Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюму менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммиттери

Евразия күндеми-38

1710129
Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюму менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммиттери

Ардактуу окурмандар!  «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюму менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун Душанбеде болуп өткөн жыйындары тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 16-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын борбору Душанбеде Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюму (ЖККУ) менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУнун) саммиттери болуп өттү.

Алгач Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгы алдында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. 16-сентябрь күнкү бул жыйынга Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин видеоконференция аркылуу, ал эми Беларусиянын президенти Александр Лукашенко, Армениянын өкмөт башчысы Николь Пашинян, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров  оффлайн режиминде катышышты. Ушул жерден кошумчалай кетели - айланасындагы кишилерден коронавирус аныкталгандыктан Орусиянын президентинин карантинде болору 14-сентябрда белгилүү болгон.

Жамааттык коопсуздук кеңешинде Афганистандагы окуялар жана ал окуялардын аты аталган уюмга мүчө мамлекеттерге тийгизген таасири талкууланды. Мындан сырткары жыйында уюмдун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары талкууга алынды. ЖККУнун башкы катчысы Станислав Застын билдиргенине караганда, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары Ооганстан маселесинен жаралган коркунучтарга каршы күрөшүүдө кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кошумча күч-аракеттерди жумшоо боюнча бир пикирге келишти. Уюм, чек арадагы кырдаалдын курчуп кеткен учурунда Тажикстандын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган практикалык жамааттык чараларды иштеп чыкты жана Тажикстан тарабынан сунушталган Тажикстан-Ооганстан чек арасын бекемдөө боюнча программаны кабыл алуу ишин тездетүү боюнча макулдашууга жетишти. Жамааттык коопсуздук кеңешинде Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун ыкчам чара көрүү күчтөрүн заманбап курал-жарак, аскердик жана атайын техника, атайын каражаттар менен камсыздоо боюнча планга жана башка маанилүү документтерге кол коюлду. Ошондой эле ЖККУдагы төрагалык Тажикстандан Арменияга өттү.

 17-сентябрь күнү Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын саммити, уюмдун мүчөсү болгон жана байкоочу статусундагы өлкөлөрдүн башчыларынын катышуусу менен, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгы алдында болуп өттү. Казахстан, Кыргызстан, Беларусия, Өзбекстан, Иран, Түркмөнстан жана Пакистандын мамлекет башчылары саммит өткөн жерде болушту. Орусия, Кытай, Индия жана Монголиянын мамлекет башчылары жыйынга видео байланыш аркылуу катышышты.

Саммитте аймактын коопсуздугу, терроризмге каршы күрөшүү боюнча иш-аракеттерди координациялоо жана байкоочу өлкөлөр менен кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Уюмдун 20 жылдык маарекесине туш келген бул саммитте “ШКУнун 20 жылдыгынын Душанбе декларациясына” жана башка 29 документке кол коюлду. Мүчө мамлекеттер аты аталган декларацияда, Ооганстанда коомдогу бардык этникалык, диний жана саясий топтордун өкүлдөрү камтылган инклюзивдүү өкмөттүн түзүлүшү маанилүү экендигин билдиришти. Мындан сырткары декларацияда ШКУга мүчө мамлекеттер, Ооганстандын терроризмден, согуштан жана баңгизаттан арылган, тынчтык орногон, көз карандысыз, нейтралдуу, бирдиктүү, демократиялуу мамлекет болушун колдошорун баса белгилешти

Иран Ислам Республикасын Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчөлүккө алуу жараянын баштоо жөнүндө чечим - саммитте кабыл алынган эң маанилүү чечимдердин бири болуп саналат.

Бул саммит аяктагандан кийин Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюму менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун Ооганстан боюнча орток жыйыны өткөрүлдү. Бул жыйында мамлекет башчылары Ооганстан маселеси боюнча пикирлерин жана сунуштарын айтышты. Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюму менен Шанхай Кызматташтык Уюму, Душанбеде орток жыйын өткөрүү менен бекем кызматташтыкка карай кадам ташташканын айтууга болот.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков.



Тектеш кабарлар