Орто Азиянын коопсуздугу

Евразия күндеми-19

1635609
Орто Азиянын коопсуздугу
tacikistan kırgızistan.jpeg
kırgızistan tacikistan çatışma.jpeg
Kırgızistan-Özbekistan İçişleri.png
Sadır Caparov Batken.jpg
Tashiev-Yatimov bildiri.jpg
Türkiye-Rusya Ortak Merkez
Şanhay İşbirliği Teşkilatı

Ардактуу интернет колдонуучулар! “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасында Орто Азиянын коопсуздугу тууралуу кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, үстүбүздөгү жылдын 27-апрель күнү Душанбе шаарында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин жыйыны болуп өттү. Жыйында уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтык, аймактык коопсуздук, Ооганстандын келечеги талкууланды. Жыйындын соңунда Жамааттык ыкчам реакция күчтөрүн заманбап курал-жарактар, аскердик жана атайын аппаратуралар менен камсыз кылуу планы бекитилди.

Ошол эле күнү Россия менен Тажикстандын Коргоо министрликтеринин ортосунда орток абадан коргонуу системасынын (С-300) орнотулушу боюнча келишимге кол коюлду. Тагыраак айтканда Россиянын Тажикстанда жайгашкан 201-аскердик базасындагы абадан коргонуу системасы мындан ары тажиктер менен бирге колдонулат.

28-апрель күнү болсо Душанбе шаарында Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Улуттук коопсуздук кеңештеринин жооптуу катчыларынын жыйыны болуп өттү. Жыйында уюмга мүчө мамлекеттердин келечекте аткара турган орток иш-аракеттери талкууланды. Душанбеде бул стратегиялык жыйын өтүп жаткан учурда, уюмга мүчө Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында тажик армиясы 11 кыргыз айылына жапырт чабуул жасады. Эки күн созулган жана 36 кыргыз жаранынын өлүмүнө себеп болгон бул кол салуу Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун аброюна шек келтирди.

Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу 27-апрелде Душанбеден  Бухарага барды. 28-апрель күнү Россия менен Өзбекстандын ортосунда биринчи жолу 2021-2025-жылдарды камтыган коопсуздук тармагында стратегиялык кызматташтык программасына кол коюлду. Мындан ары Өзбекстан Россиядан курал-жарактарды арзандатылган баада, тагыраак айтканда  Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ), Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерге сатылган баада сатып алат.

Урматтуу окурмандар, АКШ үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрына чейин Ооганстандан жоокерлерин толугу менен чыгарып кете тургандыгын жарыялагандан кийин Орто Азия мамлекеттери коопсуздуктарын бекемдөө үчүн союздашдары менен мамилелерин чыңдаганга аракет кылып жатат. Өзбекстандын Россия менен алгачкы жолу коопсуздук тармагында кызматташуу программасына кол койгонун, Тажикстандын аба коопсуздугун орустарга тапшырганын ушул жагдай менен түшүндүрсө болот. Россия болсо Өзбекстан менен Тажикстанды Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө кылуу үчүн жана Ооганстандан келиши ыктымал болгон  коркунучтарды өз чек арасынан оолак кармоо, Орто Азиядагы өз позициясын чыңдоо үчүн региондогу мамлекеттер менен жаңы келишимдерди түзүп жатат.

Буга чейин Тажикстанда аскердик база ачканы белгилүү болгон Кытай, АКШ Афганистандан жоокерлерин чыгарып кеткенден кийин аймакта дагы активдүүрөөк болуп, Ооганстанда өзүнүн аскердик базасын ачууну максат кылышы мүмкүн. Кытай баштаган Шанхай Кызматташтык Уюму аймактын коопсуздугу үчүн жаңы стратегия иштеп чыгышы керек.

Орто Азия мамлекеттери менен коргонуу тармагында кызматташтыгын өнүктүрүп жаткан Түркия, Ооганстан жана Орто Азия мамлекеттери менен бул тармактагы жакын кызматташтыгын уланта бермекчи. Орто Азия мамлекеттери Түркия өндүрүп жаткан курал-жарактарды, өзгөчө учкучсуз учуучу аппараттарды жана куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарды алуусу зарыл. Казахстан буга чейин Түркиянын брондолгон түрк аскердик машиналарын тесттен өткөрдү. “АСЕЛСАН” Казахстандан кийин Өзбекстанда да өзүнүн филиалын ачышы мүмкүн.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 



Тектеш кабарлар