Эне сүтүн көбөйтүүчү табигый азыктар

Шыпаа булагы-4

1712334
Эне сүтүн көбөйтүүчү табигый азыктар

Бүгүнкү темабыз: Эне сүтүн көбөйтүүчү табигый азыктар.

Баланы эмизүү учурунда энелер өтө сезимтал болушат. Бул мезгилде жей турган азыктар сүттүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат.

Галактагога; сүттү көбөйтүүчүлөр дегенди билдирет. Сүттү көбөйтүүчүлөр башкача айтканда галактагогалар эне сүтүнүн бөлүнүшүн жана көлөмүн жогорулатуучу өсүмдүктөргө, тамак-аштарга жана дары-дармектерге берилген жалпы аныктама. Бул заттардын кээ бирлери сүт чыгаруучу гормонду (пролактинди) көбөйтүү менен иштесе да, алардын көбүнүн иштөө механизми так белгилүү эмес. Чындыгында байыртадан бери көптөгөн жергиликтүү жана улуттук тамак-аштар менен суусундуктар ушул максатта колдонулуп келген.

Бүгүнкү күндө да энелер сүттү көбөйтүүчүлөрдү тандашат. Бирок кадимки шарттарда ийгиликтүү эмизген энелердин көпчүлүгүндө сүт жетиштүү жана сүттү көбөйтүүчүлөргө муктаж эмес. Анткени сүттүн көлөмү суроо-талап механизмине жараша бөлүнүп чыгат.

Сүттү көбөйтүүчүлөрдү;

1. Бардык колдоого карабастан сүтүн көбөйтө албаган энелер,

2. Ара төрөлгөн жана көп бала төрөгөн энелер,

3. Сүтү азайган энелер кайра улантуу үчүн колдонушат.

Сүттү көбөйтүүчүлөрдү баштоодон мурун эмизүү боюнча консультанттан же дарыгерден жардам сураганыңыз оң. Анткени сүттү көбөйтүүчүлөр жалгыз өзү сүттү көбөйтө албайт.

Эне сүтүн көбөйтүүчү табигый азыктар сунушун төмөнкүчө тизмектей алабыз;

1- Жашыл жүзүм: Күнүнө эки порция жашыл жүзүм керектөө эне сүтүн көбөйтөт.

2- Укроп: Эртең менен жана кечинде тамактанар алдында керектелүүчү укроп эненин сүтүн көбөйтөт.

3-Инжир (жаңы үзүлгөн же кургатылган): Эне сүтүн көбөйтүү үчүн кургатылган инжирди кайнатып ширесин ичсе да болот. 8-9 даана кургатылган инжир жарым литр хлорсуз сууга эң көп он мүнөт кайнатылат. Экиге бөлүнгөн суу күнүнө эки жолу эртең менен жана кечинде ичилет.

4- Инжир-сабиз: Кайнап жаткан жарым литр хлорсуз сууга 8-9 даана кургатылган инжирди экиге бөлүп салыңыз. Оозун жаап жай отто беш мүнөт кайнатыңыз. Бешинчи мүнөттөн кийин бир даана сабизди кесип ичине салыңыз жана оозун жаап жай отто дагы үч мүнөт кайнатыңыз. Муздаганда чыпкалап жыйырма бир күн бою түшкө чейин жана түштөн кийин ач же ток карынга бир стакандан ичиңиз.

5- Жаңы үзүлгөн ак тытты жесе болот.

6- Кургатылган ак тытты кайнатып керектесе болот.

7-Тыт патокасы: Белгилей кетчү нерсе, тыт патокасы салттуу ыкмалар менен эч кандай кошумчаларды колдонбостон жана жогорку термикалык иштетүүнү колдонбостон даярдалышы зарыл. Бул табигый жана кошулмасыз болушу керек.

Буларды колдонуудан мурун төмөнкү жагдайларды эске алуу керек:

1) Кош бойлуу аялдар, бала эмизип жаткан энелер үчүн мезгилсиз өстүрүлгөн гормондуу жана гибрид уруктуу жашылчаларды колдонбоо өтө маанилүү.

2) Бир эле учурда бир нече дарылоону колдонууга болбойт. Бул азыктар бир убакта колдонулбайт. Инжир-сабиз дарылоосунан тышкаркылардын колдонуу мөөнөтү бир жума. Бир жуманын аягында колдонуу токтотулат. Эгерде бир жума бою колдонгон ар кандай дарылоону кайталаш керек болсо, бул жолу башка дарылоону колдонуунун эч кандай зыяны жок. Мисалы, сиз бир жума бою жашыл жүзүм дарылоосун колдонуп аны таштап койдуңуз. Кийинки мезгилде укропту же кургатылган инжирди бир жума колдонсоңуз болот.

Көрсөтүлгөн дарылоодон тышкары;

• Ананас

• Курма,

• Сельдерей,

• Жаңы үзүлгөн сельдерей жалбырактары,

• Ашкабак,

• Кулпунай,

• Латук,

• Сумах,

• Фенхеля чайы,

• Кресс,

• Күрүч,

• Күнжүт,

• Жаңгак, бадам, фындык,

• Ашкабак,

• Тахин- патока,

• Лосось,

• Нокот сыяктуу буурчак өсүмдүктөрү,

• Жумуртка,

• Жетиштүү өлчөмдөгү суу,

• Жашыл жалбырактуу жашылчаларды да сунуштоого болот.

Бул азыктардын натыйжалуулугу жана коопсуздугу боюнча жетишерлик изилдөөлөр жок болсо да, көбүнчө энелер тарабынан тандалат. Рынокто да ушул тармакта көптөгөн продукциялар бар. Бала эмизген энелер үчүн бул азыктарды дарыгерлери менен кеңешип колдонуу эң жакшы.

Программаны даярдаган др. Мехмет Учар. 



Тектеш кабарлар