Кыргызстан менен Өзбекстан Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилешти

Евразия күндеми-36

1706400
Кыргызстан менен Өзбекстан Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилешти

Ардактуу окурмандар!  «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын белгилеп жаткан Кыргызстан менен Өзбекстандын ушул таптагы абалы тууралуу кеп салабыз.

 Советтер союзу ыдыраганда Орто Азиядагы түрк тектүү мамлекеттер көз карандысыздыкка ээ болушту. Кыргызстан менен Өзбекстан 1991-жылдын 31-август күнү көз карандысыздыгын жарыялашты. Ошол эле күнү Өзбекстандын Жогорку кеңеши 1-сентябрда Эгемендүүлүк күнүн белгилөө чечимин кабыл алышкан. Кыргызстанда болсо Эгемендүүлүк күнү жыл сайын 31-август күнү белгиленет.

Бул эки өлкөдө тең эгемендүүлүктүн  30 жылдыгы 31-августта ар кандай майрамдык иш-чаралар менен шаңдуу белгиленди. Өзбекстанда Ташкенттин жанындагы “Жаңы Өзбекстан” аттуу паркта чоң салтанаттык иш-чара  өттү. Бул салтанаттык иш-чарага Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана көп сандагы коноктор катышышты. Кыргызстанда борбор калаа Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 2 миң аскер катышкан майрамдык парад болуп өттү. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров параддагы эл алдында сүйлөгөн сөзүндө: “Бүгүнкү улуу тарыхый датаны белгилөө учурунда өткөнгө  кылчайып көз чаптырганыбызда, оболу: ‘суверендүүлүктү тандап алган Кыргызстан эгемендик мезгил ичинде эмнеге жетишти?’ деген суроонун өзүнөн өзү берилээри бышык”, - деп айтып, Кыргызстандын демократия жолунда баратканын баса белгиледи. Садыр Жапаров өлкөнүн жарандык коому, эркиндикти сүйгөн эл деген имиджди  сактап кала алганын айтып өттү. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев “Жаңы Өзбекстан” паркындагы салтанатта сүйлөгөн өз сөзүндө, көз карандысыздык жылдарында жаңы мамлекетти жана коомду куруу багытында чоң жана өтө маанилүү иштер жасалганын айтып, Өзбекстан дүйнөлүк аренада татыктуу орунга ээ болгонун баса белгиледи.

30 жыл аралыгында Кыргызстан жана Өзбекстан көз карандысыздыктарын бекемдөө багытында маанилүү кадамдарды ташташты. Бириккен Улуттар Уюму ж.б. эл аралык жана регионалдык уюмдарга мүчө болушту жана көптөгөн өлкөлөр менен дипломатиялык мамиле түзүштү. Кыргызстан менен Өзбекстан мүчө болгон Түрк тектүү мамлекеттердин эл аралык уюмдары эл аралык талаада активдүү жана таасирдүү боло башташты. Айрыкча Түрк Кеңеши акыркы жылдары алгылыктуу иштерди көп жасады. Кыргызстан жана Өзбекстандын эл аралык талаадагы сунуштары кабыл алына баштады.

Регионалдык интеграция боюнча айрым конкреттүү кадамдар ташталууда. Орто Азиядагы мамлекеттердин лидерлеринин расмий эмес чогулуштарда чыгарган чечимдери, Өзбекстандын Казакстан менен бирге башташкан чек арада биргелешкен соода борбору, орток виза сымал иш-аракеттери, конкреттүү кадамдар ташталып жатканынан кабар берет. Регионалдык интеграция тездеген сайын Кыргызстан жана Өзбекстандын эгемендүүлүгү бекемделип, дүйнөдөгү ири мамлекеттердин басымынан кутулуу мүмкүнчүлүгү артат.

Өзбекстан Латын алфавитине толугу менен өтүү чечимин кабыл алды, ал эми Кыргызстан Латын алфавитине өтө элек. Бирок Кыргызстан дагы Латын алфавитине эртеби-кечпи өтүп, Түрк тектүү мамлекеттердин тил тармагындагы жакындашуу политикасына катышат десек болот.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ушундай ийгиликтери менен бирге эле, тез чечилиши керек болгон бир катар көйгөйлөрү бар. Бул көйгөйлөрдүн эң негизгилеринен бири, Ооганстан тараптан келиши ыктымал коркунучтар болуп саналат. Аймактын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Орто Азиядагы мамлекеттер коопсуздук жаатында биримдикте иш алып барышы керек.

Эки өлкөнүн тең экономикалары пандемиядан көп жабыркады. Эң кыска убакытта аны көтөрүү жолдору иштелип чыгышы керек. Мындан сырткары Фергана өрөөнүндө аймактын туруктуулугуна өтө чоң тоскоолдук кылган чек ара көйгөйлөрү бар. Кыргызстан, Өзбекстан жана  Тажикстан  чек ара маселесин тезинен чечкенге аракет кылышы зарыл.

 



Тектеш кабарлар