Талибандын жогорулашы

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1694633
Талибандын жогорулашы

20 жылдык оккупациядан кийин АКШ аскерлери Афганистандан чыгып, Талибан күтүлбөгөн бир ылдамдык менен Афганистанды колго алды.    АКШ жүз миллиондогон долларларды коротуп машыктырып -  камсыз кылууга аракет кылган афган армиясы дээрлик эч согушпастан эле  таркап, Кабулдагы Хамид Карзай аэропортунда болгон  окуялар АКШнын оккупациясы жана адамзаттык үчүн уялтуучу нерсе болду.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

АКШ 11 -  сентярбдагы кол салуулардан кийин Афганистанды оккупацияга алганда, 20 жыл бул жерде болуп акырында Талибанга таштап кетерин  ойлобосо керек. Байден да баса белгилегендей АКШ бул процессте миңдеген аскери менен 3 триллион доллар акча жоготту. Бүтпөгөн, бүтө тургандай да көрүнбөгөн Афганистандагы согушка Американын ички коомдук пикиринен да чоң каршы чыгуулар болуп, Трамп мезгилинде Дохада Талибан менен жолугушуп өлкөдөн чыгуу күнү белгиленди. Байден мезгили болсо бул процессти ылдамдатты. Бирок АКШда эч ким АКШ аскерлеринин чыгышына параллель катары Талибандын өлкөнү колго аларын, «300 000» кишилик АКШ тарабынан машыктырылып  - камсыз кылынган афган армиясынын дээрлик согушпастан эле таркап кетерин эске алган жок.  АКШ чыгып кете электе эле Талибан башка шаарлар сыкятуу Кабулду да өз көзөмөлүнө алды. Миңдеген АКШ жараны Кабулда калып, АКШ мындан мурда да өлкөдөн чыгарууга убада берген он миңдеген котормочу жана башка тармактарда өзү үчүн иштеген афганды да ортодо калтырды. Кабул аэропортунда болгон окуялар, АКШнын учактарына отурууга аракет кылган бирок артка түртүлгөн афгандар, учактардын дөңгөлөктүрүнө жабышкан, абадан жерге кулап түшкөн көрүнүштөр АКШнын жеңилишин дагы бир жолу көрсөттү. 

Эми АКШ Талибан менен келишип жарандарын Кабулдан чыгаруунун аракетинде. Талибан болсо жеңишин жетилгендик менен тосуп алгандай. Мурунку радикал сөздөрү менен кыймылдарын жок кылып, инклюзивдүү жана камтуучу позицияга ээ. Жок дегенде ушундай көрүнүштү берүүгө аракет кылууда. Албетте Талибандын алдыбыздагы мезгилде таштай турган кадамдары бул багытта негизги белгилөөчү кадам болот бирок Талибан лидерлигинин өткөн күндөн сабак алгандыгы жана дүйнөдөн изоляцияланган бир Афганистанды каалабагандыгы байкалууда.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар