Аз кандуулук

Шыпаа булагы-5

1718484
Аз кандуулук

Бүгүн биз темирдин жетишсиздигинен келип чыккан аз кандуулук, башкача айтканда темир жетишсиздигинин анемиясы жөнүндө кеп салабыз жана айрым сунуштарды беребиз.

Темирдин жетишсиздигинен келип чыккан аз кандуулукка (анемия) табигый сунуштар.

Темир камтылган азыктар жетиштүү өлчөмдө алынбаса денеде темирдин жетишсиздиги пайда болот жана бул анемия сыяктуу ооруларды алып келет.

• Организм жаныбарлардан алынган азыктардагы темирди эң жакшы сиңирет. Жаныбарлардан алынган азыктардагы темир өсүмдүктөрдөн алынган азыктарга караганда оңой сиңет. Кызыл эттин 100 граммы 2,7 мг темир менен күнүмдүк керектөөнүн болжол менен 15 пайызын түзөт. Андыктан анемияга жакын адамдар үчүн бул өтө маанилүү. Жумасына кызыл этти 2 күн, ак этти 2 күн, балыкты 3 күн керектөө жетиштүү. Эттен тышкары С витаминин камтыган лимон кошулган жашыл салатты колдонуу да темирдин сиңирүүсүн жогорулатууга жардам берет. Ошондой эле;

 Боор

 Уйдун эти

 Балык (скумбрия, форель)

 Сардин консервалары

 Шпинат

 Тооктун эти

 Индуктун эти

 Жумуртка

 Фындык

 Бышкан картошка

 Кайнатылган буурчак

 Патока

 Тахин

 Кара нан:

 Данексиз мейиз да курамында темир көп болгон азыктар. Жаңы үзүлгөн мөмө-жемиштерге салыштырмалуу кургатылган жемиштерде темирдин курамы жогору.

 Кара чай, чөп чай же кофени тамак менен бирге ичүүгө болбойт. Тамактангандан кийин 1 саат күтө туруңуз. Бул суусундуктар азыктардагы темирдин сиңирилишин төмөндөтүшү мүмкүн.

 Темирдин сиңирилишин жайлаткандыктан сүт жана сүт азыктары жеңил тамактанууларда тандалбашы керек.

 Кола суусундуктарынан баш тартуу керек.

 С витаминин камтыган тамак-аштар жана суусундуктар денебиздин темирди сиңирүүсүн жогорулатат. Темирди алып жатканда жеш керек болгон С витаминдүү азыктар булар:

 Апельсин ширеси

 Кызыл болгар калемпири

 Брокколи

 Кулпунай

 Түстүү капуста

 Брюссель капустасы

 Ананас

 Киви

 Темир камтылган башка табигый азыктар;

 Төө буурчак

 Нокот

 Жасмык

 Кешью

 Ашкабактын данеги

 Мисте аралашмасы

 Кургатылган өрүк

 Томат пастасы

 Петрушка

 Мисте

 Сельдерей-шпинат аралашмасы аз кандуулукка каршы абдан натыйжалуу жана темирге байланыштуу анемияны дарылоодо колдонулат. Химиотерапия же радиотерапиядан кийин пайда болгон аз кандуулукка каршы сельдерей-шпинат аралашмасы  мыкты көмөкчү дарылоо ыкмасы болуп саналат. Сельдерей-шпинат аралашмасын кантип даярдоо керек:

Ага 250 грамм жаңы үзүлгөн шпинат жана кабыгы арчылган 200 грамм сельдерей зарыл. 200 грамм ичке кесилген сельдерейди бир литр кайнак сууга салып үстүн жаап коюңуз жана жай отко он мүнөт кайнатыңыз. Он мүнөттөн кийин ага 250 грамм шпинат кошулат жана капкагын жаап дагы беш мүнөт кайнатууну улантыңыз. Андан соң муздатыңыз. Ал муздагандан кийин чыпкалап таза бөтөлкөгө куюңуз. Эртең менен ач карынга же эртең мененки тамактан бир сааттан кийин бир стакан ичиңиз. Кечинде да ач карынга же кечки тамактан бир сааттан кийин бир стакан ичиңиз.

Ал он беш күн бою үзгүлтүксүз эртең менен жана кечинде ичилип улантылат. Он беш күндөн кийин он күндүк тыныгуу болот. Он күндөн кийин ушундай эле түрдө кайрадан эртең менен жана кечинде ичилип он беш күн уланат. Жалпысынан отуз күндүк колдонуу менен дарылоо аяктайт.

Күнүмдүк тамактануубузга темир камтыган азыктарды жетиштүү өлчөмдө кошконубузда, денебиз өзү үчүн жетиштүү темирди ала алат. Бирок буга карабастан темирдин жетишсиздиги байкалып жатса, темир камтылган азыктардан тышкары сырттан кошумча темир таблеткалары да талап кылынышы мүмкүн. Мындай учурларда бейтап дарыгерге кайрылышы керек.

 Темир препараттары ашыкча салмактуулукка алып келбесин билүү керек.

Программаны даярдаган др. Мехмет Учар.



Тектеш кабарлар