Россия-Батыш мамилелеринин соңку абалы

Евразия күндеми-17-2021

1631033
Россия-Батыш мамилелеринин соңку абалы
Putin və Bayden...jpg
super foto macron putin.jpg
Makron-Merkel-Putin.jpeg

Ардактуу окурмандар! “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасында Россиянын батыш өлкөлөрү менен мамилесиндеги соңку абал тууралуу кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, үстүбүздөгү жылдын 21-апрель күнү Россиянын Президенти Владимир Путин Федералдык жыйын менен Думанын кошмо жыйынында “Россияга душман болгондорго” эскертүү берип: “Мамилелерди бузууну каалабайбыз. Бардыгы менен жакшы мамиледе болууну каалайбыз. Бирок эгер биздин бул жакшы ниетибизди алсыздык деп бааласа, Россиянын аларга жообу симметриялык түрдө, ыкчам жана катуу болот”,- деп айтты. Путиндин бул сөздөрү батыштагы мамлекеттерге карата айтылган.

Акыркы күндөрү батыш менен Россиянын ортосунда бири-биринин дипломаттарын өлкөдөн чыгаруу иш-аракети артты. Алгач ушуга тиешелүү окуяларга көз чаптыралы.

Үстүбүздөгү жылдын 15-апрель күнү АКШ Россияга жаңы санкцияларды киргизди жана 10 орус дипломатын “персона нон-грата” (кааланбаган киши) деп жарыялады. 21-апрель күнү Россия 10 АКШ дипломатынын 1 ай аралыгында өлкөдөн чыгып кетишин талап кылды. 22-апрелде болсо, АКШнын Россиядагы толук ыйгарымдуу элчиси Жон Салливан кеңешүү үчүн Вашингтонго кайтты.

Ошол эле күнү Польша 3 орус дипломатын “персона нон-грата” деп жарыялады. 16-апрелде Россия буга жооп катары 5 поляк дипломатынын өлкөдөн чыгып кетишин талап кылды.

Үстүбүздөгү жылдын 17-апрель күнү Чехиянын  Өкмөт башчысы Андрей Бабиш 2014-жылы курал-жарак кампасында болгон жардырууда орус чалгын кызматынын байланышынан шекшип жатышканын билдирип, 18 орус дипломатын “персона нон-грата” деп жарыялады. Буга жооп катары Россия 20 чех дипломатын өлкөсүнөн чыгарды.

Ошол эле күнү Украина жана Россия бирден дипломатты  “персона нон-грата” деп жарыялашты.

Үстүбүздөгү жылдын 20-апрель күнү Россия 2 болгар дипломатын “персона нон-грата” деп жарыялады. Март айында Болгария 2 орус дипломатынын өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган эле.

Үстүбүздөгү жылдын 22-апрель күнү Словакиянын Өкмөт башчысы Эдуард Хегер, Чехияда жаралган абалдан улам 3 орус дипломатынын өлкөдөн чыгып кетиши керектигин жарыялады.

Үстүбүздөгү жылдын 23-апрель күнү Чехия менен санаалаш экендигин билдирип, Балтикадагы мамлекеттерден Литва 2, Эстония жана Латвия бирден орус дипломатын “персона нон-грата” деп жарыялоо чечимин кабыл алышты. Россия аты аталган мамлекеттерге өздөрүндөй жооп кайтарды.

Урматтуу окурмандар, Россия өз коопсуздугун аргумент катары көрсөтүү менен батыш чек арасындагы армиясын көбөйтүп, тараптар бири-бирин тыңчылык жасап жатат деп күнөөлөп жаткан мезгилде дипломаттарды “персона нон-грата” деп жарыялоо жараяны уланышы ыктымал. Азырынча Чыгыш Европа мамлекеттери менен Россиянын ортосунда болуп жаткан бул иш-аракеттер, Батыш Европа мамлекеттери менен Россиянын ортосунда болушу да ыктымал. Анын үстүнө күзүндө боло турган Дума шайлоолоруна чейин батыш колдоп жаткан орус оппозициясы, 21-апрелдегидей митингдерин улантышат. Бул митингдерден улам оппозицияга колдоо көрсөткөн дипломаттар өлкөдөн чыгарылып, буга жооп катары батыштын мамлекеттери да орус дипломаттарын “персона нон-грата” деп жарыялашы толук мүмкүн. Ансыз деле акыркы убакта Россия менен батыштын ортосундагы чалгын иш-аракеттери жогорку чыңалуу чегине жетти. Орус бийлиги НАТОнун Россияны курчаганы жатканын билдирсе, батыш Россиянын экспансиячыл саясат жүргүзүп жаткандыгын баса белгилеп жатат. Бул тирешүү аймактагы мамлекеттерге терс таасирин тийгизбей койбойт.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар