Белоруссия-Батыш ортосунда кризис жаралды

Евразия күндеми-22

1651378
Белоруссия-Батыш ортосунда кризис жаралды
belarus ucak.JPG
belarus bayrak.jpg

Урматтуу интернет колдонуучулар!  “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасында Белоруссия менен Батыштын ортосунда жаралган кризис тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 23-май күнү ирландиялык “Ryanair” авиакомпаниясына таандык учак Афина-Вильнюс каттамы учурунда Белоруссиянын территориясынан өтүп бара жатканда “учакта бомба бар” деген маалыматтан улам аскердик учактардын коштоосунда Минскке кондурулду. Учак текшерилгенде бомба боюнча кабар негизсиз болуп чыкты. Учактын жүргүнчүлөрүнүн арасында болгон “NEXTA” телеграмм каналынын башкы редактору, оппозиция өкүлү Роман Протасевич менен анын сүйлөшкөн кызы София Сапери камакка алынды. Роман Протасевич 15 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Беларусь бийлиги окуя боюнча жасаган басма сөз жыйынында Эл аралык Минск аэропортунун электрондук почтасына Хамастан учакка бомба жайгаштыргандыгы тууралуу электрондук почта келгендигин билдирген болчу. Хамас бул окуяга эч кандай байланышы жоктугун жарыялады. Батыштагы саясатчылар бул окуяга “көз жумуп коюу мүмкүн эмес” экендигин билдиришти.

Европа Биримдиги бул окуядан кийин Белоруссияга санкция киргизилишин, Протасевичтин бошотулушун жана Эл аралык граждандык авиация уюмунун окуяны изилдешин талап кылды. Эл аралык граждандык авиация уюму окуяны изилдей баштады. Европа өлкөлөрү аба мейкиндиктерин Беларусь учактарына жапты. Эки тарап тең учак каттамдарын токтотушту. Окуя Россия-Европа аба байланышына да терс таасирин тийгизбей койгон жок. Бирок Россия-Европа каттамын жасаган учактар Белоруссиянын аба майданын колдонбой турган жаңы багыттар аркылуу уча баштаганда маселе чечилди.

Учак кризисинен кийин Белоруссия Латвиянын элчиси менен элчилик кызматкерлеринин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылды. Латвия өз элчилигинде бир гана кызматкерин калтырып, калган кызматкерлерин Белоруссиядан чыгарып кетти. Белоруссия менен Литва болсо экиден дипломатты “персона нон-грата” деп жарыялашты.

Үстүбүздөгү жылдын 28-май күнү Александр Лукашенко Сочиде Владимир Путин менен учак кризисин жана эки тараптуу мамилелерди талкуулады. Маалымат каражаттарында Россия бул ай Белоруссияга 500 миллион доллар кредит бере турганы айтылды. Ошол эле күнү Европа Биримдиги “Демократиялык Белоруссиянын экономикалык планы” аттуу долбоор үчүн Белоруссияга 3 миллиард евро жардам берүүнү пландап жаткандыгын Светлана Тихоновскаяга кат аркылуу билдирди. Учак кризиси боюнча Европа Биримдигинин жыйынына катышкан Тихоновская Беларусь бийлигине жаңы санкцияларды киргизүүнү суранды.

Урматтуу окурмандар, учак кризисинен кийин батыш үчүн Белоруссия маселеси адам укуктары алкагынан чыгып, коопсуздук маселесине айланды. Батыш Белоруссияга жаңы санкциялар киргизет. Бул абал Белоруссияны Россияга көбүрөөк көз каранды болгон абалга кириптер кылат. Белоруссия экономикалык абалын оңдоо үчүн Россиядан кайрадан карыз алууга мажбур болот. Белоруссия менен Россиянын ортосунда жаңы коопсуздук келишимине кол коюлушу жана  Белоруссияга орустардын аскердик курал-жарактары берилиши толук мүмкүн.

Украинанын бийлиги учак кризисинен кийин Минсктин Донбасс кризисин чече турган аянтча боло албасын, Белоруссиянын тарапсыз өлкө статусун жоготкондугун жарыялады. Белгилей кетчү жагдай, Беларусь Крымдын аннекциясын тааныган эмес. Чыгыш Европадагы бул жаатташуунун кантип аяктаары азырынча белгисиз.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 



Тектеш кабарлар