Грибок оорусу

Шыпаа булагы-10

1731271
Грибок оорусу
mantar hastalığı.jpg

Бүгүнкү темабыз: Грибок оорусун (Теринин кычыткысын) табигый жолдор менен дарылоонун натыйжалуу ыкмалары.

1. Сарымсак

Сарымсак грибок микробун өлүтүрүүчү таасирге ээ.

Колдонуу:

Грибок оорусуна каршы 2 же 3 тиш чийки сарымсакты күн сайын салатка же тамакка кошуп койсо болот. Чийки сарымсакты туурап, айранга кошуп да жесе болот.

Сарымсакты териге түздөн-түз сүйкөө жараны пайда кылышы мүмкүн. Анын ордуна майдаланган сарымсакты зайтун же кокос майы менен аралаштырыңыз. Кебезди аралашмага малып, кычыткыга жука катмар түрүндө сүйкөңүз. 2 саат күтүп, андан соң жууп салыңыз. Айыкканга чейин күнүнө 2 жолу колдонулат.

2. Куркума

Куркумадагы куркумин заты грибокко каршы таасирдүү.

Кантип колдонуу керек: Куркуманы түздөн-түз колдонуу грибок инфекцияларына натыйжалуу болот.

Өзгөчө кол жана буттагы грибокторго каршы колдонулган куркума өсүмдүгү порошок түрүндө алынып, сууга аралаштырылат. Камыр сыяктуу коюу болгондо бул аралашма кычыткыга крем сыяктуу сүйкөлөт. Андан соң орто эсеп менен он беш мүнөттөн кийин жууп жакшылап кургатыңыз. Аны күн сайын кайталаса болот.

Кокос майы менен да аралаштырып, кычыткыга сүйкөсө натыйжалуу.

Эскертүү: Куркуманы сүйкөгөндө териңиз саргайып калышы мүмкүн, бирок кабатыр болбоңуз анткени ал бир нече күндүн ичинде жок болот.

3. Жашылчалар

Эгерде грибок оорусу бар болсо анда сабиз, редиска, кызылча, картошка жана таттуу картошка сыяктуу крахмалдын курамы жогору болгон жашылчалардан баш тартуу керек.

Бул азыктардын ордуна брокколи, түстүү капуста жана спаржа сыяктуу крахмалы азыраак болгон органикалык жашылчаларга артыкчылык берүү зарыл. Эгерде кант өтө көп керектелсе, грибоктун пайда болушун тездетет.

4. Алма уксусу

Алма уксусу грибоктун кычышуусун кетирүүгө жардам берет.

Кантип колдонуу керек: Кебезди алма уксусуна малып, ооруган жерге сүйкөйсүз. Бул ыкма күнүнө 3 жолу кайталанат.

5. Ачытылган сүт азыктары

Сүт кислотасы бактериялары менен ачытылган сүт азыктары пробиотиктердин абдан жакшы булагы болуп саналат. Айран, йогурт, сыр, кефир сыяктуу сүт азыктары пайдалуу микробдордун санын көбөйтүү менен организмди грибок оорусуна каршы колдойт.

6. Ним дарагынын жалбырагы

Ним дарагынын жалбырактарынын экстракты териден маанилүү оору козгогуч микробдорду жана теринин кычыткысын жок кыла алат.

Кантип колдонуу керек: Ним жалбырактары бир нече мүнөт кайнатылат. Муздагандан кийин жабыркаган жерге сүйкөлөт.

7. Зыгыр жана чиа

Зыгыр жана чиа пробиотиктердин өсүшүн колдоп, грибок оорусуна каршы организмге туруштук берет. Зыгыр жана чианы салаттарга же айранга кошуп жесе болот.

8. Кокос майы

Кокос майы жеңил жана орто даражадагы тери кычыткысына натыйжалуу каражат болушу мүмкүн.

Кантип колдонуу керек: Кокос майын кычыткыга күнүнө 3 жолу сүйкөңүз. Кычыткы жок кылынгандан кийин да кокос майын бир нече жума бою сүйкөө жана нымдагыч катары колдонуу келечектеги грибоктук инфекциялардын алдын алуунун натыйжалуу жолу болушу мүмкүн.

9. Тимьян майы

Тимьян майы грибоктун өсүшүн токтото алат.

Кантип колдонсо болот: Тимьян майын кычыткыга сүйкөңүз. Ал күнүнө 3 жолу колдонулат.

10. Чай дарагынын майы

Чай дарагынын майы бүгүнкү күндө грибокту дарылоодо кеңири колдонулган эфир майы болуп саналат.

Кантип колдонуу керек: 2% суюлтулган чай дарагынын майын кокос майы менен аралаштырыңыз. Кычыткыга күнүнө 3 жолу сүйкөңүз.

11. Кычы майы:

Бир кашык кычы майын ооруган жерге сүйкөп, жарым саатка жакын күтүңүз. Күтүү убактысы бүткөндө бул майдын калдыктары душка түшүү менен тазаланат. Бул процессте натыйжалуу жыйынтык алуу үчүн бир же эки жума бою улантуу абдан маанилүү. Кычыны күкүм түрүндө да алып бираз суу менен аралаштырып кычыткыга укалоо менен сүйкөп анан кургагыча күтсөңүз болот. Кургагандан кийин жууп салыңыз.

12. Папайя өсүмдүгү:

Жетилген папайя өсүмдүгүнүн бир бөлүгүн кесип кычыткыга сүйкөңүз. Ал кычыткыга оң таасирин тийгизип кычышууну басат.

Программаны даярдаган Мехмет Учар.



Тектеш кабарлар