Буларды билесиздерби?
Газиантепте 3000 жыл мурункуга таандык бир айкел устаканасынын бар экенин билесиздерби?

Түркиянын Түштүк - Чыгыш Анадолу аймагындагы Газиантепте Йесемек ачык асман музейи жана айкел устаканасы болжол менен мындан 3000 жыл мурун Хетты империясы мезгилинде ачылып, Жакынкы Чыгыштын эң чоң таш карьерасы жана айкел жасоо устаканасы болгон. 1890 - жылы ачылган аянт жакынкы учурда Газиантеп музей директорлугу жашылдандыргандан кийин ачык асман музейи болду. Жүздөгөн айкел эсксиздери жер астынан чыгарылып, Йесемек ачык асман музейинде көргөзмөгө коюлган. Айкел эскиздеринин көпчүлүгүн каалгада турган арстандар түзөт. Тонналаган салмактагы 518 айкел көргөзмөгө коюлган ачык асман музейинде сфинкс, эшик арстандары, отурган арстандар, канаттуу арстандар, Тоо кудайы рельефтери, согуш сахнасынын рельефтери жана архитектуралык бөлүктөрү орун алган.
ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын убактылуу тизмесине кирген жана жыл сайын дүйнөнүн булуң - бурчунан келген конокторду кабыл алган Йесемек ачык асман музейи жана айкел устаканасына пандемияга карабастан 2021 - жылы болжол менен 15 000 турист келген.