Украинанын президенти Зеленскийдин АКШга иш сапары

Евразия күндеми-37

1708360
Украинанын президенти Зеленскийдин АКШга иш сапары

Ардактуу окурмандар! Азыр сиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Украинанын президенти Зеленскийдин Америка Кошмо Штаттарына (АКШга) жасаган иш сапары тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 31-август - 3-сентябрь күндөрү Украинанын Президенти Володимир Зеленский, АКШ Президенти Жо Байдендин чакыруусу менен АКШга расмий иш сапарын жасады. Бул иш сапары, Зеленскийдин АКШга жасаган биринчи расмий иш сапары болушу менен өзгөчөлөнүп турат. Володимир Зеленский 31-август күнү Вашингтондо АКШнын Энергетика министри Женнифер Грэнхолм менен жолугушту. Жолугушууда президент менен министр “Түндүк агым-2” газ түтүк долбоорунун негизинде Украинанын жана жалпы аймактын энергетика коопсуздугу боюнча пикир алмашышты. Ошол эле күнү Володимир Зеленский менен Америка Кошмо Штаттарынын Улуттук авиация жана космос агенттигинин (NASA) башчысы Билл Нельсон  жолугушуп, НАСАнын долбоорлоруна жана программаларына Украинанын космос жаатындагы мекемелерин катыштыруу темасын талкуулашты.

Украинанын президенти Володимир Зеленский, расмий иш сапарынын экинчи күнү Дүйнөлүк банктын башчысы Дэвид Малпасс менен жолугушту. Зеленский, Украинада жүргүзүлүп жаткан реформалар жана Украинаны “трансформациялоо планы”  жөнүндө маалымат берип, Дүйнөлүк банкты ушул “трансформациялоо планын”  ишке ашыруу жараянына катышууга чакырды. Украинанын президенти мындан кийинчерээк АКШнын аналитикалык борборлорунун өкүлдөрүнүн жана журналисттеринин катышуусу менен уюштурулган чогулушта жалпы суммасы 277 миллиард долларды түзгөн 80ден ашуун долбоордон турган  Украинаны “трансформациялоо планы” боюнча кеңири маалымат берди.

Мындан сырткары 1-сентябрь   күнү Володимир Зеленский Пентагондо АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин менен жолугушту. Ошол эле күнү АКШ Президенти Жо Байден Ак үйдө Украина Президенти Володимир Зеленскийди  кабыл алды. Эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу кеңейтилген жана тет-а-тет форматтарында өттү. Бул жолугушууларга чейин эки президент журналисттердин алдында кыска сөз сүйлөштү. Байден өз сөзүндө, “АКШ, орусиялык агрессиянын тушунда Украинанын эгемендүүлүгүн жана территориялык бүтүндүгүн  жактаган тарап болууну улантууда”, - деп айтып, Украинанын “Евро-Атлантикага умтулуусуна” карата колдоолору ошол бойдон кала берээрин баса белгиледи. Зеленский жолугушуудан кийин Твиттер эсебинен Жо Байден менен коопсуздук маселелерин талкуулашканын билдирди. Украина Президенти Зеленский 2-сентябрда Вашингтондо АКШ Конгрессинин Украина корпусунун (колдоо группасынын) мүчөлөрү менен жолугушкандан кийин Калифорнияга  сапар тартты. Ал 3-сентябрь күнү Кремний өрөөнүндөгү алдыңкы инвесторлор жана атайын фонддордун өкүлдөрү менен жолугушуп, аларды Украина менен кызматташтыкка чакырды. 

 Украина Президенти Володимир Зеленский АКШга жасаган иш сапарынын бардык күндөрүндө тынымсыз жолугушууларды өткөрдү жана анын иш сапары натыйжалуу болду. Аталган иш сапары учурунда эки өлкөнүн ортосунда коопсуздук, коргоо, экономика, энергетика, саламаттыкты сактоо тармактарындагы кызматташтык боюнча маанилүү меморандум жана келишимдерге кол коюлду. “АКШ-Украина стратегиялык өнөктөштүккө байланыштуу жалпы билдирүүгө” караганда, АКШ өкмөтү быйыл демократия, адам укутары, жергиликтүү башкаруу, менчиктештирүү, сот реформасы сымал темаларга багытталган программалар үчүн Украинага 463 миллион доллардан ашуун акчалай жардам берүүнү пландоодо. АКШ коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү, вакциналарды ташуу жана сактоо сымал иш аракеттер үчүн кошумча 12,8 миллион доллар бөлөт. Мындан сырткары Донбасстагы согуштун кесепетинен жабыр тарткан жана гуманитардык жардамга муктаж абалдагы адамдар үчүн АКШ быйыл 45 миллион доллар жардам көрсөтөт.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков.



Тектеш кабарлар