Идлибде акыркы көшөгө

СЕТАнын тышкы саясат боюнча иликтөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикирин угуңуздар.

1707407
Идлибде акыркы көшөгө

Асад режимине караштуу күчтөр Россиянын аба күчтөрүнүн колдоосу менен акыркы күндөрдө кайрадан Идлиб аймагын бутага ала баштады. Сириялык оппозициячылдардын колундагы жана 4 миллион жаран жашаган аймактын бутага алына башташы чоң адамзаттык кризиске жол ачууда. Түркия коркунучту билгендиктен аскердик жактан баш тарттыруучу кадамдарды таштоого аракет кылып, эл аралык коомчулуктун үнсүздүгү Асад режими жана союздаштарына күч берүүдө.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча иликтөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

Сирия тарабындагы аскердик абалдар жана кагылышуулар акыркы айларда тынч багытта жүрүп, Асад режими орус аба күчтөрүнүн колдоосу менен кайрадан Идлибди бутага ала баштады. Андан мурда Сочиде болгон лидерлер саммити менен Түркия жана Россиянын ортосунда аймак тууралуу түзүлгөн макулдашуу менен кагылышуулар чоң өлчөмдө акырына чыккан. Бирок бир канча жумадан бери темпи барган сайын күч алган кол салууларга кайрадан күбө боло баштадык. Режимге караштуу күчтөрдүн кургактыктан, орустардын болсо абадан өзгөчө М4 жолунун түштүгүндө Жебели Завийе аймагын бутага алгандыгы көрүнүүдө. Негизги аракеттерди карап чыкканыбызда, сириялык оппозициячыл элементтер менен түрк армиясынын түндүккө карай чегинишине мүмкүнчүлүк түзө тургандай бир аскердик кысым кылуу нитеинде экендиги көрүнүүдө. Жебели Завийе аймагы топографиялык жактан Идлибдин калган бөлүгүнө салыштырмалуу бийикте, ошондуктан да стратегиялык бир аймак. Режимдин күчтөрү бул аймакка жайгашып, Идлибдин түндүгүнө карай кеткен жолдордо  күчкө ээ болуп, ар бир кадам сайын көзөмөлдү алуу ниетинде экендиги көрүнүүдө. Ошол эле М 4  логистикалык жолунда да толугу менен үстөмдүктү куруп,  чыгыш  -  батыш огунда Халептен Латакия  -  Тарсуска карай негизги жолдордо көзөмөлдү колго алууну көздөп жатат. Режим жана союздаштарынын бул пландарынын чыгымын жарандар төлөп жатат. Азыртадан эле он миңдеген жаран түндүккө карай  жолго чыгышты.  Ыктымалдуу дагы кенен аскердик кыймыл менен жүз миңдеген жаран жерлеринен кетиши мүмкүн. Түркия ыктымалдуу адамзаттык кризиске көңүл буруу менен аймакта  кайрадан аскердик чебин күчөтүп, режим жана союздаш элементтерди аскердик жол менен токтотуу аракетинде. Эл аралык коомчулук Россияга, өзгөчө АКШга кысым көрсөтүү менен жаңы аскердик операциянын чыгымдары болорун көрсөтүшү керек. Антепесе, Сирияда дагы бир жолу кагылышуунун пайдубалы пайда болот.



Тектеш кабарлар