Ден-соолуктун башаты-9

Стамбул шаарындагы жеке Түркийе газетеси бейтапканасында эмгектенип келе жаткан мекендешибиз, анестезиолог-реаниматолог, адис доктур Дүйшөев Иманалы Базарбаевичтин маегин сиздер менен бөлүшөбүз.

1634000
Ден-соолуктун башаты-9

           Урматтуу интернет колдонуучулары, “Ден соолуктун башаты” аттуу программабыздын бүгүнкү уктуруусунда реанимация бөлүмүнүн кызматы жана ошондой эле  21-кылымдын апааты Ковид-19 вирусу тууралуу маек болмокчу.   

           Бул программабызда  Стамбул шаарындагы жеке Түркийе газетеси бейтапканасында эмгектенип келе жаткан мекендешибиз, анестезиолог-реаниматолог, адис доктур Дүйшөев Ыманалы Базарбаевичтин маегин сиздер менен бөлүшөбүз.

Маектешкен Назгүл Кадырова:

           Суроо: Саламатсызбы, Ыманалы мырза. Алгач убактыңызды бөлүп бизге маек куруп берип атканыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз. Өзүңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз. Азыр Стамбул шаарында жашайт экенсиз. Түркияда канча жылдан бери эмгектенип келе жатасыз?

            Жооп: Саламатчылык, чоң рахмат сиздерге. Өзүм жөнүндө кыскача маалымат берип кетсем, аты-жөнүм Дүйшөев Ыманалы Базарбаевич. Кыргызстандын Ош жергесинен боломун. Жогорку окуу жайды Бишкектеги Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясын 2010-жылы бүтүрдүм. Түркияга ординатурадан өтүү максаты менен келгенмин. Экзамендерди тапшыргандан кийин 2015-жылы Стамбул шаарында “Бакыркөй доктор Сади Конук” бейтапканасында ординатурага баштадым. Былтыр 2020-жылдын август айында бүтүрдүк. Азыркы учурда Стамбулда жеке клиникалардын биринде иштеп жаткан учурум.

          Суроо: Сиз операцияга кирип реанимацияда иштейт экенсиз. Оор бейтаптардын өмүрү үчүн күрөшүп өтө жоопкерчиликтүү ишти аркалап келе жатыптырсыз. Албетте мындай оор кесипте оор күндөрүңүз болгон чыгар же кызыктуу окуяларга туш болгондурсуз. Деги эле өзүңүздүн кесибиңиз тууралуу айтып берсеңиз.

         Жооп:  Рахмат сурооңузга. Өзүмдүн кесибим жөнүндө айта кетсем, анестезиолог-реаниматолог болуп иштейм. Анестезиолог-реаниматологдор сырткы көрүнүштө бир гана наркоз берген врач болуп эсептелет. Бирок ички көрүнүшүн айтып кетсем, биздин ишибиз бир гана операция менен чектелбестен реанимацияда да иштейбиз. Реанимацияга кээ бир учурда оор бейтаптар түздөн-түз келишет бизге. Кээ бир учурда операциядан кийин алып бейтаптарды карайбыз. Реанимациянын өзгөчөлүгүн айта кетсем, биз бейтаптарды күн-түн дебестен жакындан карайбыз. Анан бейтаптарыбыз сакайып чыкканына аябай сүйүнөбүз. Себеби акыркы убактагы оор абалдан улам биздин реанимацияда өлүм-житим көп болот. Ошондой эле бейтаптардын жакындары жакшы сөз айтканда аябай сүйүнөбүз. Бизге аябай мотивация болот. Ошол эле учурда каза болгон оорулуларыбыз да көп болот. Реанимациянын өзгөчөлүктөрү ушулар. Операцияда билесиз, наркоз берип кандай жана кайсы гана бөлүм болбосун бардык операциянын түрүнө киребиз. Ымыркайдан баштап чоң бейтаптарга чейин баарына операцияга биз кирип, ошол жерде наркоз берип иштейбиз. Бул жактын дагы бир өзгөчөлүгү ооруканананын ичинде биринчи жардам керек болгон учурда сөссүз түрдө бизди чакырышат. Бир бейтаптын жүрөгү токтоп калганда, дем ала албай калганда же кандайдыр бир башка себептерден улам бейтаптын абалы начарлаган учурда бизди чакырышат. Ошондо биз биринчи жардамды көрсөтөбүз. Ошол керектүү учурда да реанимацияга барган учурлар болот. Биздин кесиптин өзгөчөлүктөрү ушулар деп ойлойм.

