2022 -  жылында Жакынкы Чыгыш

СЕТАнын тышкы саясаттарды изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1759336
2022 -  жылында Жакынкы Чыгыш

2021 - жыл Жакынкы Чыгыш үчүн чоң сыноолор менен өттү. Бир жагынан алганда, COVID-19дан келип чыккан саламаттыкты сактоого байланыштуу маселелердин  экономикалык жана саясий чагылуулары болуп,  Сирия жана Ливия сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдө кагылышуулар уланып, саясий туруктуулук толук орной алган жок. Америка Кошмо Штаттарынын аймактан, өзгөчө Афганистандан этап - этабы менен аскерлерин чыгарып кетиши Кытай менен Россияга, ошондой эле Түркия жана Иран сыяктуу аймактык өлкөлөргө жаңы геосаясий мүмкүнчүлүктөрдү ачты. 2022 - жыл аймак үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү да, тобокелдиктерди да ичинде камтууну улантууда. 

СЕТАнын тышкы саясаттарды изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

2021 - жыл Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү үчүн абдан оор жыл болду. Айрыкча, глобалдык пандемиянын кесепеттери олуттуу сезилип, өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо инфраструктурасы чоң кыйынчылыктарга туш болду.

Түркия сыяктуу күчтүү саламаттык сактоо системасына ээ  бир нече өлкө сынактан жакшы өтүп, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө олуттуу кыйынчылыктар пайда болду. Ливиядан Сирияга чейин көптөгөн аймактык өлкөлөрдө кагылышуулар улантылып,  саясий ырааттуулук түзүлгөн жок. Америкалык аскерлердин аймактан, өзгөчө Аганистандан чыгып кетиши бийлик боштугун жаратты.

Россия жана Кытай сыяктуу чет элдик актерлор бул боштукту  толтурууга аракет кылып Түркия жана Иран үчүн да маанилүү мүмкүнчүлүктөр пайда болду. Буга чейин АКШга таянган куулук саясатын жүргүзгөн Перс булуңу өлкөлөрү учурдагы саясаттарын кайра карап чыгып,  аймак өлкөлөрү менен карым - катнаштарын нормалдаштыруу аракетин баштады.

2022 – жылдын аталган мотивдер менен форма алуу ыктымалы жогору көрүнүүдө. Тактап айтканда АКШнын чыгышы менен пайда боло турган күч боштугунун кандай толтурулары,  Түркия менен Бириккен Арап Эмираттары, Сауд Арабия жана Египеттин ортосундагы нормалдашуу процесси. Ошо сыяктуу эле Перс булуңундагы өлкөлөр менен Ирандын ортосундагы нормалдашуу процесске да чоң масштабда таасирин тийгизет. Жакынкы Чыгыштын бардык өлкөлөрү циклдик ар кандай себептерден улам болсо да, нормалдаштыруунун жолдорун издеп жатышат.

Бир канча убакыттан бери болуп келе жаткан жоготуу бардык өлкөлөрдү чарчатты. Бирок нормалдашуу процесстери Жакынкы Чыгыш үчүн оң имиджди көрсөтсө да, Ирандын өзөктүк өжөрлүгү, Израилдин ыктымалдуу коркунучтары жана Сирия, Ливия, Ливан, Йемен сыяктуу аймактардагы ыраатсыздыктар да чоң коркунучтарды жаратуу потенциалын улантат. Аймакта структуралык көйгөйлөр жоюлганга чейин чыныгы нормалдашуу жана анын институционалдык инфраструктурасын түзүү үчүн абдан оптимисттик көз караш бар деп айтууга болбойт.

 



Тектеш кабарлар