Анадолунун алгачкылары – 21.2021

Локман Хеким.

1679300
Анадолунун алгачкылары – 21.2021

    Урматтуу окурмандар, бардык жандыктар туулат, өсөт жана өлөт... Адам баласы мунун тышындабы? Өлүмсүздүк, түбөлүктүүлүк деген нерсе барбы? Айрым илимпоздор жана футурологдор бул тууралуу изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Биологдор тажрыйбаларында тамак  - аштар жарымына чейин азайтылган жана зыяндуу тамак  - аштардан алыс кармалган чычкандардын өмүрүнүн  40 пайызга дагы узаргандыгын далилдешти. Биз албетте бардык нерсе көзөмөлдө болгон бир лабораторияда жашабайбыз бирок бул изилдөө туура тамактануунун, адам өмүрүн узартууга болорун ортого салышы жактан мааниге ээ болууда.

  Футурологдор да  узак өмүр сүрүү жана түбөлүктүүлүк боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүшүүдө. Медицина жана технологиядагы өнүгүүдөн пайдаланып, жакынкы убактарда рак жана иммунитет системасындагы оорулар башта болгон башка оорулардын болбой тургандыгын жана ушундайча адам өмүрүнүн узарарын айтышууда.

Негизинен адамдын түбөлүктүү экендигин жана мунун ДНКбыздын коддолгондугун, чыгарыла турган жаңы технологиялар менен адамдардын түбөлүккө чейин жашай тургандарын айткандар да бар! Бул пикирди жактагандардын бирөөсү да белгилүү астрофизик Стивен Хокинг. Мындай ойлор логикага жатпаса да түбөлүктүүлүктүн мүмкүн экендигине ишенген көптөгөн киши бар. Андай болсо бул ой азыркы күндөгү технологиялык алдыга жылуудан кийин пайда болдубу деген суроо жаралат. Адамдар түбөлүктүүлүктү  качантан бери  изилдеп жатышат?

Адамдардын түбөлүктүүлүктү издеши негизинен Индия, Кытай, Япония, Скандинавия, грек жана  түрк мифологияларында бат – бат орун алган тема болгон. Бул цивилизациялардын айрымдары түбөлүктүүлүктүн сырын океандардын түбүнөн чыгарылган бир суусундуктан, айрым өсүмдүктөрдөн жана кээ бирлери суудан, кээ бирлери да жаныбарлардан издешкен. Миңдеген жылдык уламыштарында адамдардын бул сырды тапкандыгы бирок жоготкондугунан сөз болот.

  Сумерлердин легендарлуу каарманы Гылгамыш миң түрдүү аракет менен издеп табат адамды өлбөс кылып жараткан  «өмүрдүн чөбүн»; гректердин ден соолук кудайы Асклепиос өлүмдү токтотуу үчүн медузанын канын пайланат; македониялык Улуу Александр  «аб  -  ы хаят» тактап айтканда «өмүр суусун» издейт,  Локман Хеким болсо түбөлүктүүлүккө жетүү үчүн өсүмдүктөрдүн тилин үйрөнөт.

Гылгамыш дастанындагы « түбөлүктүүлүк же өмүр чөбү» уламышы, Анадолу географиясындагы «Локман Хеким» баянына окшошот. Локман Хеким чындыгында жашаган бир кишиби же  уламыштын каарманыбы белгисиз. Бул жерлерде миңдеген жылдар көптөгөн ойчулдар, окумуштуулар менен дарыгерлер чыккан. Баарынын болбосо да  көпчүлүгүнүн аты, жашаган жери менен даталары жазылган тексттерде орун алган. Локман Хеким деген атты кездештирүү мүмкүн эмес. Айрымдары Локман Хекимдин байыркы доордун белгилүү  дарыгери Алкмеон деп, үндөрүндөгү окшоштуктарды да ортого салышат. Бирок булар жөн гана айтылган сөздөрдөн башка эч нерсе эмес. Медицина тарыхынын айрым адистери турмуштарындагы окшоштуктардан жана кээ бир параллелдиктерден улам Асклепиос, Гиппократ жана Гален менен байланыштырышат Локман Хекимди. Кээ бир изилдөөчүлөр да байыркы доорлордон бери айтылып келген аңгемелер боюнча  анын күбөлүгүн белгилөөгө аракет кылышат.

Локман Хекимдин аты бир гана Анадолу эмес, Балкандар, Иран, Азербайжан, Түркмөнстан жана Өзбекстанга чейин кенен аймакта  аталат. Мисалы түрк дүйнөсүнүн белгилүү медицина илимпозу Ибн Сина мезгилинин Локман Хекими катары аталат.

