Жогорку холестерин

Шыпаа булагы-2

1707418
Жогорку холестерин

Бүгүнкү темабыз: Жогорку холестерин

Холестерин денедеги ар бир клетка үчүн абдан керектүү жана көптөгөн гормондордо холестерин бар. Бирок жетиштүү денгээлден жогору болгон холестерин денеге зыян келтирет.

Кан анализдеринде холестериндин эки түрү көңүлдөрдү бурат. Булар HDL жана LDL деп аталат. Пайдалуу холестерол деп аталган HDL ткандардагы холестеринди чогултат жана сыртка чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Зыяндуу холестерол деп аталган LDL холестеринди ткандарга жеткирет жана артериялардын дубалдарында топтолууга алып келет. Ушул себептен зыяндуу холестеринди нормалдаштыруу жетишсиз болуп калат. Пайдалуу холестеролду дагы көбөйтүү керек. Зыяндуу холестеринди эле эмес, пайдалуу холестеролду да көзөмөлдөп туруу зарыл.

Тамактануунун кээ бир эрежелерине көңүл буруу жана активдүү жашоо образын кабыл алуу менен холестеролду тең салмакта кармоого болот:

Өсүмдүктөрдүн жардамы менен дарылоо катары болсо төмөнкүлөрдү сунуштай алабыз:

1. Бир чай кашык мисте майын күнүнө эки жолу ач карынга ичүү натыйжалуу.

2. Жумасына эки же үч жолу ичиле турган майсыз жасмыктан жасалган шорпо бир жагынан холестеринди көзөмөлдөөгө, экинчи жагынан кан басымыңызды тең салмакташтырууга жардам берет.

3. Артишок, сабиз, сарымсак жана пиязды колдонуу холестеролду түшүрүүчү касиетке ээ. Майдаланган пияздан 1 чай кашык пияздын ширеси менен бир чай кашык балды аралаштырып күнүнө бир жолу ичсеңиз болот.

4. Көк чай, имбир, розмарин, итмурун, тимьян чөп чайларын ичүү жогорку холестеринге оң таасирин тийгизет. Күнүнө бир нече стакан көк чай ичүү- зыяндуу холестеринди азайтуунун эң жөнөкөй жолдорунун бири.

5. Кара мурч жана имбирдин, розмарин, тимьян, кызыл калемпирдин татымалдары абдан пайдалуу.

6. Чийки фындык, жаңгак жана бадам зыяндуу холестериндин бир аз төмөндөшүн камсыз кылары белгилүү. Бирок аны өлчөмү менен ичүү керек.

7. Жүзүмдүн данегинин өзү же анын күкүмү жогорку холестеролду төмөндөтүү өзгөчөлүгүнө ээ.

8. Күнүгө уктаар алдында бир стакан сууга 2 жаңгакты салып, эртең менен ойгонгондо бул сууну ичип, анан соң жаңгак жеп кыска убакыттын ичинде холестеролду азайтсаңыз болот.

9. Бир чай кашык органикалык (мүмкүн болсо үй шартында жасалган) алма уксусун бир стакан суу менен аралаштырып ичүү дагы пайдалуу болушу мүмкүн.

Программаны даярдаган др. Мехмет Учар.



Тектеш кабарлар