Түштүк Кавказдагы соңку абал

Евразия күндеми-42

1723334
Түштүк Кавказдагы соңку абал

Ардактуу угармандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түштүк Кавказдагы соңку абал тууралуу кеп салабыз.

 44 күнгө созулган жана Азербайжан жеӊишке жеткен Карабах согушунун аяктаганына бир жыл болду. Түштүк Кавказдагы көйгөйлөр болсо толугу менен чечиле элек. Бирок акыркы күндөрдө кээ бир маанилүү жолугушуулардын өткөрүлүп жаткандыгын байкоого болот. Алгач окуяларга көз чаптыралы.

Үстүбүздөгү жылдын 12-октябрь күнү Россиянын Президенти Владимир Путин Армениянын Өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Москвада бул жылдын эсебинен төртүнчү жолугушуусун өткөрдү. Жолугушууда негизинен Карабахтагы абал талкууланды.

Индиянын Тышкы иштер министри Субрахманям Жайшанкар 12-октябрда Арменияда иш сапары менен болду. Жайшанкар Арменияга иш сапары менен келген алгачкы Индия Тышкы иштер министри болуп саналат. Индиянын Тышкы иштер министри Армениянын Өкмөт башчысы, Тышкы иштер министри жана Парламенттин спикери менен жолугушту. Армениянын Тышкы иштер министри Арарат Мирзоян индиялык кесиптеши менен чогуу өткөргөн басма сөз жыйынында эки өлкө коргонуу тармагындагы мамилелерин жаӊы баскычка чыгара тургандыгын билдирди. Жолугушууларда Эл аралык түндүк-түштүк транспорт коридору боюнча кызматташуу маселеси да талкууланды.

13-октябрь күнү Москвада Россия, Армения жана Азербайжандын диний лидерлери биргелешкен жыйын өткөрүштү. Жыйында алар Түштүк Кавказдын калкын жек көрүүдөн алыс болууга жана тынчтыкка үндөштү.

14-октябрда Минск шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында Россия, Азербайжан жана Армениянын тышкы иштер министрлери жолугушушту. Тышкы иштер министрлери Карабах маселесин талкуулашты.

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрь күнү болуп өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин саммитинде Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армения менен чек араны тактоого жана тынчтык келишимин талкуулоого даяр экенин жарыялады. Армениянын Өкмөт башчысы Никол Пашинян да жыйында Минск тобунун алкагында Азербайжан менен тынчтык келишимин талкуулоого даяр экендигин билдирди. Пашинян колго түшкөн армян жоокерлеринин ордуна мина коюлган жерлердин бардык карталарын берүүгө даяр экенин билдирди. Армениянын Өкмөт башчысы Бакуда 44 күнгө созулган согушка тиешелүү буюм-тайымдардын арасынан армян жоокерлеринин манекендеринин алынып салынгандыгын позитивдүү окуя катары баалады. Пашинян Түштүк Кавказдагы бардык транспорт коридорлорунун ачылышы боюнча үч тараптын делегацияларынын иштеп жатышканын айтып өттү.

Үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрында Нью-Йоркто Армения менен Азербайжандын Тышкы иштер министрлери 2020-жылдын ноябрь айынан кийинки мезгилдин эсебинен биринчи жолу жолугушушкан эле. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын биринчи жарымында дипломатиялык жолугушуулардын көбөйгөнүнө күбө болуудабыз. Армениянын өкмөт башчысынын Зенгезур коридорунун ачылышына макулдугун бергени өтө маанилүү. Демек, Кавказ аймагындагы өлкөлөр өз маселелерин өз күчү менен чечүү ниетинде. Аймактын учурдагы маселелери чечилгенден кийин Түштүк Кавказдагы Чыгыш-Батыш транспорт коридоруна альтернатива катары Түштүк-Түндүк транспорт коридорун жаратуу күн тартибине алынышы ыктымал. Бул акыркы окуялар региондун стабилдүүлүгү жана өнүгүшү үчүн маанилүү десек жаӊылышпайбыз.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар