Чачтын какачташы

Шыпаа булагы-14

1744284
Чачтын какачташы

Бүгүнкү темабыз: Чачтын какачташы

Какач; баш терисинин үстүнкү катмарындагы өлүү клеткалардын бөлүктөрүнүн кургап түшүшү. Какач аялдардын да, эркектердин да чачтарында байкалган тери көйгөйү болуп саналат.

Какачты жок кылууга төмөнкү ыкмалар жардам берет;

• Чачты дайыма жууп туруу,

• Чачты дайыма тароо,

• Чачка дайыма кам көрүү,

• Узун чачтуу адамдар үчүн чачты көп байлабоо,

• Стрессти азайтуу,

• Өтө ысык сууга жуунбоо,

• Өтө муздак сууга жуунбоо,

• Чачты көп боёбоо,

• Гель, чач спрейи, көбүк сыяктуу чачка кам көрүү каражаттарын колдонууну азайтуу,

• Күн нурунан пайдалануу,

• В витамининин кошулмаларын алуу,

• Цинк-витаминин кошулмаларын алуу,

• Какачка ылайыктуу шампунь колдонуу.

Биз сунуштарыбызды төмөнкүдөй тизмектей алабыз:

1. Какачка каршы табигый эфир майларын колдонсо болот: Чай дарагынын майы, кокос майы жана зайтун майы.

• Алоэ вера:

Алоэ вера, кургак терини жумшартат жана какач көйгөйүн жок кылат. Алоэ вераны душка түшөр алдында чачыңызга массаж жасап сүйкөңүз. Массаждан кийин 10 мүнөткө күтүп андан соң чайкаңыз. Какач көйгөйү толугу менен жоюлганга чейин бул ыкманы колдонсоңуз болот. Бирок бул процессте нымдаштыруучу касиетке ээ шампунь колдонуу туура болот.

• Кокос майы

Бул май бактерия өлтүрүүчү касиеттери менен какачтын жана экземанын белгилерин азайтууга жана теринин нымдуулугун жогорулатууга жардам берет.

• Чай дарагынын майы: (tea tree oil)

Чай дарагынын майы, какачтын белгилерин азайта турган бактерия өлтүрүүчү жана сезгенүүгө каршы касиетке ээ. Бирок ырбак терилерде жарага себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан аны колдонуудан мурун кокос майы сыяктуу майлар менен суюлтуу керек.

• Лаванда майы:

Лаванда майы, баштын терисин бекемдейт жана жылмакай кылат. Лаванда майын бадам майы сыяктуу майлар менен аралаштырып колдонсо, какач көйгөйүнөн арылууга жардам берет.

• Зайтун майы:

Баш териңизге бираз зайтун майын сүйкөңүз. Анан ысык сууга нымдалган ысык сүлгүнү башыңызга ороп коюңуз. Андан кийин 40 мүнөт күтүп, бул ыкманы жума сайын кайталаңыз.

   Лимон ширеси:

Лимон ширеси, майлуу жана какачтан арылуу үчүн натыйжалуу. Бул шире чачтын рН деңгээлин тең салмактап, баштын терисинде жайгашкан грибоктордун өсүшүнө жол бербейт. Душка түшөрдүн алдында 20 мүнөт чачыңызды лимон ширеси менен суулап күтө туруңуз.

   Чалкан:

 Чалканды кургатылганын же жаңы үзүлгөнүн колдонсоңуз болот. Бир чай кашык чалканды (болжол менен төрт-беш грамм) 750 мл кайнак сууда капкагын жаап, жай отто төрт мүнөт кайнатыңыз. Муздагандан кийин чыпкалаңыз. Чачыңыз таза болсо чалкандын суусу менен жууңуз. Жарым саат күткөндөн кийин таза суу менен гана чайкап кургатасыз. Чачыңыз кир болсо, алгач шампунь же самын менен жууп алыңыз. Андан соң даярдаган чалкандын суусун чачыңызда жарым саат күттүрүңүз жана таза суу менен гана чайкап кургатыңыз. Бул ыкманын жардамы менен сиз чачыңызга жандуулук бересиз, ошондой эле какачтын алдын аласыз.

     Пробиотикалык керектөөнү көбөйтүү:

 Пробиотиктер иммундук системаны бекемдеп, какачтын пайда болушун азайтат деп болжолдонууда.

    Омега-3 алууну көбөйтүү:

Омега-3 май кислоталарынын жетишсиздиги какачты пайда кылышы мүмкүн. Лосось, форель жана скумбрия сыяктуу майлуу балыктар, эң сонун омега-3 май кислоталарынын булагы болуп саналат. Сиз ошондой эле балык майынын кошулмаларын же зыгыр уругу, чиа уруктары жана жаңгак сыяктуу омега-3-кө бай тамак-аштарды колдонууну көбөйтсөңүз болот.

   А витаминине бай азыктарды керектөө:

 Курамында А витамини бар сабиз, өрүк, боор, петрушка, картошка жана мангольд адамды какачтан алыс кармап, туура тамактанууга да жардам берет.

    Алма уксусу:

 Алма уксусунун рН деңгээли баштын терисине туура келет жана бактерия өлтүрүүчү касиетке ээ. 1 стакан сууга 1 аш кашык табигый (органикалык) алма уксусун кошуп чачтын түбүнө массаж кылыңыз. Орто эсеп менен 20 мүнөт күтүп, андан соң жылуу суу менен чайкаңыз. Ал жумасына 3 жолу колдонулат. Бул ыкма ошондой эле чачтын жылтырак көрүнүшүнө жардам берет.

Программаны даярдаган доктор Мехмет Учар.



Тектеш кабарлар