Баш оорулары

Шыпаа булагы-6

1718493
Баш оорулары

Бүгүн биз баш ооруларына табигый сунуштарды айтып беребиз.

Ден соолук көйгөйү катары көп кездешкен баш оорусу адамдардын күнүмдүк жашоосуна терс таасирин тийгизет. Түрүнө жараша айырмаланган баш оорусу бир нече саатка же бир нече күнгө созулушу мүмкүн.

Биздин табигый сунуштар болсо төмөнкүчө:

1. Лаванда эфир майы:

Бул түз жыттоо, диффузорго 2 тамчы коюп бөлмөнү желдетүү, кагаз майлыкка эки тамчы тамчылатып жыттоо түрүндө колдонулат.

2. Жалбыз мента пиперита эфир майы:

Мента пиперита эфир майынын сергитүүчү таасиринен улам, жогорку кан басымы жана тынчсызданууга байланыштуу баш ооруну басаңдатуучу табигый дарылоо ыкмасы катары колдонулат.

3. Райхон эфир майы:

Райхон эфир майы булчуң релаксанты катары эффективдүү. Баш ооруларына жана алсыз булчуңдарга да натыйжалуу.

4. Зыгыр үрөнү:

Зыгыр үрөнү да омега 3кө бай жана баш ооруну басаңдатуучу таасирге ээ.

5. Түрк кофеси жана чайы:

Кофе менен чайды да баш оорусун жеңилдетүү үчүн колдонсо болот. Кофедеги кофеин баш ооруну басаңдата алат. Бир чыны түрк кофеси же чайын ичүү ооруну басаңдатуучу таасиринен улам алгачкы этапта абдан натыйжалуу. Бирок аны өтө көп колдонууга болбойт.

6. Белгилүү точкаларга манжанын басымы:

• Бармак менен сөөмөйдүн ортосундагы чекитке берки кол менен басканда, бул баш ооруну басаңдатууга жардам берет.

• Каштын ортосундагы чекитте жайгашкан акупунктуралык точканы басканда стресс жана чарчоодон улам келип чыккан баш ооруну жеңилдетет.

• Мурун менен көз алмасынын ортосундагы чекит мурун көпүрөсүнүн жана көз алмасынын үстүндө, кашыңыздын астында жайгашкан. Стресстен же сууктан улам болгон баш ооруну басаңдатуу үчүн сөөмөй манжалары аркылуу бул жерди басса болот.

7. Ысык душ:

Эгерде баш оору сасык тумоого же синуситке байланыштуу болсо бул жылуу аба, мурун жолдорун да ачуу таасирине ээ болот.

8. Чекеге же чыкыйга муз коюу:

Чекеге жана чыкыйга нымдуу сүлгү коюу же муз пакети менен муздак компресстерди колдонуу ооруну жеңилдетет. Чекеге жана чыкыйга муздак басып жатканда баштын оорусунан тез арылуу үчүн далыңыздын артына ысык компресс жасоо керек. Колдонмо натыйжалуу болушу үчүн кайталанышы зарыл.

9. Суусуз калбоо керек:

Баш оорунун себептеринин бири да суусуздук. Ошондуктан баш оору башталаар замат суу ичүүнү улантуу керек. Эгерде башыңыз ооруп жатса анда өтө муздак суу ичүүдөн сак болуңуз.

10. Баштын артына, моюн жана ийиндерге массаж:

Бул ыкма баш ооруну басуу үчүн колдонулса болот.

11. Дем алуу көнүгүүлөрү:

Кээде туура дем алуу да дарылоонун ордун алат. Терең дем алып эс алуу, денедеги чыңалууну азайып баш ооруну бир нече мүнөттө жеңилдетет.

12. Караңгы жана тынч жерде эс алуу:

Жок дегенде 30 мүнөт салкын, караңгы жана тынч жерде эс алып дем алууңузга көңүл бурсаңыз башыңыздын оорушун жеңилдетет.

13. Алма уксусу:

1 стакан ысык сууга 1 чай кашык алма уксусун кошуңуз. Аны жакшылап аралаштырыңыз. Андан соң акырындык менен ичиңиз.

14. Лимон ширеси:

Бир стакан ысык сууга жарым лимонду сыгып, аралаштырыңыз. Андан кийин ичиңиз.

15. Гвоздика:

Өтө ачык чайга 9-10 даана кургатылган гвоздика салынат жана ал шекерсиз ичилет.

16. Розмари чайы:

Шакый үчүн бир стакан сууну кайнатып, ага бир чай кашык розмаринди кошуңуз. 9-10 мүнөт жай отто демделет. Демделгенден кийин чыпкалап, тамактангандан кийин ичиңиз. Бул дарылоо 21 күн бою күнүнө эки жолу колдонулат.

17. Көк чай:

Көк чай - бул кластердик баш ооруларына эң негизги сунуштардын бири. Баш оору пайда болгондо көк чай ичүү сунушталат.

18. Липа:

Липа чайы да кластердик баш ооруларга сунушталат.

19. Ромашка чайы:

Ромашка чайынын тынчтандыруучу таасиринин негизинде кластердик баш оору басаңдайт.

Программаны даярдаган др. Мехмет Учар. 



Тектеш кабарлар