Өнөкөт простатит

Шыпаа булагы-7

1722059
Өнөкөт простатит

Бүгүнкү темабыз: Өнөкөт простатит (простатанын сезгенүүсү)

Простата безиндеги инфекциядан же сезгендирүүчү факторлордон келип чыккан оору болгон өнөкөт простатит; тез-тез заара кылуу, кыйын жана кан аралаш заара кылуу, оору жана ачышуу сыяктуу белгилерди пайда кылат.

Ар бир 10 кишинин төртүндө кездешүүчү бул дарт эркектердин жашоо сапатын абдан төмөндөтөт. Жеке жашоого жана психологияга терс таасирин тийгизип кайра кайталанышы мүмкүн болгон оору.

Өнөкөт простатитти табигый жолдор менен дарылоо сунуштарыбызды төмөндөгүдөй тизмектей алабыз:

Эгерде сиздин дартыңыз болжол менен 1-2 жылдан бери уланып келе жаткан болсо, үй шартында даярдай турган кээ бир ыкмалар ооруңузду азайтышы мүмкүн. Мисалы;

1.  1 литр суу кайнатылат жана ага болжол менен 250 грамм брокколи кошулат. Жай отто брокколи 5 мүнөт кайнатылып андан кийин суусу муздатылат. Муздаган соң чыпкалоо жолу менен алынган суу үчкө бөлүнүп, эртең менен, түштө жана кечинде ач карынга ичилет. Брокколи ширесин ичкенден кийин 20 мүнөттөй суудан тышкары эч бир тамакты жебей туруш керек. Сууга кайнатылган брокколи болсо тамакта же салат катары да колдонулса болот.

Ушул табигый дарылоо ыкмасы бир жума тыныгуусуз колдонулат. Колдонуу үч күндүк тыныгуудан кийин кайра башталат. Жалпысынан 21 күн бою 7 күн үзгүлтүксүз ичүү жана үч күн тыныгуу алуу менен уланат. Бул ыкма аяктагандан кийин оору азайышы мүмкүн.

Бирок эгерде оорунун белгилери кайра пайда боло баштаса, анда брокколи менен дарылоону 15 күнгө колдонуу керек.

2. Өнөкөт простатит оорусун табигый жол менен дарылоодо 1 орто пиязды арчып кескенден кийин бир тилим нан менен чогуу жеш керек. Бул оорудан пайда болгон сезгенүүнү басаңдатып, ооруну жеңилдетет.

3. Кечинде уктаар алдында бир литр сууга кабыгы арчылган эки даана пияз салынып, эртең менен ач карынга бир стакан ичилет.

4. Күн сайын үзгүлтүксүз бир ууч чийки ашкабактын данегин жеп туруу сунушталат. Же болбосо ашкабактын данегин (500 гр) робот менен майдалап суюк балга (200 гр) аралаштырса болот. Бул аралашмадан күнүгө эртең менен бир чай кашык жеп туруш керек.

5. Кичинекей жалбырактуу петрушканын 8-10 сабагын кайнатып күнүнө үч маал ичиңиз.

6. Куркуманын күкүмүн үзгүлтүксүз колдонуу абдан эффективдүү. Салатка, шорпого, айранга бир чай кашык кошуп ичсе болот.

7. Сабиз ширеси менен шпинаттын ширеси простатитте абдан пайдалуу.

8. Эхинацея-организмге инфекция менен күрөшүүгө жардам бере турган эң сонун иммунду күчтөндүрүүчү касиетке ээ.

9. С витамини - антиоксидант витамин болуп эсептелет. Сезгенүүгө каршы иммунитетти көтөрөт. Ошондой эле заараны кислоталуу кылат, ушундайча бактериялар оңой өсө албайт. Күнүнө эки жолу болжол менен 500 мг алынат.

10. Сезгенүүгө каршы касиетке ээ болгон май кислоталарын камтыган зыгыр күкүмүн айран менен аралаштырып ичүү сунушталат.

• Ошондой эле суюктукту көп ичүү керек. Күнүнө жок дегенде 6-8 стакан суу ичкиле.

• Курамында кофеин (чай, кофе жана кола) бар газдалган суусундуктарды, жасалма таттууларды колдонууга болбойт, анткени алар табарсыкты сезгентип, кээ бир сийдик көйгөйлөрүн ого бетер күчөтүшү мүмкүн.

• Ачуу тамактар да ооруну күчөткөндүктөн колдонулбашы керек.

• Велосипед тебүү сыяктуу күч келтирген кыймылдардан алыс болуу зарыл. Алар симптомдорду начарлатышы мүмкүн. Эгерде велосипед тебүүнү улантууну кааласаңыз, гелден жасалган атайын отургучту колдонуп көрсөңүз болот.

• Ич катуу простата безин сезгентип, ооруну күчөтөт. Булалуу азыктарды колдонуу керек.

• Булардан тышкары, үзгүлтүксүз көнүгүү жана уйку дагы маанилүү.

Программаны даярдаган доктор Мехмет Учар. 

 



Тектеш кабарлар