Грузиянын өкмөт башчысы Гарибашвилинин Анкарага жасаган иш сапары

Евразия күндеми-23

1657838
Грузиянын өкмөт башчысы Гарибашвилинин Анкарага жасаган иш сапары

Ардактуу окурмандар! “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Грузиянын өкмөт башчысы Ираклий Гарибашвилинин Анкарага жасаган иш сапары тууралуу сөз кылабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 1-июнь күнү президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили Түркияга алгачкы иш сапарын жасады. Грузия делегациясынын курамында Грузиянын тышкы иштер, экономика жана экология министрлери, Ажариянын өкмөт башчысы орун алышты. Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Гарибашвилини Анкарада салтанаттуу азем менен тосуп алды. Жолугушуудан соң лидерлер журналисттерге брифинг беришти. Брифингде Гарибашвили иш сапарынын жемиштүү болгонун билдирди жана Президент Эрдоганды Грузияга расмий визит менен келип кетүүгө чакырды.

Түркия 15 жылга чукул убакыттан бери Грузиянын эң ири соода өнөктөшү болуп саналат. Лидерлер басма сөз жыйынында эки өлкө ортосундагы соода-сатык жүгүртүү көлөмүн 3 миллиард долларга чыгаруу боюнча макулдашышканын билдиришти. Түркия менен Грузия - чыгыш-батыш транспорт байланышы тармагында транзит мамлекеттер катары бул багытта дагы көбүрөөк иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Зенгезур коридору ачылган күндө деле, Түркия-Грузия-Азербайжан транспорт коридору өз маанисин жоготпойт десек жаңылышпайбыз.

Түркия менен Грузия саламаттыкты сактоо тармагында да өз ара кызматташтыкты чыңдоочу иш аракеттерди жүргүзүп келе жатышат. Үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо өкүлдөрү трансплантация багытында кызматташуу келишимине кол коюшту. Грузияда трансплантация тармагынын өнүгүшүндө ТИКАнын салымы зор.

Грузия  Армениянын аймактагы мамлекеттер менен мамилелерин оңдоп, аймактык интеграцияга кошулушуна салым кошо алат. Гарибашвили Түркияга келээрдин мурун Бакуга жана Ереванга барган эле. Президент Эрдогандын “аймактагы үч тараптуу кызматташууну колдойбуз”, “Грузия аймактык кызматташуунун ачкычы” деген сөздөрү маанилүү болуп саналат. Түркия-Грузия-Азербайжан-Иран Тышкы иштер министрлери жыйынынын курамына Армениянын кирүүсүн камсыз кылуу, аймактагы тынчтык жана стабилдүүлүктүн сакталышына албан салым кошо турган кадам болмок.

Урматтуу окурмандар, үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тартып пандемиядан улам жабылган Түркия-Грузия чек арасы кайрадан ачылды. Түркия менен Грузия ID карта менен саякат, бажыда жеңилдик, эркин соода келишими сыяктуу эки тараптуу мамилелерди стратегиялык деңгээлге чыгарган иштерди жүзөгө ашырганга жетишишкен. Чек аралардын кайрадан ачылышы соода жүгүртүү көлөмүнүн көбөйүшүнө салым кошуу менен бирге, эки тараптуу кызматташтыктын дагы да өнүгүшүнө шарт түзөт. 

Сталин доорунда сүргүнгө айдалган ахыска түрктөрү эки мамлекет ортосундагы бул стратегиялык кызматташтыктын аркасы менен келечекте мекендерине жайгашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот деп ойлойбуз.

Баарыбызга белгилүү болгондой эле, Грузиянын Намахван аймагында түрктөрдүн “ENKA” фирмасы ГЭС куруп жатат. Жергиликтүү калктын бир бөлүгү алты айдан бери аты аталган долбоордун шарттарынын кайрадан каралышын талап кылып жатышат. 1-июнда Түркияга келген грузин делегациясында ГЭС долбооруна түздөн-түз тиешеси болгон министрлер бар эле. Бул нерсе маселенин тараптар ортосунда жакынкы убакта чечиле тургандыгынан кабар берет. Бул ГЭС Грузияга керектүү инвестиция болуп саналат.

Түркия-Грузия мамилелеринде Азербайжан фактору маанилүү болуп саналат. Түркия-Грузия-Азербайжан Тышкы иштер министрлеринин үч тараптуу жыйыны жемиштүү иш алып барып жатат. Түркия-Грузия-Азербайжан Президенттер жыйыны өткөрүлгөн. Аты аталган үч мамлекет тарабынан  ушуга чейин Баку-Тбилиси-Жейхан, Баку-Тбилиси-Карс, Баку-Тбилиси-Эрзурум эл аралык долбоорлору жүзөгө ашырылды. Түркия-Грузия-Азербайжан Ишкерлер форуму уюштурулду. Булардын баары аймактык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу мүмкүн экендигин тастыктайт.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 



Тектеш кабарлар