Түркмөнстандын президентинин ϴзбекстанга иш сапары

Евразия күндеми-41

1719006
Түркмөнстандын президентинин ϴзбекстанга иш сапары

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухамедовдун ϴзбекстанга иш сапары тууралуу кеп салабыз.

Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухамедов үстүбүздөгү жылдын 4-5-октябрь күндѳрүндө ϴзбекстанга расмий иш сапарын жасады. Бердимухамедовду Ташкенттеги “Ислам Каримов” атындагы аэропортто Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өзү тосуп алды.

5-октябрь күнү президенттер тар жана кеӊейтилген форматта сүйлѳшүү жүргүзүштү. Сүйлөшүүлөрдөн кийин эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин ар кыл тармактарын камтыган 23 келишимге кол коюлду.

Иш сапарынын алкагында 4-октябрда Ташкент шаарында эки өлкөнүн Премьер-министрлеринин катышуусу менен Өзбек-түркмөн ишкерлер форуму болду. Форумда эки мамлекеттин мекеме-ишканаларынын ортосунда 13 келишимге кол коюлду.

Бердимухамедовдун иш сапарына чейин түркмөн делегациялары Өзбекстанга келип кетишкен эле. 13-сентябрь күнү Ташкент шаарында алгачкы жолу Өзбекстан-Түркмөнстан өкмөттөр аралык суу маселелери комиссиясынын жыйыны өткөрүлгөн. Суу маселеси региондун маанилүү көйгөйлөрүнүн бири болуп эсептелгендиктен мындай жыйындардын уюштурулуп жатканы алкоого татыйт.

Мындан сырткары 14-сентябрь күнү Өзбекстан-Түркмөнстан өкмөттөр аралык комиссиясынын 16-жыйыны жемиштүү жыйынтыкталган. Эки мамлекет ортосундагы соода кѳлѳмү 2017-жылы 177 миллион доллар болгон болсо, 2020-жылы 527 миллион долларга көтөрүлгөн. Өзбекстан менен Түркмөнстан жалпы соода кѳлѳмүн жакынкы жылдарда 1 миллиард долларга чыгарууну көздөп жатышат.

Өзбекстан менен Түркмөнстан “эки тарапка тең пайда алып келүү” принцибин кармануу аркылуу эл аралык базардан дагы көбүрөөк үлүш алуу үчүн кызматташтыкты жаӊы баскычка чыгарууга аракет кылып жатышат. Мындан ары Өзбекстан батышка, Түркмөнстан болсо чыгышка бири-биринин мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалануу аркылуу оӊой жетишет. Эки өлкөнүн башчылары автомобиль, деӊиз жана темир жолу байланышында бири-бирине жеӊилдиктер беришээрин билдиришти.

Ташкенттеги жолугушууда чек арадан өтүү учурунда жарандарга жеӊилдиктер каралганы айтылды. Бул нерсе соода мамилелерине, деги эле эки өлкөнүн бардык тармактарындагы кызматташтыгынын өнүгүшүнө салым кошот. Чек ара аймактарында соода үйлөрүн ачуу, облустар ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн Хивада Өзбек-түркмөн регионалдык форумун өткөрүү чечимдеринин кабыл алынышы Бердимухамедовдун иш сапарынын конкреттүү жыйындыктарынын айрымдары болуп саналат. Лидерлер эки өлкөнүн кошуна облустарынын ортосундагы карым-катнаштын, зыяраттардын арттырылышы боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө буйрук беришти.

Өнөр-жай тармагында товар чыгара турган биргелешкен ишканалардын ачылышы боюнча макулдашууга жетишилди. Бул макулдашуу да Бердимухамедовдун Ташкентке жасаган иш сапарынын эң маанилүү жыйынтыктарынын бири болуп калды.

Президенттер Орто Азия аймагынын маселелери боюнча биргеликте иш алып барып жатышканын жарыялашты. Аймактын маселелери боюнча макулдашууга жетишүү Орто Азия мамлекеттери ортосундагы интеграцияны ылдамдатканга салым кошот.

Тажикстандан айырмаланып Өзбекстан менен Түркмөнстан Афганистандын жаңы өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Өзбекстан менен Түркмөнстандын Афганистанда ири инвестициялары бар. Транспорт, энергетика тармактарындагы бул инвестициялар аркылуу Өзбекстан менен Түркмөнстан Түштүк Азия аймагына чыгууну максат кылууда. Ташкенттеги жолугушууда Мирзиёев менен Бердимухамедов Афганистанга жардам берүүнү улантышаарын билдиришти.

Жыйынтыктай турган болсок, Президент Гурбангули Бердимухамедовдун Өзбекстанга иш сапары жемиштүү өттү. Иш сапарда эки тараптуу кызматташтыкты жаӊы баскычка көтөрө турган кадамдар ташталды.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар