүз жана жылуу суу менен жууп коюңуз. Андан кийин нымдандыруучу кол кремиңизди сүйкөсөңүз болот.

Экинчи ыкма болсо; эзилген бананга бир аз бал жана зайтун майын кошуп аралаштырыңыз. Колуңузга сыйпап, 15-20 мүнөткө калтырыңыз. Андан соң колуңузду муздак суу менен жууңуз.

• Лимон ширеси:

Бирдей өлчөмдө лимон ширеси, бал жана соданы аралаштырыңыз. Бул аралашманы колуңузга сыйпаңыз жана бир мүнөттөй массаж жасап, 5 мүнөт күткөндөн кийин колуңузду жылуу суу менен жууңуз. Бул ыкманы жумасына бир же эки жолу колдонсоңуз болот.

• Алоэ вера:

Алоэ вера жалбырагын узунунан кесип, ичиндеги гелди чыгарыңыз. Колуңузга сүйкөп, бир нече мүнөткө акырын массаж жасаңыз. Андан кийин 10-15 мүнөткө калтырып, жылуу суу менен чайкаңыз. Күнүнө 1-2 жолу колдонсоңуз болот.

Сулу даны:

2 аш кашык сулу данын жарым же 1 чай кашык бал жана бир аз суу менен аралаштырып камыр сыяктуу кыласыз. Кааласаңыз лимон ширесин кошо аласыз. Аралашманы колуңузга сүйкөп 10 мүнөткө калтырыңыз. Андан кийин жылуу суу менен чайкаңыз.

• Зайтун майына табигый органикалык сары май альтернатива боло алат. Колуңуздун үстүнкү бөлүгүнө сүйкөй турган сары май, жарылган жерди жок кылып, колго заматта жумшактык алып келет. Үзгүлтүксүз колдонуу териңизди коргойт.

• Чай дарагынын эфир майы, таттуу бадам майы, күнжүт майы, кокос майы сыяктуу териге пайдалуу майларды колдонсоңуз болот. Өзгөчө сууктан жана салмак кошуудан улам териде байкалган бардык жаракаларда бул майлар абдан таасирдүү натыйжа берет.

Суукта кургаган жана жарылган колдорго кам көрүү үчүн төмөнкү кеңештерди бере алабыз.

Жумшартуучумаска

• 1 аш кашык зайтун майы

• 1 аш кашык лимон ширеси

Зайтун майы менен лимондун ширесин аралаштырып колуңузга сыйпаңыз.

Нымдаштыруучумаска

• 1 даана бышырылган картошка

• 1 чымчым ромашка (кургатылганы)

• 1 чай кашык вазелин

Бышырылган картошканы эзиңиз. Ага вазелинди кошуңуз. Жакшылап аралаштыргандан кийин кургатылган ромашка гүлүн кошуп, кайра аралаштыруу керек. Аралашманы колуңузга сүйкөп кебез менен ороп жарым саатка калтырып, андан соң жылуу суу менен жууңуз.

Жаракалардын алдын алуу маскасы

• 3 аш кашык роза суусу

• 3 чай кашык бадам майы

• 2 чай кашык лимон ширеси

• 1 чай кашык алма уксусу

Булардын бардыгы идиште аралаштырылат. Аралашма массаж түрүндө колго сүйкөлөт. Колуңуз масканы жакшылап сиңирип алышы үчүн колуңузду стрейч, кебез менен ороп же колкап кийсеңиз болот. 30 мүнөт күткөндөн кийин жылуу суу менен жуусаңыз жетиштүү болот.

Доктор Мехмет Учар даярдаган «Шыпаа булагы» программасы.



Тектеш кабарлар