76-сессияда Орто Азия мамлекеттеринин президенттери тарабынан айтылган маселелер

Евразия күндеми-39

1713281
76-сессияда Орто Азия мамлекеттеринин президенттери тарабынан айтылган маселелер

Ардактуу окурмандар!  «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында Орто Азия мамлекеттеринин президенттери тарабынан айтылган маселелер жана сунуштар тууралуу сөз кылабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрь күнү Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги иш-чаралары башталды. 21-27-сентябрь күндөрү БУУга мүчө мамлекеттердин лидерлери жана делегация башчылары БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөштү. Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында видео кайрылуу жасашты. Орто Азиядагы республикалардын президенттеринин жасаган кайрылууларынын башкы темасы, “Афганистан маселеси” болду.

Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы өз сөзүндө, Афганистан элинин тагдырына кайдыгер карабаш керек деп  баса белгиледи. Токаев, Афганистан элин гуманитардык жардам менен камсыздоо үчүн БУУнун мекемелери жана башка гуманитардык уюмдар Афганистандын региондоруна тез, коопсуз жана тоскоолдуксуз жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керектигине токтолуп, Алматыда БУУнун аймактык борборунун курулушу бул маселе үчүн пайдалуу болоорун айтты. Мындан сырткары Токаев БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Афганистанда сүйлөшүүлөр аркылуу инклюзивдүү өкмөттү түзүү боюнча чакырыгын кубаттады.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясындагы кайрылуусунда, Афганистандан эвакуацияланып жаткан БУУнун мекемелерин   Бишкекте убактылуу жайгаштырууну сунуштады. Ошондой эле Жапаров, Кыргызстандын Афганистандык студенттерге Кыргыз университеттеринде окуу мүмкүнчүлүгүн бере алаарын билдирди.

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон БУУнун 76-сессиясындагы өз сөзүндө, “Талибандын” бийликке келиши региондогу геосаясий процессти ого бетер татаалдаштырганын айтты. Афганистан калкынын жалпы санынын 46 пайыздан ашыгын түзгөн афганистандык тажиктердин, башка этникалык топтор менен бирге мамлекеттик башкаруу системасында орун алууга укуктуу экенин баса белгиледи. Тажикстан президенти Афганистан элине жардам берүү иш-аракеттеринде Бириккен Улуттар Уюму чечүүчү ролду ойношу керектигин айтып өттү.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов аты аталган сессиядагы кайрылуусунда, Афган реалиясынын өзгөргөнүн баса белгилеп: “Мамилени калыптандырууда идеологиялык артыкчылыктардын, эски таарынычтардын, фобиялардын жана стереотиптердин призмасынан карабай, баарынан мурда согуштардан жана башаламандыктардан чарчаган жана тынч жашоону самаган афган эли жөнүндө ойлонушубуз керек”, - деди. Бердымухамедов Афганистанга экономикалык колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантышаарын айтып өттү.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясындагы кайрылуусунда, Өзбекстандын Афган элине дайыма жардам берип келе жатканын жана жакында Өзбек-Афган чек ара бекетинин кайра ачылганын айтып, Афганистанды чоң  көйгөйлөрү менен жалгыз калтырбоо керектигин баса белгиледи. Мирзиёев, Афганистан маселесинде Бириккен Улуттар Уюмунун ролу күчөп, үнү ар дайымкыдан дагы бийигирээк чыгышы керек экендигин айтты.

Быйыл БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын негизги темасы “COVİD 19 пандемиясын жеңүү, планетанын муктаждыктарына жооп берүү, адамдардын укуктарын урматтоо жана Бириккен Улуттар Уюмун жандандыруу үчүн үмүт менен  туруктуулукту бекемдөө” деп белгиленген эле. Орто Азия мамлекеттеринин президенттери да өз кайрылууларында, COVİD 19 пандемиясы жана вакцина темасына токтолушту. Айрым мамлекет башчылары өлкөлөрүнө вакцина боюнча жардам көрсөткөн тараптарга ыраазычылыгын билдиришти. Мындан сырткары Орто Азия мамлекеттеринин президенттери өз кайрылууларында климаттык өзгөрүү темасына токтолушуп, климаттык өзгөрүү менен күрөшүү жолдорун жана буга байланыштуу өз максат-пландарын айтып өтүштү.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков.



Тектеш кабарлар