Ал мезгилдерде мыкты дарыгер жана фармацевт болуунун жолу, дары катары колдонууга боло турган өсүмдүктөрдү билүү,  муундан муунга өткөрүлүп келген маалыматтарга жаңыларын кошуу болгон. Азыркы күнгө чейин келген элдик медицина жана фитотерапиянын тамыры да ал эски мезгилдерге чейин барат. Шыпаалуу өсүмдүктөр өзгөчөлүктөрүнө карата демделип, бышырылып же эзилип, кургатылып, маңыздары жана майлары чыгарылып дары жасалган. Колдонула турган ыкмаларчалык өсүмдүктүн кайсы бөлүгүнүн пайдаланылары да маанилүү. Оорунун түрүнө жараша шыпаалуу чөптөрдүн тамыры, жалбырагы, уругу, гүлү же мөмөсү колдонулат. Мына ушуларды абдан жакшы билген жана колдонгон адам Локман Хеким болгон.

  Локман Хекимдин бардык дарактардын, гүлдөрдүн жана чөптөрдүн тилин жакшы билгендигине ишенилет. Өсүмдүктөр сырларын ага билдирип, ал да ооруларга шыпаа боло турган дарыларды ушундайча жасаган. Анадолунун бардык жеринде билинсе да эң көп Адана жана Чукуровада ээ чыгышат Локман Хекимге. Бир айтылган сөзгө караганда Локман Хеким Анадолунун ар бир карыш жерин кыдырып, сырын билген. Өсүмдүктөрдүн бардык түрү өскөн Чукуровага барган Локман Хеким ушул жерге жайгашууга чечим чыгарат жана Мисис шаарында жашап калат. Бейтаптарды дарылай баштайт жана эч ким оорубай калат. Адамдар Локман Хекимден түбөлүктүүлүккө чара табуусун суранышат. Локман Хеким ошентип жолго чыгат. Чукурованын берекелүү түздүктөрү менен чокусу тумандуу Торосторду кыдырат. Бир дарактын көлөкөсүндө уктап жатып бир үн угат: «Көп убакыттан бери сен издеп жүргөн чөп менмин. Мен өлүмдүн дарысымын. Мындан кийин адамдарга да жаныбарларга да өлүм жок»,- дейт. Дароо чөптүн жанына барат жана  дарынын кандай жасаларын да үйрөнөт, дептерине жазат. Чөптү да алып кайтуу үчүн жолго чыгат Локман Хеким. Жашаган шаарына жакын жердеги Мисис көпүрөсүнөн өтүп баратканда шамал эпкиндейби же бир нерсеге урунабы белгисиз, дептери менен түбүлүктүү кыла турган чөп да дарыяга түшөт жана өлүм дагы чара табылгыс нерсе бойдон калат.

Ал дарыя Чукуровага өмүр берген Жейхан. Локман Хеким өткөн «Мисис» көпүрөсү бүгүн «Түбөлүктүүлүктүн көпүрөсү» деп аталат. 7 миң жылдык тарыхы болгон Мисис байыркы шаары соода жолдорунун үстүндө орун алышы менен Рим мезгилинин негизги шаарларынын арасында көрсөтүлүүдө. Локман Хекимден улам да «түбөлүктүүлүктүн шаары» деп билинген шаарда Хитит, Ассирия, Рим, Византия, Селчуктук жана Осмон империясынын издери бар.

Азыркы күндө дары  - дармектердин чийки затынын маанилүү бир бөлүгү өсүмдүктөрдөн алынат. Синтетикалык дарылардын табылгандыгына карабастан дүйнөдө көптөгөн адам азыр да өсүмдүктөрдөн жасалган дарыларды колдонууда. Илгертен бери келе жаткан өсүмдүктөр менен дарылоо, Анадолуда ал доорлордон тарта колдонулууда. Локман Хеким  уламышы да бул илгерки акылмандыктан азыктанып, элдик медицинада орун табат. Ал тууралуу кылымдардан бери  түрдүү аңгемелер айтылып келет. Мевланынын, Юнус Эмренин саптарында, ырларда алдыбызга чыгат Локман Хеким. Балким чындык, балким уламыш бирок он миңдеген адам андан үмүт кылып, жардам күтөт.

  Урматтуу окурмандар, бүгүн Анадолу элдик медицинасынын эң эски ысымы болгон Локман Хекимден сөз кылдык. Программаны даярдаган Неслихан Дегирменжиоглу.

 

 

 



Тектеш кабарлар