Түркиянын террор менен күрөшү: Сирия

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1702184
Түркиянын террор менен күрөшү: Сирия

Түркиянын террор менен күрөшү болгон ылдамдыгы менен улантылып, түрк куралдуу күчтөрү менен Улуттук Чалгындоо Уюму бир топ өлкөдө бир учурда жүргүзүлгөн операциялар менен  уюмду жок кылууда. Акыркы  күндөрдө өзгөчө Сирияда бири биринин артынан болгон операцияларда уюмдун Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГге оор сокку урулду. ПЙД/ЙПГ АКШнын коргоосу астында Сирияда болууну улантып жаткан болсо,  Түркия  уюмду дагы катуу түрдө бутага ала баштады.

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

ПКК террордук уюму 1970 -  жылдын ортолорунда Түркияда Абдуллах Өжалан тарабынан түзүлгөндөн кийин Сирия менен байланышып, Сирия ичинде уюмдашып, өсө баштайт. Асад режими Ата Асад мезгилинде Ливанда Бека лагерлеринде уюмдун мүчөлөрүн машыктырып, Түркияга каршы колонууга аракет кылган бирок Түркиянын аскердик кийлигишүүсүнөн кийин артка кадам таштап, Өжалан жана башка уюмдун мүчөлөрү өлкөдөн чыгарылды. Бирок Сирия төңкөрүшүнүн башталышы менен Асад режими кайрадан ПККны төңкөрүшчүл күчтөргө жана Түркияга каршы колдонуу үчүн аракетке өтүп, уюмдун Сириядагы түзүлүшү ПЙД/ЙПГ менен кызматташууну өнүктүргөн, бир топ аймактан чыгып бул жерлерди террордук уюмга таштаган.

Террордук уюм режим менен кызматташуусун өнүктүрүп,  Сириянын түндүгүндөгү бир топ аймакта өз үстөмдүгүн орнотту. Андан кийин ДЕАШ менен күрөш деген көрүнүштүн астында АКШ менен кызматташып аянттагы үстөмдүгүн дагы да арттырды. Өзгөчө 2014 – жылдын ортолорунан тарта террордук уюм ПЙД/ ЙПГ АКШдан алган колдоо менен Сириянын түндүк  - чыгышында кенен аянттардын көзөмөлүн колго алды жана Ракка, Дейрузор сыяктуу энергетика булактарына бай арап аймактарында да АКШ аскерлери менен бирдикте көзөмөлдү колго алган.

Негизинен максаттары колдорундагы Африн менен Сириянын чыгышындагы аймактарды да бириктирип, алдыга жылуу жана акырында Чыгыш Жер Ортолук деңизге чейин барып деңиз менен байланышын кура тургандай  автономиялуу башкаруу модели менен кичинекей мамлекет куруу болгон бирок Түркия  15 -  июлдагы төңкөрүштөн кийин оболу «Евфрат калканы» операциясы, андан кийин «Зайтун бутагы» операциясы менен  бул пландарын бузду. Андан кийин дагы «Тынчтык булагы» операциясы менен Евфраттын чыгышындагы Тель Абяд менен Расулайынды террордук уюмдан тазалап «ПКК мамлекети» планын чоң өлчөмдө жок кылды. Бул мезгилде Түркия АКШ аскерлерин да чоң өлчөмдө аймактан чыгарып жатканда  Россия жана Асад режимине таандык күчтөр да Евфраттын чыгышында белгилүү аймактарга жайгашты. Бул бардык абалдарга карабастан террордук уюм ПЙД/ЙПГ Евфраттын батышында Тель Рыфат жана Манбиж аймактарында,  Евфраттын чыгышында болсо Айн ел Араптан Маликиге, түштүккө карай Ракка жана Дейрузордун бир бөлүгүндө болууну азыр да улантууда. Түркия бир тараптан АКШ жана Россияга кысым жасап террордук уюмдун кыймылдарын азайтууга аракет кылса, бир тараптан уюмдун мүчөлөрүнө жок кылып, Улуттук Чалгындоо Уюмунун операциялары жана куралдуу учкучсуз аба аппараттары менен уюмдун лидер кадрын жок кылууда. Түркия террордун кысымы астында жашоого мажбур болгон күрт жана араптар менен биригип, аларды уюмга каршы коргоо жана багыттоо аракетинде. Түркия тарабында террордук уюм минималдаштырылып, Иракта жүргүзүлгөн операциялар менен уюм тар бир аянтта кысылып, Сирия тарабында болсо АКШнын коргоосу астында жашоосун улантуу аракетинде. Түркия бул чындык менен Сирия аянтынын да  террордук уюм үчүн коопсуз жер эмес экендигин ар дайым көрсөтүп, бул жерди бутага алууну улантууда.



Тектеш кабарлар