«Чеңгел  -  Чагылган» операциялары

СЕТАнын тышкы саясаттар боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1631496
«Чеңгел  -  Чагылган» операциялары

 

Түркиянын ПКК террордук уюму менен  күрөшү чечкиндүүлүк менен улантылып, улуттук коргоо министрлиги Ирактын түндүгүндө «Чеңгел  -  Чагылган» операцияларынын баштатылгандыгын билдирди. Буга чейинки күтүүлөр да жаз жана жай айлары менен бирге Түркиянын өзгөчө Иракта чоң операцияларды жүргүзөрү тууралуу эле.

СЕТАнын тышкы саясаттар боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

Түркия ПКК террору менен күрөшүүнү керек болсо өлкө ичинде керек болсо өлкө тышында Ирак жана Сирия сыяктуу уюм база кылган аймактарда чекиндүүлүк менен улантууда. Террордук уюмга каршы толугу менен кысымга негизделген агрессивдүү күрөш башкаруусун жактырган абалда. Ошондой эле, бул стратегиянын акыркы жылдары олуттуу натыйжаларды бергенин көрүп жатабыз. Уюмдун Түркия ичинде кыймыл кылуу мүмкүнчүлүгү кеңири масштабда минималдаштырылып, элет жерлеринде уюмдун мүчөлөрүнүн саны 300дөн да төмөндөдү.

Бирок Түркиянын террордук уюм ПКК менен болгон негизги күрөшү Ирак-Сириянын багытында  уланууда. Бул аймактарда террордук уюмдун бар экендигине байланыштуу Түркиянын негизги стратегиясы оболу террордук уюмдун Түркиянын чек арасынан  регрессиясы аймак менен жердин көзөмөлүнүн акырына чыгарылышы жана Ирак  - Сирия линиясынын толугу менен изоляцияланышына негизделген. Ушул багытта түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүндө Метина, Авашин  -  Басян аймактарына байланыштуу жаңы бир аскердик кыймылды баштатты. «Чеңгел  -  Чагылган» деп аталган операциялардын негизинде  Түркия террордук уюм ПККны Ирактын түндүгүндөгү тоолуу аянттардан толугу менен тазалоону көздөп жатат. Бир мезгилде аба жана кургактык күчтөрү колдонулган операцияларда атайын күчтөр жана десанттык бөлүктөр аймактагы стратегиялык дөбөлөргө алып барылды. Түрк куралдуу күчтөрүнүн бул жерде үстөмдүк кылган стратегиялык дөңсөөлөрдү көзөмөлгө алып, андан кийин базалык региондорду курат деп алдын ала айтууга болот. Ушундайча Түркиянын чек ара тилкесинин коопсуздугу түзүлүп,  уюмдун аймактагы машыгуу аймактары жана командалык-башкаруу борборлору жок кылынган болот. Ушул кезге чейин аймакта ПКК элементтери олуттуу бир түрдө каршылык көрсөтө элек. Уюмдун аймактагы коргонуу жолдору чоң өлчөмдө жардырылып 60ка жакын уюмдун мүчөсү да жок кылынды.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн бул аймактардагы чептерин бекемдегенден кийин 2021 -  жылы түштүктөгү Гара аймагы жана акырында Кандилге карай чоң бир аскердик операциянын жүргүзүлөрүн да алдына ала айта алабыз. Ошол эле Иракта Синжар аймагындагы абалдар Түркиянын радарында болууну улантат. Эгерде бул аймакта андан мурда Багдат  -  Эрбил арасында меморандум түзүлгөн келишимдин негизинде террордук уюм ПКК толугу менен тазаланбаса түрк куралдуу күчтөрүнүн Синжарды бутага алышы толук ыктымал.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар