Түркия - Египет карым - канаштарынын калыбына келиши
САТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

Урматтуу окурмандар, акыркы мезгилде Жакынкы Чыгышта бир топ мамлекет көйгөйлөрдү жашаган, катуу атаандаштык ичине болгон өлкөлөр менен карым - катнаштарды калыбына келтирүү аракетине кирди.
САТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикирин угуңуздар.
Бул процесс Трамп мезгилинде Израиль менен айрым араб өлкөлөрүнүн арасында башталган. АКШда Байдендин бийликке келиши менен бирге калыбына келүүнүн Жакынкы Чыгышта бир топ өлкөнү таасири астына алгандыгы байкалды. Өткөн жумаларда Сауд Арабия менен Ирандын ортосундагы билдирүүлөр аймактын эки негизги атаандашынын ортосунда да жумшоонун болушу мүмкүн экендигин эске салды. Түркия болсо бул мезгилде эң көп күн тартибинде болгон өлкөлөрдүн бири болду. Түркия - Израиль, Түркия - Египет жана Түркия – Сауд Арабиянын ортосунда боло турган жакындашуулар Жакынкы Чыгышта ыктымалдуу жаңы бир мезгилдин ортого чыгышына себеп болот. Акыркы жолу Түркия менен Египеттин ортосундагы карым - катнаштардын калыбына келүү аракетинде жаңы бир кадам дагы ташталды. Чалгындоо төрагалары менен тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсүнөн кийин бир түрк делегациясы Каирге барды.
Түркиянын Египет менен жүргүзгөн калыбына келүү аракеттери башка бир аймактык деңгээлде. АКШнын Сауд Арабияны Йеменде жалгыз калтырышы жана Иран менен атомдук келишимге барган сайын жакындашы Жакынкы Чыгыштагы күч тең салмактуулугунда жаңы бир кыймылдуулукту пайда кылды. Ак үйдүн Жакынкы Чыгыш өкүлү МакГурактын Сауд Арабия, Бириккен Арап Эмирликтери, Египет жана Иорданияга барып Иран менен атомдук келишимге кайтуу үчүн союздаштарынын санаасын жок кыла турганы медиага чагылды. АКШнын Жакынкы Чыгыштагы алдыңкылыгы Иран атомдук программасынын көзөмөлгө алынышы жана Тегеранды кайрадан столго отуртуу. Бир тараптан Россия менен Кытай сыяктуу глобалдык актерлордун Жакынкы Чыгышка болгон кызыгуулар АКШ үчүн барган сайын жаңы бир көйгөй катары ортого чыгууда. Мындай шартта бардык аймактык актерлор көйгөйлөрдү өз ара чечүүгө аракет кылышууда. Түркия-Египет жакындашуу аракеттерине да ушул теңдеменин бир бөлүгү катары кароо керек.
Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги юрисдикцияларынын бөлүшүлүшү жана Ливия досьелери Анкара - Каир жакындашуусунун артындагы рационалдуу чындыктардын бири катары алдыңкы планга чыгууда. Ливияда саясий өткөөл процессинин башталышынан кийин Египет жана Түркия үчүн Ливия биргелешкен бир досьеге айланышы мүмкүн.
Эки өлкө тең Ливияга каршы биргелешип иш алып баруунун стратегиялык маанилүүлүгүн билишет. Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги энергетикалык ресурстарга байланыштуу атаандаштыктын эки өлкө үчүн пайдалуу эмес экендиги түшүнүктүү болду. Греция менен келишим түзгөн Египет дагы бул келишим Египеттин приоритеттерине толук жооп бербей тургандыгын билет. Ушул себептен Түркия менен Чыгыш Жер Ортолук деңизинде энергетика тармагында кызматташуу Египет үчүн көбүрөөк киреше дегенди билдирет. Бул эки маселе калыбына келтирүү процессинин эң позитивдүү күн тартибин түзүүдө.
Эки мамлекеттин ортосундагы көйгөй болгон Мусулман агайындар маселеси азырынча четке түртүлгөндөй. Андан да маанилүү регионалдык геосаясий маселелер эки мамлекеттин жакындашуусуна түрткү берет. Египет-Түркия калыбына келүү аракети аймактагы, айрыкча Ливия маселесиндеги чыңалууну басаңдатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Эгерде ага жакшы баа берилсе, анда аймакта топтолгон стресстин азаюу ыктымалы бар.