Кытай-АКШ тирешүүсүнүн жаңы этабы

SETAнын Тышкы саясатты изилдөө директору,жазуучу, Проф. Д-р. Мурат Йешилташтын тема боюнча баамдоосу...

1710479
Кытай-АКШ тирешүүсүнүн жаңы этабы

Кытай-АКШ тирешүүсүнүн жаңы этабы

 

АКШ, Улуу Британия жана Австралиянын ортосунда кол коюлган жаңы коопсуздук келишими Кытай-АКШ тирешүүсүнүн жаңы этабы катары каралышы мүмкүн.

SETAнын Тышкы саясатты изилдөө директору,жазуучу, Проф. Д-р. Мурат Йешилташтын тема боюнча баамдоосун сунуштайбыз ...

Жаңы коопсуздук келишими, AUKUS, биринчи кезекте глобалдык күч атаандаштыгынын аскердик фронту кандайча түзүлөөрүнөн учкай кабар берип турат. Албетте, аскердик фронт күрөштүн бир гана бөлүгү. Экономикалык фронтто макулдашуу изделип жатканы менен, аскердик фронтто эч ким эч нерсени кокустукка калтыргысы келбейт. Ушул себептен улам, Кытай биринчи кезекте кандай жооп кайтарары абдан маанилүү. Пекин бейпилдикти жаратаарын же каршы тең салмактуулукту жаратаарын алдын ала айтуу кыйын болсо да, биз эки ыкманы тең ишке ашырат деп айта алабыз. Анткени бул түшүнүк Кытайдын жогорулоо стратегиясынын таянычы: коркутпастан,кагылышууга кирбестен,чыр -чатаксыз жогорулоо. Кытайдын AUKUSка реакциясы күтүлгөндөй болду жана муну «жоопкерчиликсиздик» деп эсептеди.

Австралиянын атомдук суу астында жүрүүчү кемелерди алуусу Кытай үчүн бир нече жагынан маанилүү жана тобокелдүү. Биринчиден, АКШ менен Британиянын чалгындоо жана аскердик күчүн Индо-Тынч океан аймагына көчүрүү менен Пекиндин мобилдүүлүгүн чектөө. Экинчиден, Австралиянын чабуул коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана Кытайга каршы аскердик тең салмактуулугун бекемдөө аркылуу Кытайдын океан масштабындагы аскердик кубаттуулуктун проекциясын басаңдатуу. Үчүнчүдөн, стратегиялык масштабдагы тоскоолдуктар AUKUS менен бирге Кытайга каршы даяр кылынып, агрессивдүү Кытай стратегиясынын калыптанышына жол бербөө. Төртүнчүдөн, Австралиянын атомдук державага айлануу ыктымалы. Бул, албетте, Кытайдын чектелишин/курчалышын ошону менен бирге Жапония жана Түштүк Корея сыяктуу регионалдык оюнчулардын бар экендигин эске алганда, масштабдуу тең салмактоо стратегиясынын ишке ашырылышы түшүнүгүн берет. Мындай чыңалуу шартында, Тайвань маселеси дагы өтө орчундуу жерге жетип Кытай менен AUKUSту аскердик жактан тирешүүгө алып келиши мүмкүн.

Мындай стратегиянын алдында, албетте, Кытайдын тандоосу көп. Алардын эң маанилүүлөрүнүн бири-каршы куралдануу учурунда агрессивдүү саясатты ишке ашыруусу, Түндүк Корея сыяктуу системадан тышкары актерлор аркылуу каршы куралдануу кыймылдарын процесске киргизүүсү жана алыс аймактарда АКШ калтырган боштуктарды толтуруу үчүн чет элдик шериктештерди издөөнү тездетүүсү орун алат. AUKUSтан кийин дароо Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу мүчө болуп кабыл алынганы жөнүндөгү билдирүү кокусунан болдубу белгисиз, бирок Вашингтондун баш оорусу болгон Тегеранды жеңилдеткени анык.

Андан да маанилүү альтернатива - альянстагы эң алсыз алкакты бутага алуу; башкача айтканда Австралияны бутага алуу. Чындыгында, Кытай Австралияга «эсиңе кел» деген расмий эмес билдирүүнү кечиктирбестен жөнөттү. Кытай өкмөтүнүн эл аралык маселелер боюнча көз карашын чагылдырган Global Times басылмасында жарыяланган редакциялык сын-пикирде, эгерде Австралия Кытайга каршы түзүлгөн АКШ баштаган стратегияда өзгөчө аскердик жактан агрессивдүү позицияны ээлесе, анда ал жоопсуз калбайт деп айтылган.

Макаланын эң маанилүү бөлүгүндө чечүүчү суроо берилген; Дүйнөлүк башаламандыкка ким көбүрөөк туруштук бере алат? Аларбы же Кытайбы? Түшүнүктүү болгондой АКШ-Кытай тиреши эл аралык системада күч атаандаштыгын жаңы баскычка алып барат окшойт. Эл аралык система өзгөрүп, үстөмдүктүн алмашуусу болуп жатат. Негизги суроо болсо мындай: Бул алмашуу чоң кагылышуу менен болобу же согушсузбу? Тарых кандуу мисалдарга толгон!

 



Тектеш кабарлар