Буларды билесиздерби?

Сегиз миң жылдан бери Диярбакырдагы Хевсел бакчаларында дыйканчылык менен алектенилгендигин билесиздерби?

1676969
Буларды билесиздерби?

 

Хевсел бакчалары Диярбакырдын түштүк – чыгышында тарыхый чептер менен Тигр дарыясынын ортосунда, дарыя аркылуу ташылып келген түшүмдүү жерлерден турган  7 00 гектардык түшүмдүү аянт. Чептердин дароо эле эңишинде  түрдүү мөмө дарактары менен жашылча  - жемиш өстүрүлгөн Хевсел бакчалары,  миңдеген жылдар шаардын жашылча  - жемиш жана мөмө муктаждыгын камсыз кылып келген.

Көптөгөн  өсүмдүк түрү өскөн Хевсел бакчалары ошол эле учурда Түштүк Чыгыш Анадолу аймагынын эң чоң канаттуулар бейиши. 180ге жакын канаттуунун түрү жашаган табигый аянт, түлкү, суур, тыйынчычкан жана кирпи сыяктуу бир топ сүт эмүүчү жаныбарларды да  багууда.

2013 -  жылы Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү үчүн Диярбакыр чептери менен бирге ЮНЕСКОго талапкер көрсөтүлгөн Хевсел бакчаларынын 2015 -  жылы Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргендиги жарыяланды.

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар