Ден-соолуктун башаты-15

Эрзурум шаарындагы Ататүрк университетине караштуу “Ататүрк билим берүү жана изилдөө” бейтапканасында эмгектенип келе жаткан мекендешибиз доктор Азат Жумуков мырзанын маегин сиздер менен бөлүшөбүз.

1673594
Ден-соолуктун башаты-15
Doktor Azat Cumukov 2.jpg

Урматтуу интернет колдонуучулары, “Ден соолуктун башаты” аттуу программабыздын бүгүнкү чыгарылышында ортопедия жана травматология бөлүмү тууралуу маек болмокчу.              

            Бул программабызда  Эрзурум шаарындагы Ататүрк университетине караштуу “Ататүрк билим берүү жана изилдөө” бейтапканасында эмгектенип келе жаткан мекендешибиз доктор Азат Жумуков мырзанын маегин сиздер менен бөлүшөбүз.

           Суроо: Саламатсызбы, Азат мырза. Алгач убактыңызды бөлүп бизге маек куруп берип атканыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз. Өзүңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз. Түркияда канча жылдан бери жашап, эмгектенип келе жатасыз?

          Жооп: Саламатсызбы, Назгүл айым, урматтуу мекендештер. Мен Жумуков Азат Тегисбекович 2013-жылы Улуттук Медициналык академиясын бүтүргөм. 2014-2015-жылдары Бишкекте ортопедия бөлүмүндө ординатураны бүтүргөм. Бүтүргөн соң эки жыл Бишкекте жеке ооруканада эмгектендим. Андан кийин досторум Түркияда болчу, экзаменге даярданып жүрүшкөн. Алардын аркасынан 2017-жылы келдим. Эки-үч жылдай экзаменге даярданып, азыр Ататүрк университетине караштуу бейтапканада ортопедия бөлүмүндө ординатуранын экинчи жылын бүтүрүп жатам.  

          Суроо: Сиздин бейтапканадагы бөлүмүңүз тууралуу кеп кылсак. Ортопедия жана травматология бөлүмүндө окуп-эмгектенип келе жатыптырсыз. Бөлүмүңүздү кандайча тандап алдыңыз? Анан бейтапканадагы иштөө тартибиңизди айтып берсеңиз. Мына азыр мекенибизден сыртта жүрөбүз. Мекендештерибизден сизге кайрылгандар болобу ушулар тууралуу кеп салсак.

          Жооп: Эрзурумдагы Ататүрк университетине караштуу бейтапкана дүйнөдөгү чоң бейтапканалардын арасына кирет. Анан Түркиянын жогору жагында жайгашат. Бул – Эрзурум деген шаар өзү Грузиянын, Армениянын, Азербайжандын чек арасына жакын жайгашкан. Ошого байланыштуу бул жактагы бейтаптардын саны өтө көп. Анткени, Түркиянын бул жактагы чоң бейтапканасы болуп саналат. Ортопедия жана травматология бөлүмүндө 54 койка ордубуз бар. Интенсивный терапияда дагы алты койка бар. Бул орундар бош болбойт дайыма. Бир бейтап бери дегенде үч күн жатат. Ал чыккан соң ордун башка бир бейтап ээлейт. Операциялар тынымсыз болуп турат. Күндө 20-25 операциядан кылынат. Ассистент деп коёбуз, ординаторлордун да саны көп болот. Он бештен кем болбойт. Анан мугалимдер, биздин илим берүүчүлөр, профессор, доцент, жарым доценттердин саны да көп болот, онго жетет. Бул жакты тандаганымдын себеби, операциянын тынымсыз болуп турганы болду. Азыркыга чейин операцияларды кылып баштадык. Экинчи жылым болот. Буюрса үч жылдан соң бүтүрүп калам. Бул жактан чыккан адистер бүт операцияларды кыла алат. Эндопротезирование, ордоскопия бүт травмаларды кылып калат. Анан Кыргызстандан кандайча келип даарылансак болот деп сурап калгандар болот. Бирок, азыркыга чейин келгендер болгон жок. Анткени, кыргызстандыктар үчүн Стамбулдагы жеке бейтапканалар менен байланышып ошол жерде операция кылынат көбүнчө. Бирок бул жактагы деңгээл Стамбулдагы бейтапканалардан кем эмес. Бардык операциялар кылынат. Бүт материалдар бар колубузда. Анан ортопедиянын тандагымдын себеби кичинекей кезимде эле атам үчүнчү курска чейин мед-институтта окуп ветеринар болуп кеткен. Анан мен мектепте окуп жүргөндө эле ортопедия жана травматологияны оку деп жөндөмө берген окшойт. Ошентип мед-академияга тапшырып калдым бюджетке. Андан соң бул жакка келип калдык. Ортопедияны тандап калдым, кудайдын буйругу деп айтам.     

            Суроо: Албетте, медицина жаатында Түркия менен Кыргызстандын ортосунда өтө көп айырмачылыктар бар эмеспи. Сиз бул жакта иштеп жүргөн мекендеш доктор катары буларды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүңүз болгондур. Бөлүмүңүздө Кыргызстан менен Түркияда жасалган операциялардын айырмачылыктарын айтып берсеңиз. Анан келечекте ойлогон, ишке ашырам деген максаттарыңыз тууралуу кеп кылсак.

            Жооп: Эми, Назгүл айым, Кыргызстан менен Түркиянын ортолорунда экономика жагынан болобу, медицина жагынан болобу он беш-жыйырма жыл айырмасы бар. Бир бираз артта калып турабыз. Бирок аракетибиз чоң. Эки мамлекеттин тең ортопедия жана травматология бөлүмүн кандай деңгээлде экенин көрдүм. Негизинен эле бизде адистерде бир маселе жок. Адистер бүт операцияларды кылат, кыла алат, кылгысы дагы келет, үйрөнөт. Бирок, мамлекеттен финансы, материалдык жактарынан колдоо болбойт. Ошондуктан көп эле операциялар кылынбайт. Башка мамлекеттерге кетип ошол операциялар ал жакта кылынганга шарт түзүлөт. Анан мен ушул жакта бүтүрүп, Кыргызстанга барып эмне кыларымды өзүмө суроо берем. Бул жакта жүргөн врач мекендештер, адистер Кыргызстанга өз салымыбызды кошуп ушул ортопедия жана травматология жагынан жаңы операцияларды алып барып ошолорду өнүктүрүп элге жеткирсек деп ойлойм. Ушул биздин максатыбыз ошо, бул жактан билим алып кайра Кыргызстанга барып элибизге-жерибизге кызмат кылуу.

            Суроо: Азат мырза, бизге атайын убактыңызды бөлүп маек куруп бергениңиз үчүн дагы бир жолу сизге ыраачылык билдиребиз. Мындан кийинки иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз, ден соолукта болуңуз. Саламатта калыңыз.

          Жооп: Назгүл айым, урматтуу мекендештер. Сиздерге калоорум тынччылыкта болуңуздар, ден соолукта болуңуздар. Оорубаңыздар. Оорусаңыздар кудайга дуа кылып, тажырыйбалуу адистерге кайрылыңыздар. Калоорум Кыргызстаныбызда тынчылык болсун, гүлдөп өнүгө берсин. Сак-саламатта калыңыз.

            Урматтуу угарман, баарыңыздарга ден соолук каалайбыз жана ар күнүңүздөрдүн бакубат өтүшүнө тилектешпиз. Программаны даярдаган  Назгүл Кадырова. 



Тектеш кабарлар