Тунисте саясий кризис

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын пикири.

1683063
Тунисте саясий кризис

Арап жазы төңкөрүшүнөн кийин артта калган бир гана демократия богон Тунис терең бир кризиске кирди. Президенти Саид жекшемби күнү түнү парламнеттин бардык жоопкерчиликтерин  бир айлык мөөнөт менен тоңдургандыгын, депутаттардын кол тийбестигин токтоткондугун, учурдагы премьер  - министр ел  -  Мешишини кызматтан алгандыгын жана өзү дайындай турган премьер  - министр менен бийликти өткөрүп аларын жарыялады.

2011 -  жылдагы Жасмин төңкөрүшүнөн бери өлкөдө  болгон эң олуттуу кризис негизинен келе жаткандыгын кабарлаган. Коронавирус эпидемиясы, коомдук тейлөөнүн начарлашы, жумушсуздук жана коррупциянын айынан январь айынан бери президент Саид жана премьер  - министр ел  -  Мешишинин ортосунда катуу келишпестик болуп жаткан. Саид ички иштер министри жана башка 11 министрдин дайындалышын бекиткен эмес.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

2019 -  жылы экинчи турда президент болуп шайланган Саид  - укук боюнча профессор. Саясатка тыштан келген бир ысым катары саясий партияларга  кийлигишүүсү менен белгилүү. Өкүлчүлүк демократияны сындаган жана түздөн түз демократияны жактаган Саид популисттик өзгөчөлүктөрдү көрсөтүүдө. 2011 - жылдагы революциядан бери ал парламенттик системанын маселелерди чече албай жатканына  нааразы болгон элге жетет. Парламнеттеги эң чоң партия болгон Ел Нахданын кеңселерине кол слуулар болду. Эми да президент Саид  мыйзам чыгарууну тоңдуруп, бардык иш алып баруу жана сот жоопкерчиликтерин колго алды. Армиянын колдоосу менен бул төңкөрүштү ишке ашырган Саиддин Тунистин саясий  - экономикалык маселелерин чече турган жолду табуусу кыйындай көрүнүүдө. Президент Саид Египетте 2013 – жылдагы Сиси төңкөрүшүнөн алган илхам менен Булуң өлкөлөрүнөн акча келерин ойлоп жатат. Бириккен Арап Эмираттарынын бир канча убакыттан бери Тунисте иш алып баргандыгы  байкалууда. Бул жагы менен Перс булуңунун  жаңы бир  статус -кво кыймылы менен  туш келиши мүмкүн.

Парламенттин спикери жана Ел Нахда кыймылынын лидери Ганнуши Саиддин чечимдерин «төңкөрүшкө жана конституияга каршы кыймыл» деп мүнөздөдү жана Тунис калкын  төңкөрүшкө каршы чыгууга үндөдү. Тунистин он жылдык демократиясы олуттуу бир сынак процессине кирди. Президент Саиддин саясатка карата төңкөрүшү бир гана арап дүйнөсүнүн бир гана демократиясы катары көрүлгөн Тунистин саясий кризисин белгилебейт. Ошол эле учурда арап дүйнөсүндө исламчылардын демократиясы менен шайкештиги тажрыйбасынын ийгиликтүү мисалын акырына чыгаруу коркунучунда. Ливиянын төңкөрүшчүл генералы Хафтер Тунистеги 25 -  июль төңкөрүшүн Мусулман айындар  маселесине байланыштырууну тандады.

Акыркы он жылда Ел Нахда жана Ганнуши  тең салмактуу саясат жүргүзгөн. Кээ бир учурларда президенттикке талапкер чыгарбастан, айрым учурларда да сол жана либерал партиялар менен коалиция түзүп, светтик чөйрөлөргө жеңилдиктерди берди. Ал тургай 2016 -жылы "Тунисте саясий исламга орун жок" деп өздөрүн "мусулман демократтарыбыз" деп мүнөздөшкөндөрүн  билдирген.

Ел Нахда кыймылынын 10 -  конгрессинде «чакыруу» менен «саясаттын»; тактап айтканда уюмдашуу менен партиянын бөлүнгөндүгүн жарыялады. Бул акыркы кризис Тунис демократиясынын болгончолук Ел Нахда жана Ганнушинин да кыйын сынагы. Анкара болсо Тунисте «конституциялык тартипке каршы жасалган төңкөрүшкө каршы чыгып» демократиянын  эртерээк курулушун каалап жатат. Батыштык  борбор шаарлар болсо үнсүз. Дагы бир жолу баалуулуктарга эмес, так кызыкчылыктарын тандашты.

Алдыдагы жумалар Тунистин жана Түндүк Африка аймагынын келечеги үчүн абдан орчундуу. Тунисте демократиядан кайтуу аймакка тескери таасирин тийгизиши мүмкүн. Бир гана чечүүчү жол демократияга ээ чыгуу менен ырааттуулукту түзө турган саясий климаттын түзүлүшү.



Тектеш кабарлар