Менген жана ашпозчулук

Болунун Менген районунун «ашпозчулар өлкөсү» экендигин билесидерби?

1736344
Менген жана ашпозчулук

Болунун Менген району Осмон мамлекетинен  бери 7 континентке даярдап жиберген ашпозчулары менен дээрлик “ашпозчулардын өлкөсү”... Менген ашпозчулугунун тарыхы  Осмон империясынын сарай ашканасына негизделген.  Тамак жегенди жакшы көргөн падышалардын эң белгилүүсү 1604 -  жылы тактыга чыккан  -  Ахмеддин менгендик ашпозчуларды Топкапы сарайына алып келген биринчи падыша экендиги белгилүү.

Осмон империясынын сарайларында  башталган ашпозчулукту республика мезгилинде билим алган ашпозчулар менен уланткан, Менгенден чыккан шефтер дүйнө лидерлеринин ашканаларына чейин жайылган. Мустафа Кемал Ататүрк жана башка бардык президенттердин ашпозчусу менгендик чеберлер болгон.

Дүйнөдө биринчи 5 окуу жайдын арасында орун алган жана Түркияда ачылган алгачкы ашпозчулук окуу жайы орун алган Менгенден чыккан ашпозчулар чет элдик конокторду тосуп алууда да тандалган ашпозчулардын арасында орун алууда. Бүгүн Европа, Жакынкы Чыгыш, Америка, Африка жана ал түгүл Ыраакы Чыгышта да менгендик ашпозчулар жана алардын даамдуу тамактары менен кездешүүгө болот.



Тектеш кабарлар