Подагра оорусу

Шыпаа булагы-12

1737191
Подагра оорусу

Бүгүнкү темабыз: Подагра оорусу

Подагра – муундарга урик кислотасы чогулуп, сезгенүүнү пайда кылган оору.

Эт азыктары жана деңиз азыктары, подагра менен ооругандардын муундарынын ооруусун күчөтүүчү негизги факторлордун бири. Пуринге бай; боор, ичеги, эт сорполору, деңиз азыктары, ошондой эле спаржа же буурчак өсүмдүктөрү (буурчак, жасмык), арпа кабыгы, түстүү капуста, шпинат жана козу карындар сыяктуу азыктарды колдонууга болбойт. Мындан тышкары, ачытылган суусундуктар да ооруну күчөткөн негизги факторлор болуп саналат.

Подагра оорусу урик кислотасынын деңгээлинин жогорулашынан келип чыккандыктан, бул ооруну жеңүүнү каалагандар урик кислотасынын деңгээлин төмөндөтүүчү тамактарды жеши керек.

Алма уксусу

Алма ширесинин уксусундагы алма кислотасы организмдеги урик кислотасын талкалайт жана подаграга абдан жакшы. Бул үчүн 1 стакан сууга 1 чай кашык алма уксусун кошуу керек.

Лимон ширеси

Лимон ширеси заара кислотасын нейтралдаштырат. Бул да урик кислотасынын денеңизден чыгарылышын камсыз кылат. Лимондун курамындагы витамин С да урик кислотасынын деңгээлин төмөндөтүүгө жардам берет. Ал үчүн күнүнө 1 стакан сууга жарымын же лимонду сыгып ичүү жетиштүү.

Алча:

Бүлдүркөн жана алча сорттору организмдеги урик кислотасын азайтып подаграга жакшы. Булардын негизинде урик кислотасы бөлүнүп чыгат жана бөлүп чыгаруу системасы аркылуу денеңизден бат чыгарылат.

Чөп суу

Чөп суусу кандын щелочтуулугун жөнгө салып, урик кислотасын жок кылат.

Жашылча ширелери

Жашылча ширесин үзгүлтүксүз жана жетиштүү өлчөмдө ичүү менен подаградан келип чыккан ооруну басаңдата аласыз.

Петрушка

Петрушка организмде ашыкча өндүрүлгөн урик кислотасынын организмден бат чыгып кетишин камсыздайт. Петрушканы салат же тамакка кошуп жеп, подагра оорусунун терс таасиринин алдын алсаңыз болот. Подаграга пайдалуу дагы бир азык лимон менен бирге петрушканы сөзсүз татып көрүшүңүз керек.

Имбирь жана куркума:

Куркуманын организмге сиңүүсү аз болгондуктан, 6-8 грамм куркума күкүмүн балга аралаштырып, күн сайын жутуу керек.

Суюктуктукетирүүчү чайлар:

Күндүз суюктукту кетирүүчү чайларды ичүү да заара кислотасынын деңгээлин төмөндөтүүгө жардам берет. Жүгөрү жибеги эч кандай терс таасирлери жок ишенимдүү суюктукту кетирүүчү каражат болуп саналат. Алтын дарагы өсүмдүгү да көп заара айдагыч катары колдонулат.

Алма, банан, пияз, алмурутту көп жеш керек.

Базилик, лаванда, розмарин жана арчанын эфир майлары:

Ал массаж жана компресс түрүндө колдонулат.

Наабай содасы:

Күнүнө бир стакан сууга бир чай кашык сода аралаштырылып ичилет. (Кан басымы бар бейтаптар колдонбошу керек).

Сельдерей аралашмасы:

Курамы: 300 - 350 грамм сельдерей жана 2,5 стакан суу.

Даярдоо ыкмасы: Сельдерей аралашмасынан бир порция даярдоону каалагандар үч ай бою жумасына үч жолу 300 – 350 граммдан сельдерей жеш керек. Сельдерейди майда туурагандан кийин 2,5 стакан суу куюп жана үстүн бекем жаап, жай отто 6 -7 мүнөт кайнатыңыз. Сельдерей жегенди жактырбагандар бул тамакты дагы 7 мүнөт кайнатып, түшкү жана кечки тамактын алдында ач карынга ширесин гана ичсе болот. Көбүнчө түшкү жана кечки тамакка жарым саат калганда ичиңиз. Эч качан туз, май же башка ушул сыяктуу заттарды кошпоңуз.

Программаны даярдаган др. Мехмет Учар.



Тектеш кабарлар