Ден-соолуктун башаты-11

Бурса шаарындагы “Аритми Орхангази” ооруканасынын көз доктуру (офтальматолог) Куштарбек Эргашев менен маектешүү.

1649880
Ден-соолуктун башаты-11

        Урматтуу интернет колдонуучулары, “Ден соолуктун башаты” аттуу программабыздын бүгүнкү уктуруусунда көз ооруну замамбап технология менен дарылоо жана Түркиядагы мекендеш дарыгерлердин кыскача маалыматы тууралуу маек болмокчу.

       Бул программабызда  Бурса шаарында жеке “Аритми Орхангази” бейтапканасында эмгектенип келе жаткан мекендешибиз доктор Куштарбек Эргашевдин маегин сиздер менен бөлүшөбүз.

Маектешкен Назгүл Кадырова:

        Суроо: Саламатсызбы, Куштар мырза. Алгач бизге убактыңызды бөлүп маек куруп берип жаткандыгыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз. Өзүңүз тууралуу кыскача айтып берсеңиз, Түркияга кандайча келип иштеп калдыңыз?    

       Жооп: Саламатчылык, Назгүл айым. Мен 2013-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык академиясынын Педиатрия факультетин бүтүргөм. Андан кийин үч-төрт досторубуз менен кеңешип, Түркияда билимибизди уланталы деп 2013-жылы келип, эки жарым жыл даярданып, офтальмология багытында Хатай шаарында төрт жыл ординатурамды бүтүрдүм. Азыркы убакта сертификатымды алып, жеке ооруканалардын биринде эмгектенип жатам.

        Суроо: Сиз азыр Бурса шаарында иштеп жатыпсыз, ал жакта кандай шарттарда иштеп жатасыздар? Дегеле сиз иштеген оорукана тууралуу бизге маалымат бере кетсеңиз.

        Жооп:  Учурда мен “Аритми Орхангази” ооруканасынын Көз ооруулары бөлүмүндө иштеп жатам. Иштеп баштаганыма жетинчи айга баратат. Биздин оорукана көбүнчө лазердик коррекция анан витректомиялык линза деп коёт, ошону тагуу боюнча иш алып барат. Витректомия абдан татаал операциялардын бири. Андан тышкары көз боюнча бардык операциялар кылынат. Албетте катаракт. Ооруканабызда алты көз доктору бар. Эң кичүүсү менмин. Бул оорукананы тандаганымдын себеби, көп жерден мисалы, Стамбул, Анкара шаарларынан деле жумуштар чыкты. Бирок бул жерде мен ординатурамды бүтүргөндөн кийин витректомиялык аппараттарды колдонууну өздөштүрүш, лазер тагыш боюнча өзүмдү өнүктүрүү жана башка көздүн кайып кетүүсү сыяктуу оор операцияларды жасап үйрөнүү үчүн бул жерди тандадым.  Лазер боюнча ар кандай операциялык жабдуулардын эң акыркы үлгүлөрү колдонулат. Бул аппараттар менен көзгө SMILE операциясы кылынат. Бул башка жерде жок.

        Суроо:  1991-жылдан баштап атайын келишим менен Түркияга студенттер келе баштабадыбы. Азыркы учурда Түркияда Кыргызстандын келечеги үчүн врачтардын көбөйүп жатканын байкоого болот. Айтсаңыз, Түркияда медицина жаатында эмгектенген жана окуган болжол менен канча кесиптешиңиз бар? Негизи эле Түркияда эмгектенген врачтар тууралуу маалымат бере кетсеңиз.

        Жооп: Ооба, жакшы. Негизи биз биринчи келгенде Эркин Орозакунов байке бар эле иштеп жүргөн. Данияр - учурда Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академисынын Педиатрия бөлүмүндө сабак берип иштеп жүрөт, ошол байке бар эле. Айнура эже бар эле, Жүрсүн деген эжебиз бар эле, учурда Түркиянын Чорум шаарында университетте доцент болуп сабак берип иштеп жүрөт. Айнура эжекебизди дагы Трабзон шаарында жеке менчик ооруканада иштейт деп билем. Эркин байке дагы Анкара Ажыбадемде, азырынча ушулар бар. Сертификаттары менен өз тармактарында ийгиликтүү иштеп жүрүшөт. Биз биринчи келгенде үч-төрт киши болуп келдик. Кийинки жылы он-он беш болдук. Андан кийин жыйырма беш болуп көбөйдүк. Анан бир жерге чогулуп эс алууга чыгып, врачтар чогулуп, кантебиз деп кеңешип турдук. Кийин саныбыз 70 ке чыкты. Пандемиядан мурунку акыркы эс алууга чыккан жерибиз Анкарада “Мави Көл” деген жер болду. Кыздар да келе башташты. Көбөйгөн сайын аябай сүйүндүк. Андан бери эки жыл өттү, чогулбасак да дагы көбөйдүк, учурда 100 дөн ашты. Булардын арасынан Кыргызстан үчүн өз тармагында абдан пайдалуу адистер чыгат деп аябай үмүттөнөм, сүйүнөм. Тиешелүү адистикке ээ болгон 100 дөн ашык врачтан 50 сү өлкөбүзгө кайтса абдан чоң жардам болот деп ойлойм. Азыр ординатурасын бүтүрүп сертификат алган үч-төрт врач, ординатурасын улантып жаткандар, жаңы тапшыргандар бар. Буйруса он жыл ичинде Кыргызстан үчүн абдан жакшы кадр даярдалып калат го деп ойлойм. Буйурса барып жакшы больницаларда иштейт деп ойлойм. Өзүм да келечекте жакшы тажырыйба топтоп алып Кыргызстанга барып иштесем дейм буйруса.

        Суроо: Куштар мырза, бизге атайын убактыңызды бөлүп маек куруп бергениңиз үчүн дагы бир жолу сизге ыраачылык билдиребиз. Мындан кийинки иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз, саламатта калыңыз.

        Жооп: Сиздерге  дагы чоң рахмат. Иштериңизге ийгилик.

        Урматтуу окурмандар, баарыңыздарга ден соолук каалайбыз жана ар күнүңүздөрдүн бакубат өтүшүнө тилектешпиз. Программаны даярдаган Назгүл Кадырова. 



Тектеш кабарлар