            Суроо:  Ковид-19 вирус жашообузга кирген баштап дүйнөдөгү көнүмүш адатыбыз түп орду менен өзгөрдү. 21-кылымдын оор күндөрүн өткөрүп жаткан учурубуз. Бул оор күндөрдө ак халатчан врачтарыбыздын эмгеги өтө чоң. Мына сиз дагы 2020-жылы түзүлгөн атайын врачтар тобу менен мекенибиз Кыргызстанга барып кызмат кылып келиптирсиз. Азыр да бул ишти улантып жатыптырсыз. Мына ушулар тууралуу бизге кеңири маалымат берип кетсеңиз.

            Жооп: Ооба коронавирус инфекциясы, же башкача айтканда Ковид-19 жашообузга келгенден бери көп нерсе өзгөрдү. Бул – пандемия башталгандан бери бир жылдай убакыт өтүп калыптыр. Биринчи учур былтыр ординатурада жүргөндө Стамбулда “Бакыркөй доктор Сади Конук” бейтапканасында практикабыз башталды. Биз өзүбүздүн реанимацияда иштедик. Бейтаптар көбөйгөн сайын башка реанимациялар ачылып, ошол жактарда да иштей баштадык. Андан кийинки абалды билесиз, пандемия ар бир мамлекетке өзүнүн зыянын көрсөтө баштады. Кыргызстанга да келгенде ал жакта аябай оор учур болду. Ошол учурда сыртта жүргөн биздин патриот кыргыз уул-жигиттерибиз жана кыздарыбыз өзүнүн көмөгүн көрсөтүш үчүн Кыргызстанга келе башташты. Бизден да бир команда түзүлүп Түркиядан барганбыз. Ошондо биз август айында бир ай иштедик. Биз эми аябай жакшы результатты көрсөттүк деп же аябай жакшы иштедик деп айта албайм. Бизге өзүбүз үчүн жакшы практика болду. Өзүбүздүн билген нерсени үйрөттүк, билбеген нерселерди үйрөнүп келдик. Учурдан пайдаланып, ошол Кыргызстанда ошол учурдан баштап азыр да иштеп жаткан биздин мекендештерибизге, кесиптештерибизге ыраазычылыгымды билдиргим келет. Себеби чыныгы баатырларыбыз ошолор деп ойлоймун. Алар замамбап медициналык жабдыктар, медициналык дары-дармектердин жетишсиздигине карабастан алар өз билгенин көрсөтүп иштеп жатышат. Аларга рахмат айтыш керек чынында. Ал эми биз үчүн чон практика болду деп ойлоймун. Туура, саясий жагы дагы бар бул иштин. Саясий жагын айтып кетсек, кай бир чоңдордун ошол учурда туура эмес саясаты да болду. Мисалга алсак, биз – сырттан келген врачтар, мисалы, Россиядан, Кореядан, Кытайдан келишти, Түркиядан бардык. Ошолордон бир чоң практика алып үйрөнүп жакшы бир нерсени уюштурса болот болчу. Биздин Кыргызстандын чоң көзгө көрүнүктүү инфекционист докторлору, эпидемиологдор, анестезиологдор – ушулар бир чоң курам болуп жакшы пландарды түзүп, иштеп, азыркы учурда да иштешсе болот болчу. Бирок, ошол нерсе ишке ашырылбады. Бул эми иштин саясий жагы. Бирок жалпысынан алганда биз бир жакшы практика алып келдик деп ойлоймун. Азыркы учурда Түркияда да акыбал оор. Үчүнчү толкун деп айтылып жатат. Балким бул төртүнчү-бешинчи толкун болушу мүмкүн. Сиздер маалыматтарды күнүгө көрүп атасыздар. Бир көбөйүп, бир азайып аткан учуру. Жалпы эле мекендештериме жана бул жакта жүргөн кесиптештериме айтаарым ошо биз билген нерсебизди үйрөтүп, билбеген нерселерибизди үйрөнүшүбүз керек жана ковид-19га каршы кээ бир эрежелер бар. Ошолорду жакшы карманып, жакшы сактап, мүмкүн болсо вакцинаны алышыбызкерек. Эми бул мындан кийинки жашообуздун кайсы мөөнөтүнө чейин болоору белгисиз болгондуктан ошол эрежелерин сактап жашоого үгүттөйм. Азыркы пандемия боюнча айта тургандарым ушулар.

         Суроо: Ыманалы мырза, бизге атайын убактыңызды бөлүп маек куруп бергениңиз үчүн дагы бир жолу сизге ыраачылык билдиребиз. Мындан кийинки иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз, саламатта калыңыз.

         Жооп: Сиздерге  дагы чоң рахмат. Орозоңуздар кабыл болсун. Иштериңизге ийгилик.

         Урматтуу угарман, баарыңыздарга ден соолук каалайбыз жана ар күнүңүздөрдүн бакубат өтүшүнө тилектешпиз. Программаны даярдаган Назгүл Кадырова. 



Тектеш кабарлар