2022 -  жылы дүйнөлүк саясат жана Түркия

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, пофессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

1755577
2022 -  жылы дүйнөлүк саясат жана Түркия

Мамлекеттер COVID - 19 пандемиясынын кыйратуучу кесепеттеринен арылууга аракет кылса да 2021 - жылы  глобалдык саясатта түп - тамырынан бери өзгөрүү болгон жок. Байдендин кызматка келиши менен АКШнын глобалдык системада дагы таасирдүү роль алып борбору Америка болгон либералдык тартипти оңдошуна карата аракеттерден да жыйынтык чыккандай көрүнбөйт. Тескерисинче  2021 -  жылга тамгасын баскан глобалдык окуялар, глобалдык лидерликтин жетишсиздиги барган сайын курчугандыгы, климаттык өзгөрүү менен бирге глобалдык башкаруу маселелерин жеңүүнүн мүмкүн эмес экендигин жана Кытай, Россия менен башка өсүп келе жаткан актерлордун өздөрүнө орундук ачуу үчүн күрөшкө кирген жаңы бир конкуренция мезгилинин ортого чыккандыгын көрсөтүүдө. Ушунун негизинде эл аралык системада уланып жаткан трансформация жана улуу державалардын атаандаштыгынын кайтып келиши глобалдык белгисиздикти күчөтүп, Түркия баш болгон көптөгөн мамлекеттерди тышкы саясаттарын кайра карап чыгууга жана эл аралык аренадагы позицияларын кайра түзүүгө мажбурлоодо.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу, пофессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

2021 - жылы  болуп өткөн негизги глобалдык геосаясий тенденцияларды эске алсак, биринчи кезекте дүйнөлүк саясатта улуу державалардын атаандаштыгы же көпчүлүк “Жаңы кансыз согуш” деп атаган нерсе үстөмдүк кылып жатканын жана анын таасири алдыдагы мезгилде көбүрөөк сезилерин көрөбүз.

2021 - жылдын сентябрь айынын орто чениндеги АКШ - Кытай конкуренциясынын эң негизги мисалы болгон AUKUS, Тынч океанда анти -кытайлык аскердик, саясий жана экономикалык геосаясий линияны түзүү үчүн  чукул түрдө ортого чыккан аракет катары окулду.

Бир тараптан алганда АКШ  -  Кытай конкуренциясы улантып жаткан чоң күч конкуренциясынын  бир бөлүгүн түзүүдө. Россиянын соңку экспансионисттик саясаты жана жакын чөйрө доктринасынын негизинде ортого койгон аскердик туруму да  Батыш менен Москванын ортосунда жаңы бир суук согуш чыңалуусунун да туруктуу болушуна шарт түзүүдө. Тагыраак айтканда, Украинанын айланасында пайда болгон бул чыңалуу дүйнөлүк күчтөрдүн конкуренциясынын  экинчи өлчөмүн түзүп жатат.

Муну менен бирге бул абалдарга карабастан АКШ менен НАТО жана Батыш Россияга ыктымалдуу бир жооп боюнча стратегияларды белгилөөгө аракет кылууда. Бирок азырынча так бир стратегияны белгилей элек. НАТО бир тараптан Россиянын кыймылдарынан тынчсызданып жаткандыгын жана Россия менен диалогго даяр экендигин айтса, АКШ болсо Украинага аскер жибербей тургандарын бирок Россияга оор экономикалык санкция саларын, украиналыктарга кошумча коргонуу материалдарын берерин,  НАТО союздаштарын күчтөндүрүшөрүн билдирди. Бирок Россия үчүн бул эскертүүлөр олуттуудай көрүнбөйт.

Глобалдык саясаттын негизги багытын белгилеген динамикалуу АКШ  -  Кытай конкуренциясы болсо бул конкуренциянын көлөкөсүндө өзгөчө Жакынкы Чыгышта жаңы бир процесс башталды. Аймакта мүмкүн болгон аймактык кайра түзүүнү талкуулоого түрткү берген олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатат. Тактап айтканда, 2021 - жылдын башынан тарта аймак өлкөлөрү нормалдашуу процессин баштады. Аймактык  нормалдашуу менен параллель кеткен жана 2021 -  жылы болбосо да алдыдагы жылдарга тамгасын баса турган чыңалуу тармагы Ирандын атомдук пограммасы. Ирандын ишине чынында  өзгөчө көңүл буруу керек, анткени Иран – АКШ - Израиль үч бурчтугунда чоң кризис ыктымалы аймакка чоң таасирин тийгизет.

Түркиянын 2022 - жылы өсүп жаткан глобалдык жана аймактык атаандаштык чөйрөсүнө даяр болуу үчүн жаңы стратегия даярдыгында экендиги белгилүү. Ушунун негизинде  Түркия стратегиясын бекемдөө жана жакынкы келечекте пайда болушу мүмкүн болгон тобокелдиктерден качуу үчүн ресурстарын кантип колдоноорун пландай баштады. Мындан тышкары, аймактык  жана эл аралык саясатта өзгөргөн геосаясий динамика астында Түркиянын белгилүү бир коопсуздук зонасына артыкчылык берүү менен стратегиялык ырааттуулугун жана туруктуулугун сактай албастыгын белгилей кетүү маанилүү. Өкмөт муну толугу менен билет. Түркиянын геополитикалык портфели  макро деңгээлдеги глобалдык жана аймактык өнүгүүлөрдөн таасирленгендиктен жана белгилүү мамлекеттер менен мамлекет тышы актерлор тарабынан «чектелгендиктен», Түркиянын жакынкы аймактарында коопсуздук коркунучтарынын бири бири менен байланыштуу экендиги анык. Түркия бүгүн бетме  - бет болгон коркунучтардын Кара деңиз, Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Жакынкы Чыгыш менен чоң өлчөмдүү болуп көрүнүүдө. 2022 -  жылы бул аянттарда олуттуу бир кыймылдуулук күтүлбөйт. Жакынкы Чыгыштагы жумшаруу жыл боюнча улантылышы мүмкүн жана Түркия менен Египет, Израиль жана Сауд Арабиянын ортосунда оң багытта жаңы абалдар ортого чыгышы мүмкүн. Греция менен жаңы бир чыңалуу мезгилине кирүү ыктымалы жок.  АКШ менен карым  - катнаштарда азырынча оюн алмаштыра турган абал азырынча жок. Бирок Ф  - 16  аскердик учактарын жеткирүү  маселеси эки тараптуу карым  - катнаштар үчүн эң маанилүү сынактардын бири. Москва  -  Анкара карым  - катнаштары болсо 2022 -  жылы олуттуу бир сынактан өтөт.

Украина менен Сирия эске келген темалардын арасында. Глобалдк системада күч конкуренциясы артуу менен улантылып Түркиянын тышкы саясатынын бул конкуренциядан таасирленбеши мүмкүн эмес.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар