“Борбордук жана Түштүк Азия: Аймактык өз ара байланыш. Чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр” конференциясы

Евразия күндеми-30

1683092
“Борбордук жана Түштүк Азия: Аймактык өз ара байланыш. Чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр” конференциясы
Orta Asya-Afganistan.png

Ардактуу угармандар!  “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасында “Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык өз ара байланыш. Чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр” аттуу конференция тууралуу кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, үстүбүздөгү жылдын 15-16-июль күндөрүндө Ташкент шаарында “Борбордук жана Түштүк Азия: аймактык өз ара байланыш. Чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр” аттуу конференция болуп өттү. Конференцияга Афганистандын президенти Ашраф Гани, Пакистандын премьер-министри Имран Хан, Европа Биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррел Фонтеллес, жыйырмадан ашуун мамлекеттин тышкы иштер министрлери, бюрократтар, адистер жана журналисттер келишти. Аймакта таасирдүү болгон АКШ, Россия жана Кытай сыяктуу мамлекеттердин өкүлдөрү конференциянын катышуучуларынан болушту.

Конференцияда Борбордук жана Түштүк Азия аймактарынын ортосундагы мамилелер, Афганистандын келечеги талкууланды. Борбордук жана Түштүк Азия аймактарынын ортосундагы мамилелердин бекемделиши үчүн транспорт, соода, энергетика жана коопсуздук тармактарындагы мамилелердин биринчилерден болуп жогорку деңгээлге чыгарылышы керектиги баса белгиленди. Тараптар эки аймак ортосундагы байланыштарды бекемдөө боюнча макулдашышты. Конференциянын резолюциясында Афганистан Борбордук жана Түштүк Азия аймактарынын ортосунда “аймактык көпүрө” деп жарыяланды.

Конференциянын алкагында көптөгөн эки жана көп тараптуу жолугушуулар болду. 15-июль күнү Ташкентте Түркмөнстандын демилгеси менен Борбордук Азия мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү. Жыйында аймактагы өлкөлөрдүн лидерлеринин бейрасмий саммитинин август айынын башында Түркмөнстанда өткөрүлө тургандыгы билдирилди.

Ошол эле күнү Ташкентте АКШнын Президентинин улук кеңешчиси Элизавет Шервуд-Рэндалл жана Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны болду. 5+1 форматында болгон жыйында Афганистандагы абал жана анын Борбордук Азия мамлекеттерине таасири талкууланды.

Конференция алкагында Өзбекстан, Афганистан жана Пакистандын тышкы иштер министрлери, АКШнын Президентинин улук кеңешчиси чогулуш уюштуруп, Афганистандын маселесин чечүү үчүн төрт тараптуу жаңы платформа түзүшкөнүн жарыя кылышты.

Конференцияга катышуу үчүн Өзбекстанга келген Пакистандын премьер-министри Имран Ханды Ташкентте президент Шавкат Мирзиёев салтанаттуу азем менен тосуп алды. Мирзиёев-Имран Хан жолугушуусунан кийин тараптар ортосунда 8 келишимге кол коюлду. Ташкентте болуп өткөн Өзбекстан-Пакистан иш форумунда 500 миллион долларлык келишимдерге кол коюлгандыгы жарыяланды. Афган маселеси боюнча көп тараптуу жыйындын Пакистанда да уюштурула тургандыгы билдирилди.

Конференцияга катышуу үчүн Өзбекстанга сапар тарткан Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу алгач Кокон шаарына барды. Кокон шаарында жолугушууларга катышкандан кийин Чавушоглу Ташкент шаарында Президент Мирзиёевдин кабыл алуусунда болду. Чавушоглу конференциянын алкагында кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Урматтуу угармандар, Афганистандын азыркы абалы жана негизи эле аймактагы абал Борбордук жана Түштүк Азия мамлекеттеринен бири-бири менен дагы жакын мамиле жасоону талап кылууда. Мирзиёевдин демилгеси менен уюштурулган конференция, мындай жыйындардын бат-баттан уюштурулуп турушуна өбөлгө түзөт деп ойлойбуз. Конференциянын соңунда Афганистандын Борбордук жана Түштүк Азия аймактарынын ортосундагы “аймактык көпүрө” өлкө катары жарыяланышы маанилүү болуп саналат. Афганистанда тынчтык жана туруктуулук болушу үчүн бардык тармактарда аймактык кызматташтык өнүктүрүлүп, бул процесске Афганистан жигердүү катыштырылышы керек.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 



Тектеш кабарлар