Ирактын премьер  - министрине кол салуу болду

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1734270
Ирактын премьер  - министрине кол салуу болду

  Ирактын премьер  - министри Мустафа ел  -  Казыминин резиденциясына куралдуу учкучсуз аба аппараты менен кол салуу болду. Коопсуздук булактарынан алынган билдирүүгө караганда; Багдаддын жашыл зонасында жайгашкан резиденция 3 дрон менен бутага алынган. Резиденция катуу жабыркап, премьер-министр Казими аман-эсен кутулду. Бул кол салуу Иранга жакын куралдуу күчтөрдүн премьер - министрди коркутуусунан кийин болуп,  көздөр ыктымалдуу ички кагылышууга бурулду.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

  Шайлоодон кийин Иракта саясий хаос жана туруксуздук акырындык менен күчөп, өзгөчө шайлоодо жеңилген Иран колдогон шиит куралдуу күчтөр аскердик күчтөрүн колдоно баштагандай көрүнүүдө. Мунун акыркы алкагы Ирактын премьер  - министри Мустафа ел  - Казыминин  резиденциясынын дрондор менен бутага алынышы болду.

Ирактык  коопсуздук жетекчилери менен куралдуу  топторго жакын булактар премьер  - министр Мустафа Казыминин резиденциясына дрондор менен жасалган кол салуунун Иран колдогон куралдуу топтор тарабынан ишке ашырылгандыгын айтышты. Эл аралык маалымат каражаттарына аты аталбоо шарты менен маалымат берген булактар кол салууда колдонулган дрондордун жана жардыруучу заттардын Иранда жасалганын билдиришти.

Казымиге жасалган кол салууга дүйнө каршылык көрсөттү. Түркия жана башка бир топ өлкө айыптоо жарыялап, БУУнун Коопсуздук Кеңшинин 15 мүчөсү да пресс  - жыйындарында Казыминин үйүнүн дрондор менен бутага алынышын катуу айыптап, кол салгандардын камакка алынып  жоопко тартылышы керектигин билдиришти. Өткөрүлгөн пресс  - жыйында бардык өлкөлөр Ирак өкмөтү менен кызматташуу түзүүгө чакыруу салды.

АКШ Ирактан чыгып жатканда пайда болгон күч боштугун Иран толтурууга аракет кылып, ирактык улутчул түзүмдөр  Муктеда ес Садр кыймылы башта болгон Ирандын бул басып алуучулугуна бөгөт коюга аракет кылды.

  Шайлоодо да Садыр түзгөн коалициянын жеңип чыгышын, сунниттердин жогорку добуш алышын Иранга жакын Хашди Шааби элементтери сиңире албай жаткандай көрүнүүдө. Саясатта түшкөн бул абалдын ордун толтуруу үчүн колундагы курал -жарактарды пайдаланышууда. Өзгөчө Багдадда көптөгөн пункттарда орун алган бул түзүлүштөр Казими менен Ирак армиясын коркутууда. Иракта, Иранда да бийлик үчүн олуттуу күрөш жүрүп жатат. Өлкөдө тез арада жаңы саясий бийлик түзүлүп, борбордук армиянын Хашда менен байланышы бар куралдуу күчтөрдү куралсыздандыруу керек. Болбосо, чыр - чатактар ​​дагы да күч алып атүгүл жарандык согушка айланып кетиши мүмкүн.



Тектеш кабарлар