ЕБнин лидерлер саммити жана Түркия

SETAнын Коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору Проф. Д-р Мурат Йешилташтын бул темага байланыштуу баа берүүсү...

1669300
ЕБнин лидерлер саммити жана Түркия

 

ЕБнин лидерлери июнь айынын акырында дагы бир жогорку деңгээлдеги жыйналыш өткөрдү. Жыйналыш бир айга созулган тыгыз дипломатиялык программанын артынан болду.

SETAнын Коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директору Проф. Д-р Мурат Йешилташтын бул темага байланыштуу баа берүүсү...

2021-жылдын июнь айындагы G-7 саммити, НАТО жана АКШ-ЕБ саммиттери менен бирге Транс-Атлантикалык карым-катнаштар Жо Байдендин АКШнын президенттиги мезгилинде жаңы ылдамдыкка ээ болду. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын мурасынын кыйратуучу таасирлери азырынча терсине бурула элек, бирок Вашингтон Европа материгиндеги шериктештери менен иштешүү үчүн жаңы ниетин көрсөттү.

Европада өзгөчө коопсуздук жана тышкы саясат тармактарында Вашингтон менен кызматташтыктын күчтөндүрүлүшү темасында баш аламандуу сезимдер бар эле. Байдендин ушул убакка дейре болгон иш-аракеттеринин, Трамп жетекчилигинин терс мурасы жана Ковид-19дун артынан АКШ менен ЕБнин ортосундагы ишенимди жана тилектештикти кайрадан куруу үчүн жетиштүү болбогону көрүнүп турат. Кытай менен кандай карым-катнаш түзө турганы, Россия темасында кандай мамилени көрсөтө турганы, коронавирустан кийин калыбына келүү үчүн экономикалык кызматташтыктар жана координация сыяктуу талаштуу айрым темалар, Атлантиканын ары жагындагы оң атмосферанын корголушу үчүн кечеңдетилген сыяктанат.

Түркия үчүн акыркы лидерлер саммити кандайдыр бир конструктивдүү кадам таштоо убадасын берген  жок. Чындап эле саммит Брюссель менен карым-катнаштарды кайрадан жандантууга даярданган Анкара үчүн көңүл калааарлык окуя болду. Түркия менен оң күн тартип сөз сүйлөөсү так жыйынтыктар менен жыйынтыкталган жок. Түркияда көпчүлүккө "позитивдүү күн тартиби" деп аталган нерсе чындыгында чын ыкластан жасалбаганы жана Анкаранын автономдуу аракеттерин чектөө үчүн гана колдонулганы айдан ачык.

Жыйынтык билдирүүсүндө Түркия тууралуу тогуз берене орун алды, бирок бул беренелердин эч бирисинде Түркия талапкер өлкө катары белгиленген жок. Түркия менен карым-катнаштарын дагы жакшы деңгээлге чыгарыш үчүн так кадамдар ташталган жок, ал эмес Түркия менен диалог белгилүү шарттарга байланыштырылды.

Жыйынтык билдирүүсүндө сириялык качкындарга жардам жөнүндө айтылды, бирок миграция кызматташтыгы Түркияга уникалдуу кадам эмес.  Тогуз айдан бери уланган «оң күн тартипке» карабастан Түркия менен карым-катнаштардын нормалдашуусуна карай так кадамдар ташталган жок. Европанын убадаларынын арасында булар орун алды; визаны либералдаштыруу, бажы биримдигинин модернизацияланышы, катышуу процессинин кайрадан жандантылышы, коргонуу жана тышкы саясатта дагы жакшы координация жана кызматташтык.

Оң күн тартиптин сүйлөшүлүшү расмий актерлор менен катар жарандык коомчулуктарда ЕБ күн тартибин колдоочуларды толкундантты. Бул кыска мөөнөттүү позитивдик мезгилди, ЕБнин тынымсыз кийинкиге жылдырышынын себебинен ылдам түрдө көңүл калууга айланууда. Айрым ЕБне мүчө өлкөлөр, ЕБ-Түркия карым-катнаштарынын бузулушуна канагаттанышы мүмкүн, бирок терс бүдөмүктүн улантылышы ЕБнин узун мөөнөттүү стратегиялык турумун дагы начарлатат. Европанын лидерлеринин Түркия тууралуу адилетсиз чечимдеринен кийин Түркиядагы Европага карата шектенген жана сынчыл үндөр дагы көп платформага ээ болот.

Түркиядагы расмий турум ЕБнин Түркия тууралуу «оң күн тартибинин чынчыл болбогону» жөнүндө. Бул болсо Түркия-ЕБ карым-катнаштарында Түркиядагы кызматташуучу мамилени кыйырда көрүнгөн үмүттөр орун алган алты ай мурдагысына караганда дагы татаал абалга келтирет.

Бул чынчыл болбогон мамиледен пайдалангандар Европадагы туркофобик чөйрөлөр жана Түркияда кеңейген Европа шек саноочулугу болуп саналат. ЕБнин лидерлери, Түркия менен мамилелердин жакшыртылышын кийинкиге калтырыш үчүн шылтоо катары рум жана кипрдик румдардын идеяларынын аркасына жашырынууну токтотуулары керек. Жогорудагы себептен улам «оң күн тартиптин» ишенимдүүлүгү коркунучта турат. Бул чынчыл болбогон расмий мамиле улантыла турган болсо, Анкара жана дагы кеңири түшүнүк менен айтканда түрк коомдук пикири, ЕБ менен диалог жана кызматташтыгын кеңейтүүгө карата кызыгуусун жана каалоосун жоготушу мүмкүн.

 



Тектеш кабарлар