Түркия-Өзбекстан мамилелериндеги соңку абал

Евразия күндеми-27

1673275
Түркия-Өзбекстан мамилелериндеги соңку абал
Fuat Oktay-Özbekistan.png
Fuat Oktay-Özbekistan-3.jpg
Fuat Oktay-Özbekistan-1.jpg
Özbekistan-Türk Konseyi-1.jpg

Ардактуу угармандар! “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасында Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октайдын Өзбекстанга жасаган иш сапары жана Түркия-Өзбекстан мамилелеринин азыркы абалы тууралуу кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, үстүбүздөгү жылдын 27-июнь күнү Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай 6-Түркия-Өзбекстан өкмөттөр аралык биргелешкен экономикалык комиссиясынын жыйынына катышуу үчүн Өзбекстанда иш сапары менен болду. Ташкентте Фуат Октайды Өзбекстандын Вице-премьер министри Сардор Умурзаков тосуп алды.

Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай 28-июнь күнү Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкө президенттеринин ушул жылы жасай турган иш сапарларында күн тартибине алына турган маселелер талкууланды. Түркия-Өзбекстан стратегиялык кызматташтыгы боюнча жогорку даражадагы кеңештин 2-жыйынынын Президент Режеп Таййип Эрдогандын катышуусу менен бул жылы Өзбекстанда өткөрүлүшү пландалууда. Ошондой эле Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Түркияда боло турган Түрк Кеңеши саммитине катышуусу күтүлүүдө.

Андан соң Октай менен Умурзаковдун төрагалыгында 6-Түркия-Өзбекстан өкмөттөр аралык биргелешкен экономикалык комиссиясынын жыйыны болду. Жыйындын аягында тараптар 58 маселе боюнча макулдашышканын жарыя кылышты.

Аталган иш сапарынын алкагында Ташкент шаарында 250 ишкердин катышуусу менен Өзбек-түрк иш форуму болуп өттү. Фуат Октай менен Сардор Умурзаков катышкан форумда  679 миллион доллардык 25 келишимге кол коюлду.

Фуат Октай Өзбекстанда иштеп жаткан түрк ишкерлери менен жолугушту жана алардын көйгөйлөрүн укту. Түркия Республикасынын Вице-президенти Самарканд, Бухара шаарларын кыдырган соң Түркияга кайтты.

Урматтуу угармандар, 2019-жылы эки өлкө лидерлери орток соода жүгүртүү көлөмүн 5 миллиард долларга чыгарууну максат кылышкан эле. Бул максаттын 2022-жылы ишке ашаары айтылууда. Акыркы 1,5 жылда Өзбекстанда 500дөн ашуун түрк фирмасы курулду. Ислам Каримов доорунда ар кыл себептерден улам айрым адамдар тарабынан тартып алынган түрк фирмаларынын мүлктөрү кайтарылып бериле баштады. Түркиянын банктары Өзбекстанда филиалдарын ачууда. Түркиянын Соода министри апрель айында Өзбекстанда иш сапары менен болду. Үстүбүздөгү жылдын 7-март күнү Самаркантта Түркиянын Башкы консулдугу ачылды. Май айында Өзбекстандын Анталиядагы ардактуу консулу дайындалды. Стамбулдан Өзбекстандын 8 шаарына учактар каттай баштады.

Өткөн жылы Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Өзбекстанда иш сапары менен болуп, Түркия менен Өзбекстандын коргоо министрликтеринин ортосунда “Аскердик каржылык кызматташуу келишимине” жана “Акчалай жардам көрсөтүү протоколуна” кол коюлган эле. Президент Мирзиёев март айында бул келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду. 23-27-март күндөрү Тирмизде Өзбек-түрк орток аскердик машыгуулары болду. Жакынкы келечекте коргонуу өнөр-жайы товарларын биргелешип чыгаруу маселеси эки мамлекеттин күн тартибине келиши ыктымал.

Өзбекстандын Түрк Кеңешине мүчө болгону баарыбызга маалым. Өткөн аптада Өзбекстан ТүркПАга мүчө боло тургандыгын билдирди. Өзбекстандын Түрксойго мүчө болушу да жакынкы келечекте ишке ашса керек. Үстүбүздөгү жылдын 24-июнунда Өзбекстанда болуп өткөн Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин туризм министрлеринин 6-жыйынында Кокон шаары Түрк дүйнөсүнүн туризм борбору деп жарыяланды.

Жыйынтыктай турган болсок, Түркия-Өзбекстан мамилелери эң жемиштүү мезгилди башынан өткөрүп жатат. Түркия-Өзбекстан мамилелеринин жогорку деңгээлде болушу түрк дүйнөсүндөгү мамилелердин өнүгүшүнө салым кошот.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар