Ден-соолуктун башаты-10

Адана шаарындагы Чукурова университетине караштуу  “Балжалы” бейтапканасында эмгектенип келе жаткан мекендешибиз доктор Нурали Мамасабир уулунун маегин сиздер менен бөлүшөбүз.

1641738
Ден-соолуктун башаты-10

        Урматтуу интернет колдонуучулары, “Ден-соолуктун башаты” аттуу программабыздын бүгүнкү чыгарылышында реанимация бөлүмүнүн кызматы жана ошондой эле дарыгерлик кесиптеги ТУС аттуу сынактар тууралуу маек болмокчу.   

        Бул программабызда  Адана шаарындагы Чукурова университетине караштуу  “Балжалы” бейтапканасында эмгектенип келе жаткан мекендешибиз доктор Нурали Мамасабир уулунун маегин сиздер менен бөлүшөбүз.

Маектешкен Назгүл Кадырова:

        Суроо: Саламатсызбы, Нурали мырза. Алгач биздин программабызга убактыңызды бөлүп бизге маек куруп берип атканыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз. Өзүңүздү кыскача тааныштыра кетсеңиз.

        Жооп: Саламатчылык, Назгүл эже, сиздерге да чоң рахмат. Өзүмдү кыскача тааныштыра кетсем, мен – Нурали Мамасабир уулу. Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылында төрөлгөм. 2013-жылы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясын бүтүрүп, ал эми 2015-жылы №1-чи шаардык оорукананын Хирургия бөлүмүн аяктаганмын. Ординатурада жүрүп Кыргыз мамлекетибиздин медицинасынын кандай деңгээлде экенине күбө болдум. Ошондон улам ар дайым чет өлкөгө барып билим алам деген ой-максаттарым болчу. Түркия мамлекетинин медицинасы дүйнөлүк деңгээлде турганы жана баштаптуу түрдө өнүгүп баратканын көрүп, бул жактан билимимди  дагы да тереңдетүү үчүн Түркияга сапар тарткам. Азыркы учурда Түркиянын Адана шаарындагы Чукурова университетине караштуу “Балжалы” ооруканасыда анестезиология жана реанимация бөлүмүндө ординатураны өтүп жаткан кезим.

          Суроо: Кесибиңиз тууралуу кененирээк айта кетсеңиз. Бөлүмүңүздү кандайча тандап алдыңыз? Дарыгерлик кесип өтө машакаттуу кесиптердин бири эмеспи. Бул кесиптегилер Түркияда атайын ТУС аттуу сынактан өтүү керек экени маалым. Мына ушул сынак тууралуу кеп кылсак.

        Жооп: ТУС сынагы жөнүндө айта кетсем, ТУС сынагы аябай татаал сынактардын бири болуп саналат. Бул сынакка даярдануу үчүн жогорку деңгээлде медициналык билим жана күчтүү эрк керек. Себеби, бул жактагы сынактар биздин мамлекетибиздеги сынактардан аябай татаалдыгы жана ачык-айрымдуулугу менен айырмаланат. Ошондуктан дүйнөнүн булуң-бурчундагы өз билимине ишенген көптөгөн дарыгерлер жылына ачылган квотага ат салышат. Бул сынак жылына эки жолу болуп өтөт. Жана ар кайсы өлкөдөн келген кесиптеш дарыгерлерибиздин жогору бал алып каалаган кесиптин ээси болушу үчүн күнүгө эң аз дегенде 8-10 саат атайын ТУС сынагына арналган китептерди окуп даярданчубуз. Жогоруда айтып өткөндөй эле мен Кыргызстанда хирургия бөлүмүн аяктагам. Бирок анестезиология жана реанимация бөлүмүн тандаганымдын себеби, Кыргызстанда бул бөлүм анча өнүгө элек жана кийинчерээк өз салымымды кошомун деген үмүттө ушул бөлүмдү тандадым.

        Суроо:  Азыр сиз Чукурова университетине караштуу Балжалы бейтапканасында иштеп келе жатыптырсыз. Ал жерде иштөө тартиптерин айта кетсеңиз. Анан биздин мекендештерибизден сизге кайрылгандар болобу? Дагы бир суроо: азыркы таптагы кырдаалдан улам убактыңыздын көбүрөөк бөлүмүн бейтапканада өткөрсөңүздөр керек. Мына ушундай кырдаалда үй-бүлөңүзгө кандайча убакыт бөлүп келатасыз?

        Жооп:  Биздин иштөө күн тартибибиз эртең мененки саат сегизден (8.00) баштап кечки саат бешке (17.00) чейин болот. Биз ай сайын ротация менен беш бөлүмдө жүрөбүз. Булар: поликлиника, реанимация, Ковид-19 реанимациясы, операция бөлүмү жана онкология. Булардын ичинен онкология бөлүмү Кыргызстанда жок бөлүмдөрдөн болуп саналат. Онкологияда хирургиялык операция жолу менен жардам бере албай турган онкологиялык бейтаптарга карайбыз жана оорусу өтүшүп кеткен  бейтаптарды даарылайбыз. Биздин мекендештерибизден мага кайрылгандар абдан көп. Аларга колуман келген жардамымды бергенге аракет кылам. Тилекке каршы, мекендештерибиздин медициналык камсыздоосу болбогондуктан көпчүлүк учурда толук кандуу дарылана алышпайт. Ошондой эле пандемияга байланыштуу бир гана менин үй бүлөмдө эмес бүткүл дүйнөдөгү кесиптештерим да үй бүлөлөрүнө муруңкудай көңүл бура албай калышты. Себеби азыркы учурда бейтаптардын өмүрүн сактоо биздин милдетибиз деп эсептеймин. Жана бул илдетти дагы кудай буюрса жеңебиз деген үмүттөмүн. Бул илдет менен күрөшүп жаткан жалпы кесиптештериме терең ыраазычылык билдиремин. Ал эми өлкөбүзгө жана заманыбызга тынчтык, амандык каалайм.

        Суроо: Нурали мырза, бизге атайын убактыңызды бөлүп маек куруп бергениңиз үчүн дагы бир жолу сизге ыраачылык билдиребиз. Мындан кийинки иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз, саламатта калыңыз.

        Жооп: Сиздерге  дагы чоң рахмат. Иштериңизге ийгилик.

        Урматтуу окурмандар, баарыңыздарга ден соолук каалайбыз жана ар күнүңүздөрдүн бакубат өтүшүнө тилектешпиз. Программаны даярдаган Назгүл Кадырова. 



Тектеш кабарлар