Россиянын батыш өлкөлөрү менен мамилесиндеги соңку абал

Евразия күндеми-51

1751871
Россиянын батыш өлкөлөрү менен мамилесиндеги соңку абал

Ардактуу окурмандар! “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Россиянын батыш өлкөлөрү менен мамилесиндеги соңку абал тууралуу сөз кылабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 16-декабрь күнү Россия Федерациясынын Президентинин маалыматтык коопсуздук жаатындагы эл аралык кызматташуу боюнча атайын өкүлү жана Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Андрей Круцких, “Согуш болуп жатат жана ал абдан катуу жүрүп жатат. Кибер мейкиндиктеги согуш чындап эле толук кандуу жүрүп жатат. Массалык маалымат каражаттарынын муну Үчүнчү дүйнөлүк согуш деп сыпатташкандыгы чындыкка дал келет. Эми бул согуштун натыйжасында ким утулуп, ким жеңишке жетишет деген маселе чечилүүдө.”- деди.

 Чындап эле Россия-Батыш мамилелериндеги чыңалуу акыркы кезеңде күчөп баратат. Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Украина Россиянын кыш айларында ага кол салууга камынып жаткандыгын билдирди. Бул билдирүүдөн кийин НАТО “Украинанын жанындабыз”, батыш мамлекеттери болсо “Россияга болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизебиз” деген билдирүүлөрдү жасашты. Европа биримдиги ноябрь айында “Вагнер” тобуна каршы санкция киргизгендигин жарыялады. Украинанын парламенти 2022-жылы чек мамлекеттин аскер кызматкерлеринин өлкөгө киришине руксат берген мыйзамды жактырды. Дипломаттарды өз ара “персона нон-грата” деп жарыялоо актысы уланууда.  Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында Германия эки орус дипломатынын өлкөдөн чыгып кетишин талап кылды. Европа парламенти 17-декабрда Россияны Украинанын чек арасынан аскердик күчтөрүн чыгарып кетүүгө чакырды.

Россия батыштын бул кадамдарына жооп иретинде НАТОнун Россияны курчап алуу планын токтотушу керек экендигин, эгер бул маселеде аша чабуу катталса натыйжасынын жаман боло тургандыгын баса белгиледи. Россия “НАТО чыгышты көздөй кеңейбейт” деген кепилдиктин берилишин талап кылууда. НАТОнын башкы катчысы Йенс Столтенберг НАТОнун кеңейүүсү улана бере тургандыгын билдирди. Үстүбүздөгү жылдын 18-декабрында АКШнын аркасынан Россия да “Ачык асман келишиминен” чыккандыгын жарыялады.

Маселени чечүү үчүн дипломатиялык сүйлөшүүлөр артты. Үстүбүздөгү жылдын 7-декабрында Владимир Путин менен Жо Байден видеоконференция аркылуу сүйлөшүү жүргүздү.  Бул сүйлөшүүдөн кийин Россия коопсуздук кепилдиги камтылган сунуштарды АКШ өкүлдөрүнө берди. Путин 13-декабрь күнү Британиянын өкмөт башчысы, 14-декабрда Франция жана Финляндиянын президенттери менен телефон аркылуу сүйлөштү. Ушундай эле телефон сүйлөшүүсү 17-декабрда Рим Папасы менен жүзөгө ашырылды.

Владимир Путин 15-декабрь күнү Си Цзиньпин менен видеоконференция аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. Жолугушууда Путин, батыш мамлекеттери дипломатиялык бойкот жарыялаган Пекин кышкы олимпиадасынын ачылышына катышаарын билдирди. Россия менен Кытай батыштын кысымына бирге каршы туруу боюнча макулдашышкан. 

 20-кылымда болуп өткөн кансыз согуш Россия (СССР) менен Батыштын (НАТО) ортосундагы тирешүүнүн натыйжасында жаралган. Ушундай абал азыр да болуп жатат. Россия менен Батыш Кавказ жана Чыгыш Европа аймактарында тирешип жатышат. Бир тарапта Россия жана Кытай экинчи тарапта АКШ жана анын союздаштары глобалдык саясаттын багытын аныктоо үчүн бири-бирине каршы иш аракеттерин улантышууда. Мындай учурда дүйнөдө жаат жаат болуп бөлүнүү күчөп, жаңы кансыз согуш мезгили жаралышы ыктымал.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар