Анадолунун алгачкылары - 20. 2021

Медицинада жана фармацевтикада Гален өзүнөн кийинкилерге он беш кылым бою таасир эткен.

1676710
Анадолунун алгачкылары  - 20. 2021

    Байыркы доорлордон бери адамдар көп учурда оорулардын алдында дайыма алсыз болуп, айыгуу үчүн сыйкырчыларга, шамандарга же кечилдерге кайрылып келишкен. Кээде жаман рухтар адамды ооруга чалдыктырат деп эсептелсе, кээде кудайлардын алдындагы күнөөлөр оорунун себеби катары көрүлгөн... Дарылоочу чөптөр, тумарлар жана ритмикалык үндөр аркылуу жаман рухтардан арылуу ошондой эле курмандык чалуу - булар дарылоонун эң башкы ыкмаларынан болуп саналган. Кудайлар дээрлик баардык тармакта башкы орунда тургандай эле ден-соолук боюнча да алдыңкы ролду ойношкон. Байыркы доордо, Батыш Анадолу аймагында жашаган философтор далилге таянган илимге жол ачкандан кийин медицина илими дагы алдыга жыла баштаган. Мына ошентип алгачкы жолу өлүктөрдү изилдөө тажрыйбасы биздин заманга чейинки 5- кылымда жүргүзүлөт. Анан көп өтпөй Гиппократ динди жана сыйкырды таштап, медицинага, акылга жана байкоого таянган практикалык ыкманы иштеп чыгат: ошондуктан ал медицинанын атасы деп аталып калат. Гиппократтын мындай түшүнүгүн пергамондук Гален  улантат. Гален - Анадолунун биринчи ооруканасында бейтаптарды дарылаган илгерки замандын эң негизги дарыгерлеринин бири.

Гален бүгүнкү Измирдин Бергама районунда төрөлгөн.  Бергама мындайча айтканда Пергамон ошол кезде Пергамон падышачылыгынын борбору болгон. Шаар ошондой эле байыркы доордогу эң маанилүү ден-соолук борборлорунун бири. Анадолунун биринчи жана эң чоң ооруканасы Асклепион Пергамада жайгашкан. Бул жерде Гален бейтаптарды дарылап, окуучуларга билим берген.

  Алгач өзү туулуп өскөн шаары Бергамада, андан кийин Александрияда Гиппократтын жолун жолдоп, медицина жаатында билим алат. Ал оорулардын Кудайдын жазасы эмес экенин, табигый себепке байланыштуу экенин айтып, сыйкырдуу жол менен дарылоого каршы чыгат. Ошондой эле Гиппократ сыяктуу ал дагы медицинанын объективдүү болушун жана байкоо жүргүзүүгө таянышы керек экендиги тууралуу түшүнүктү жактаган. Мына ошентип эксперименталдык илимдин башталган жана өнүккөн биринчи жери катары Анадолу - Галендин саясында медицинада ушул тенденциянын баштоочусу болуп тарыхтан орун алат.

  Римде жашаган мезгилинде Гален императордун дарыгери болуп, айрыкча гладиаторлордун ар кандай жарааттарын айыктыра баштайт. Жарадар болгон гладиаторлорду дарылоонун саясында ал адамдын физиноминиясын таанып, анатомиялык билимин жана тажрыйбасын кеңейтет. Булчуңдарды, сөөктөрдү жана нервдерди изилдеп, артериялар менен веналардын түзүлүшүн байкайт. Ал мурда билингендей артерия тамырлары аркылуу аба эмес, кан айланып турганын аныктайт. Жана ошондой эле Гален алгачкы жолу тирүү жаныбарларга тажрыйба жүргүзөт. Ошентип, ал жаныбарлардын организмдик түзүлүшү жана органдары жөнүндө маалымат алат. Анын тирүү жандыктар жөнүндөгү изилдөөлөрү этикалык жактан сындалса дагы, ал бул изилдөөлөр менен эксперименталдык физиологияга жол ачат. Ошондой эле аренада гладиаторлор менен күрөшкөн жапайы жаныбарларга тажрыйба жүргүзөт. Кекиртек нерви кесилгенде үндүн чыкпай калганын, жүрөккө барган нервдер кесилгенде жүрөктүн сокпой токтогонун байкайт. Ошентип, ал анатомиянын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Гален анатомиялык маалыматы жок врачты планы жок архитекторго окшоткон.

  Галендин эксперименттери ушунчалык так жана күчтүү жүргүзүлүп, ошол мезгил адамдар ишенип келген нерселерди толугу менен тескери нукка бурган жана чоң өзгөрүү жасаган. Бул өзгөрүүнүн таасири орто кылымдарга, ал тургай Ренессанска чейин уланып келген. Бирок караңгылык доору деп да аталган орто кылымдарда медициналык изилдөөлөр кайрадан чиркөөнүн көзөмөлүнө өтүп, өлүктөрдү изилдөөгө тыюу салынат. Ал эми Гален рухтун өлбөстүгүнө ишенгендиги үчүн анын идеялары ошол учурда кабыл алынып эле калбастан, ал сунуш кылган маалыматтар теңдешсиз эсептелген. Жана дагы орто кылымдагы медицинанын "Галендин медицинасы" деп эскерилип калышы да мына ушундан улам экени шексиз. Ошондой эле өзгөрүлгүс эреже катары кабыл алынган Галендин ачылыштары Ренессанс доорунда гана толугу менен изилдене баштаган.

 Дарыгер Галендин гладиаторлордун жараларын айыктырууда колдонгон дарылары көңүлдөрдү  буруу менен  бирге заманбап дарыкананын негизин түзөт. Себеби Гален ар кандай минералдар менен  бирге дарыларды жасоодо колдонулган беш жүзгө жакын өсүмдүктөн жана жаныбарлардан алынган оорууларды айыктырууда колдонулуучу заттардын жана алардын таасирлерин аныктаган. Ошондуктан ал фармакологиянын негиздөөчүсү жана биринчи фармацевт катары да таанылган окумуштуу. Ал байыркы доордун көрүнүктүү дарыгерлеринин бири гана эмес, ошондой эле өсүмдүктөрдөн алынган пайдалуу заттардан дары жасаган биринчи дарыгер жана дүйнөнүн алгачкы фармацевти. Бирок эмнегедир, медицинанын атасы Гиппократты дээрлик бардыгы билишет да эмнегедир медицина илимине ушунча салым кошкон алгачкы спорттук дарыгер жана алгачкы фармацевт  - анадолулук Галенди көпчүлүк жакшы билбейт…

  Ал өзүнө чейинки медицина илимпоздорун урматтаганы менен, алардын эч биринин көз карашын болгонун болгондой кабыл албастан өзүнүн изилдөөлөрүнүн жана байкоолорунун натыйжаларына ылайык алардын маалыматтарын жаңылап,  иретке келтирет. Гален  - диагностикалык терапияны да алгачкы колдонгон дарыгер. Ал ооруну пайда кылган же козгогон факторлор организмдин тышынан келет деген түшүнүктү жаратып, ушул түшүнүктүн негизине таянып  "тышкы факторлор" теориясын иштеп чыккан. Ренесанс доорунда Галендин каталары аныкталат. Анын айткандарынын бардыгына шектүү мамиле жасалып, анын теориясына да шектүү карала баштайт. Бирок, Пастердин бактериялардын бар экендигин далилдеши, Пергамондук Галендин теориясынын туура экендигин көрсөткөн.

   Медицинанын теориялык жана практикалык тармактарында да көптөгөн китептерди жазган. Бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган китептери жыйырма томду түзөт. Негизи Галендин ноталары менен китептери 20 том эле эмес мындан да төрт эсе көп болуп, калгандары жоголгон деп болжолдонууда. Бүгүнкү дарыгерлер Галенди медицинанын бардык тармагын түшүнүп, синтездей ала турган илимий даражага ээ болгон деп айтышат. Бүгүн биз көп угуп жүргөн "интегративдик медицина" же "функционалдык медицина" ыкмасы Галендин ыкмасына дал келет.

   Гален ошондой эле төрт башка мүнөздөгү адамдардын бар экендигин айтат. Ал адамдарды төрт класска бөлөт: жылуу-жумшак жанга жакын мамиле кылган киши, жай жана жайбаракат аракет кылган жүдөө бечара киши, муңдуу жана кыймылсыз киши, жигердүү жана сезимтал киши. Анын бул теориясынын бүгүнкү күндө кандайдыр бир илимий негиздүүлүгү жок болсо да, заманбап психологияда инсандык теориялардын калыптанышында маанилүү ролду ойнойт. 

Гален медицинада объективдүү байкоо жана сарамжалдуу баа берүүнүн шарт экендигин баса белгилеп кеткен. Ошентип, Анадолунун медицинасы сыйкырга, эмчи-домчуларга жана кудайга негизделген дарылоо ыкмасынан арылып, өзүнүн илимий нугуна түшөт. Медицинада жана фармацевтикада Гален өзүнөн кийинкилерге он беш кылым бою таасир эткен. Кылымдар өткөндөн кийин, анын айрым аныктамалары жана дарылоо ыкмалары туура эмес экени далилденсе да, бир чындыкты жокко чыгара албайт... Чындык - бул анатомиялык жана физиологиялык тажрыйбалар жүргүзгөн Галендин заманбап медицинанын алгачкы өкүлдөрүнүн бири экени.

  Бүгүнкү программабызда Гиппократтан кийин медицина илимине эң көп салым кошкон, дүйнөдөгү экинчи ири дарыгер жана алгачкы фармацевттердин бири - бергамалык Гален жөнүндө баяндадык. 



Тектеш кабарлар