Муундардын эскириши

Шыпаа булагы-11

1734255
Муундардын эскириши

Бүгүнкү темабыз: Муундардын эскириши (кальцинация)

Муундардын эскириши өтө кеңири таралган көйгөй.

Муундардын эскириши тизе жана жамбаш сыяктуу жүк көтөрүүчү муундарды тартышынын себебинен басуу жана тепкичке чыгууну кыйындатат.

1. Алоэ вера

Табигый жолдор менен дарылоодо эң көп колдонулган өсүмдүктөрдүн бири болуп саналат. Муундардагы ооруну басаңдатуу үчүн пайдалуу. Ал териге сүйкөлөт.

2. Босвеллия

Босвеллия сезгенүүгө каршы натыйжалуу. Индияда өскөн босвеллия дарагынын сагызынан алынат. Ал крем катары колдонулат.

3. Эвкалипт

Эвкалипттен жасалган каражаттарды ичип жана териге да сүйкөсө болот. Териге сүйкөлгөндөрү муундардын ревматизм оорусун дарылоодо колдонулат. Ал ооруну басаңдатуучу катары иштейт жана шишикти азайтат.

4. Чынар жалбырагы

Чынар жалбырагы терең үзүлүп, жетилген болушу керек. Июль айынын аяк чени чынар жалбырактарын жыйноого ылайыктуу мезгил.

Чынар жалбырагынан жасалган каражаттын даярдалышы:

Эки чоң чынар жалбырагын (жетилген жалбырак болушу керек - жашыл же кургатылган чынар жалбырактары да болот) муздак сууга жууп, майдалап кесип 1 стакан сууну кайнаткандан кийин жалбырагын кошуп 1 мүнөт демдеңиз.

Муздаган соң кечки тамактын алдында жана кечинде жатар алдында ичилет. Эки суусундуктун ортосунда кеминде 3 саат айырма болушу керек. Бул дарылоо ыкмасы 30 күн тыныгуусуз уланат. Бирок бул аралашманы биринчи жумада күн сайын ичип, экинчи жумада болсо эки күн ичип бир күн тыныгуу берилиши керек. Үчүнчү жумада да үч күн ичип бир күн тыныгуу берилет, төртүнчү жана акыркы жумада төрт күн ичип бир күн тыныгуу берилет. Ушундайча бир ай аяктайт. Дары ар колдонулган сайын жаңы даярдалышы керек.

Дарылоо мезгилинде сүт жана сүт азыктарын керектөө үчүн кам көрүлөт, кыска сейилдөөлөр ишке ашырылып, тамак-аш программасына көңүл бурулат.

Жерге түшүп, топуракка тийген чынар жалбырактары колдонулбашы керек. Жалбырактарды бутактан чогултуу зарыл.

5. Имбирь

Күн сайын имбирь чайын үзгүлтүксүз ичүү менен кальцинация шишигинен арылса болот.

6. Көк чай

Көк чай организмдеги иммундук системанын ашыкча активдешүүсүн азайтат. Муну чай же таблетка түрүндө колдонсо болот. Муундардын эскиришине байланыштуу муундардын оорушунда көк чайдын пайдасы белгилүү.

7. Куркума

Куркуманын ичиндеги активдүү зат куркумин муундардын оорушун азайтуу үчүн таблетка же капсула түрүндө колдонулса болот.

8. Өсүмдүк майлары:

Өсүмдүк майларын муун сөөктөрүндөгү, өзгөчө тизе муундарындагы кальцификацияга каршы колдонсо болот.

• Бир аш кашык кара зире майы.

• Жарым чай стакан зайтун майы.

• 2 чай кашык розмарин майы.

• 1 чай кашык лимон майы.

• 1 чай кашык тимьян майы; буларды аралаштырып, ооруган жерге массаж жасоого болот. Андан кийин стреч менен ороп, 1-2 саат күтүү керек.

9. Кырк муун:

Кальцинацияга каршы эффективдүү чөп болгон кырк муун чайын ичүү да башка бир альтернатива болуп саналат. Чөп чай сыяктуу демделген чөптөрдү бал менен аралаштырып ичсе болот.

10. Картошка ширеси:

Кальцификацияны дарылоонун табигый ыкмаларынын бири - картошка ширесин колдонуу. Изилдөөлөргө ылайык, картошка ширеси кальцинациядан пайда болгон ооруну басаңдатуучу касиетке ээ.

Картошканы кабыгын арчыбай жука тилимдерге кесебиз. Чоң идиштин ичине суу куюлуп, тилимдер идишке салынат. Бул сууну түнү бою кармап, эртең менен ач карын ичилет.

11. Ананас ширеси:

Ананастын жаңы сыгылган ширеси кальцинацияга жакшы. Ананас ширеси кальцинациядан пайда болгон шишиктерди басат.

12. Күнжүт :

Кальцификацияны дарылоодо бир стакан сууга бир чай кашык күнжүт салынат жана бул суу эртең менен ач карын ичилет. Күнжүттөн жасалган бул суу кальцинациядан пайда болгон ооруну басат.

13. Ашыкча салмактуулук менен күрөшүү:

Кальцификацияны дарылоо учурунда адам ашыкча салмактан арылуусу керек. Бул деформацияланган муундар үчүн маанилүү.

14. Кыймыл-аракет:

Кальцификацияны дарылоодо көп кыймылдоо да маанилүү. Күнүмдүк сейилдөө жана көнүгүү дарылык жана чөп менен дарылоодон тышкары адамдын ден соолугун чыңдайт.

15. Курорттук дарылоо:

Бул кальцинация көйгөйлөрү бар бейтаптар үчүн эң эффективдүү чечимдердин бири.

16. Көпкө турбоо: Эгерде жамбашта кальцинация бар болсо, дайыма туруп турууга болбойт.

Программаны даярдаган доктор Мехмет Учар.



Тектеш кабарлар