Фергана өрөөнүндөгү чек ара чыры

Евразия күндеми-18

1639166
Фергана өрөөнүндөгү чек ара чыры
Fergana Vadisi 2.jpg
Fergana Vadisi 3.jpg
Fergana Vadisi 4.jpg
Fergana Vadisi 5.jpg

Ардактуу интернет колдонуучулар!  “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасында Кыргызстан-Тажикстан чек арасында болгон кагылышуу тууралуу кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, үстүбүздөгү жылдын 28-апрель күнү Кыргызстандын Баткен облусунун Аксуу айылындагы Башкы (Головной) суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тарабынын түйүнгө мыйзамсыз видеокамера жайгаштырууга аракет кылуусунан улам кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыкты. Жаңжалга эки мамлекеттин коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү аралашып, маселе ырбады. Тажикстан куралдуу күчтөрү жана куралданган тажик жарандары бир убакта чек ара аймагында жайгашкан 11 кыргыз айылына жана кыргыз чек ара бекеттерине пулёмоттор, минометтор, оор артиллерия жана тик учактар менен чабуул жасашты. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун кыраакылыгынын негизинде Тажикстандын президенти Имомали Рахмон менен эки жолу телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүлүп, 30-апрелде тараптар ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты. Ошентип абалдын оорлошуп кетишине жол берилбеди. Фергана өрөөнү эл аралык терроризмдин жаңы мекенине айлануудан куткарылды.

Үстүбүздөгү жылдын 28-30-апрель күндөрү болуп өткөн кагылышууларда Кыргызстандын 36 жараны каза болду. Алардын бири 3 жаштагы бала жана 12 жаштагы өспүрүм кыз. 189 киши ар кыл жарат алды. Бийлик тарабынан азырынча тастыкталбаган маалыматка ылайык, Тажикстан тараптан 15 киши каза болду жана 90 киши жаракат алды. Кыргызстандык 50 миңге чукул киши үй-жайын таштап, коопсуз аймакка чыгып кетүүгө мажбур болду. Кыргыздардын үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болушунан  пайдаланган провокаторлор, алардын айылдарын өрттөп жиберишти. Натыйжада 100дөн ашуун имарат жараксыз акыбалга кириптер болду. Тажикстан тарапта мындай залака катталган жок.

29-апрелде Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги, 30-апрелде Казахстандын Президенти Касым Жомарт Токаев тараптарды элдешүүгө чакырды. Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев алгачкылардан болуп кыргыз жана тажик кесиптештери менен байланышып, ок атуунун токтотулушунда маанилүү роль ойноду. Россия менен Кытай ортомчу болууга даяр экендигин билдиришти. Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрлери менен байланышып, маселенин тынчтык жолу менен чечилиши керектигин, бул багытта керектүү жардамды көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Чет өлкөдөгү тажик оппозициясы Имомали Рахмонду окуялардын күнөөкөрү катары баалаган билдирүү таркатты. Кыргызстанда 1-2-май аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.

Урматтуу окурмандар, кээ бир адистер акыркы окуяларды тажик тарабынын Кыргызстандын аймагында жайгашкан Ворух анклавына күч колдонуу аркылуу жол ачуу менен Кыргызстандын Лейлек районун анклав позициясына түшүрүү аракети катары баалашты. Маселенин эң талылуу жагдайы, Тажикстандын Кыргызстанга ыйык рамазан айында капысынан кол салганы болду. Буга чейин болгон чек ара чырларында Тажикстандын армиясы мындай иш-аракеттерге барчу эмес. Эки мамлекеттин чек ара кызматтарынын ортосунда ок атпоо боюнча келишим бар эле. Акыркы убакта болгон кээ бир маанилүү окуялар, тагыраак  айтканда Кыргызстан-Тажикстан чек арасында тажик-орус орток аскери машыгуусунун өтүшү, Сергей Шойгунун Душанбеге иш сапары, орус медиасынын окуяларды бир жактуу чагылдырганы, Тажикстандын Коргоо министринин Тегеранга иш сапары сыяктуу  окуялар, “бул жаңжалда кээ бир мамлекеттер Тажикстанды көшөгө артынан колдодубу?” деген суроону жаратпай койгон жок.

Кошумчалай кетчү жагдай, окуялар болгон күндөрү кыргыз коомчулугунун Түрк Кеңешинен үмүтү чоң экендиги жана ага ишеним көрсөтөөрү ачык байкалды. Сыягы Түркиянын Орто Азия аймагында аскердик база ачышынын убагы бышып жетилген окшойт.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 

 



Тектеш кабарлар