Тамак оорусу

Шыпаа булагы-1

1705928
Тамак оорусу

"Шыпаа булагы"

Бүгүн биз тамак оорусу жөнүндө кеп кылабыз.

• Тамак ооруларын дарылоонун эң маанилүү ыкмаларынын бири- лимон ширеси менен чайкоо.

Муну кантип жасоо керек: бир стакан аз жылытылган сууга болжол менен жарым лимон же бир лимон сыгыңыз. Аны менен күнүнө 3 же 4 жолу чайкоо керек.

• Дагы бир ыкма болсо- органикалык алма уксусуна чыланган кездемени тамакка салфетка же сүлгү менен ороо, бул чынында өтө пайдалуу. Экинчи жагынан, оорулуунун бутуна уксус сууга малынган чүпүрөктү коюп, жылуу болгонго чейин ошол жерде калышы зарыл, андан кийин аны алып буттарын кургатып үстүн жаап коюу керек.

• Дагы бир ыкма- куркума порошогун, имбир порошогун, өтө аз кара мурчту бир аш кашык зайтун майы менен аралаштырып ичүү. Бул өзгөчө сасык тумоо же ангина деп аталган тонзиллит менен бирге тамак оорусун басаңдатуучу жакшы аралашма.

• Колдонулган чөптөрдүн дарылоо ыкмаларынын бири – тамактагы ириңди жаңы алынган кызылча ширеси менен чайкоо абдан пайдалуу.

• Капустанын жалбырагын тамактын сыртына эки саат сайын ороо да өтө пайдалуу.

• Туздуу суу менен чайкоо тамак оорусун басаңдатат. Муну кантип жасайбыз, бир чай кашык тузду бир стакан муздак сууга эритип чайкайбыз. Албетте туздуу суу менен чайкоо чоң кишилерге колдонула турган ыкма.

• Шалфей- тамак оорусунда өзгөчө орунга ээ.

Суук тийүү, сасык тумоодо, бездин инфекциясында колдонулса болот. Тиштин бүлөсү жана тамактын сезгенишине каршы абдан эффективдүү. Аны менен чайкап чайын ичсе болот. Ал дем алуу системасынын релаксанты катары да иштейт.

Шалфейди колдонууда тарыхта өз орду бар. "Эгерде шалфейди өстүргөн болсоң, анда өлүүнүн эмне кереги бар" ... Бул саптар 13-кылымдан калган шалфей тууралуу сөздөр. Анын ботаникалык аты Salvia, латынча salvere б.а коргоо, сактоо дегенди билдирет.

Египеттиктер шалфейди балалуу болуу үчүн колдонгону белгилүү болсо да, байыркы грек жана рим доорунда этти сактоо үчүн колдонулгандыгы аныкталган. Белгилүү болгондой, кургатылган шалфейдин чөптөрү жана жалбырактары жыпар жыттуу зат түрүндө өрттөлүп, үйлөрдү дезинфекциялоо үчүн колдонулат.

Байыркы замандан ушул күнгө чейин шалфейди кайнатуу менен даярдалган чайды ичкен адам оңой менен оорубайт деген ишеним бар.

Бүгүнкү күндө да ал суук тийүү жана сасык тумоодо, ангина оорусунда колдонулат. Депрессия ошондой эле эс тутумдун начарлашына, рак жана жүрөк ооруларына каршы калкан катары кызмат кылат.

Экинчи жагынан шалфей тууралуу баарлашуубуздун аягында айта турган эң маанилүү темалардын бири, шалфей орто кылымдарда чумага каршы иммунитетти пайда кылган "Төрт ууру уксусунун" мазмунунда да орун алган.

Төрт ууру уксусу - тарыхый окуядан атын алган уксус. Кылымдар бою дары катары колдонулган бул уксустун кызыктуу окуясы бар. Окуяга ылайык, 14 -кылымда учурда Францияга таандык Марсель шаарында болгон чума эпидемиясында, бул чума эпидемиясы бүт Европада жайылган жана анын 14-кылымда 25 миллион адамдын өлүмүнө себеп болгону кээ бир булактарда айтылган. Бул жерде төрт ууру чумадан жабыркаган айылдардагы үйлөрдү жана дүкөндөрдү тоноп жатышкан, бирок алар бул ооруга чалдыккан эмес. Уламышка караганда, уурулар чумадан каза болгон жабырлануучуларды тоноп жаткан учурда уурулук менен кармалышкан жана аларга өлүм жазасы берилип, бирок эгерде алар чумага кантип чалдыкпагандарын айтышса кечирилери айтылган. Ошентин алар колдорун өздөрү жасаган уксус менен жууп, бул уксус менен чайкаганын мойнуна алышат. Уурулар адамдарга бул уксустун даярдалышын көчөлөрдө көрсөтүп бергенден кийин кечирилип бошотулган.

Ошондон бери төрт уурунун уксусу деп аталган бул уксус кылымдар бою көптөгөн ооруларга колдонулган жана төрт уурунун уксусунда шалфей да бар. Өзгөчө суук тийүү, сасык тумоо жана ковид инфекцияларында, тамак инфекциясында, экинчи жагынан бездин инфекциясы сыяктуу ооруларда  тамактагы ооруну олуттуу түрдө басаңдаткан жакшы фитотерапевтикалык каражат, ал чөптөрдүн жакшы эритмеси жана байыркы Анадолуда көп колдонулат.

Программаны даярдаган др. Мехмет Учар.



Тектеш кабарлар