Ооганстан маселесине байланыштуу соңку окуялар

Евразия күндеми-43

1725989
Ооганстан маселесине байланыштуу соңку окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Ооганстан маселесине байланыштуу соңку окуялар тууралуу кеп салабыз.

Ооганстан боюнча «Москва форматындагы» жыйын үстүбүздөгү жылдын 20-октябрь күнү Москвада болуп өттү. Жыйынга региондогу 10 мамлекеттин, тагыраак айтканда Орусия, Кытай, Пакистан, Иран, Индия, Казахстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү менен Премьер-министрдин орун басары Абдул Салам Ханефи баштаган Талибан делегациясы катышып, ар тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Орусиянын президентинин Ооганстан боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Замир Кабулов жыйында Талибан кыймылынын расмий таанылышы маселесин талкуулашканын билдирди. Кабулов, Ооганстандагы  гуманитардык кризистин алдын алуу боюнча эл аралык коомчулуктун бирдей пикирде экендигин белгиледи. Замир Кабулов өз сөзүндө, АКШнын Ооганстан боюнча жаӊы шайланган ыйгарым укуктуу өкүлү Томас Весттин ноябрь айында Москвага келе тургандыгын кошумчалады.

Талибан делегациясы Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен да жолугушту. Лавров жолугушууда Ооганстандагы бардык саясий күчтөрдү камтыган өкмөт куруу сунушун кайталады.

Ошол эле күнү Душанбеде Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Ооганстандагы абал боюнча жыйынга катышышты. Жыйында терроризмге каршы күрөш, аймактык коопсуздук маселелери талкууланды. Жакында ушул сымал дагы бир жыйындын Иранда өтө тургандыгы кабарланды.

Орусиянын президенти Владимир Путин үстүбүздөгү жылдын 21-октябрында Валдай клубунун форумунда Талибанды эл аралык террор уюмдары тизмесинен чыгаруу маселесинин оӊ жакка чечилүү ыктымалын билдирди. Путин сентябрь айында Шанхай Кызматташтык Уюмунун Ооганстан байланыш группасынын ишин жандантууну сунуш кылган болчу. Талибан да ошол убакта эл аралык санкциялардын алып салынышы боюнча Орусиядан жардам сурап кайрылган.

Тажикстанда үстүбүздөгү жылдын 22-23-октябрь күндөрү Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин биргелешкен аскердик машыгуусу болуп өттү. Тажикстандын президенти Имомали Рахмон сентябрь айынын аягында Ооганстан менен чектеш Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусуна барып, аскердик парад уюштурган эле. 25-сентябрда Талибан Тажикстанга чектеш аймакка өз жоокерлерин жибергенин жарыялаганы маалым.

Үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрында «Ислам эмиратын» курганын жарыялаган Талибан кыймылы эл аралык аренага өзүн кабыл алдыруу үчүн  аракет жумшап жатат. Бирок азырынча эч бир мамлекет Талибан кыймылын расмий тааный элек. Ушундан улам Талибандын Евразия аймагындагы мамлекеттер менен байланышы маанилүү болуп турат.

Аймактагы мамлекеттерден Түркмөнстан менен Өзбекстан чек араларын ачып, Ооганстанга электр энергиясы, мунай зат жана ошондой эле ар кыл керектүү товарлардын жиберилишине уруксат берген. Өзбекстандын тышкы иштер министри жана Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Кабулга барып, Талибан өкүлдөрү менен жолугушушкан. Түркмөнстан бийлиги мындан мурда Талибан кыймылынын өкүлдөрү менен Ашкабатта бир нече ирет жолугушуу өткөргөн. Казакстандын президенти Ооганстанга жардам чогултуу боюнча уюштурула турган эл аралык борборго жер берүүгө даяр экендигин билдирген.

Путин Талибанды эл аралык террористтер тизмесинен чыгаруу ыктымалын жөн жерден айткан жок. Бул нерсе Орусия баштаган кээ   бир мамлекеттер Талибанды таанышы ыктымал экенинен кабар берет. Орусия Талибан кыймылынын үстүнөн саясий упай топтоп жатат. Орто Азия мамлекеттери болсо Ооганстандагы абалдын дагы да начарлап кетпеши үчүн  аракет кылып жатышат.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 



Тектеш кабарлар