Түрк республикаларынын медиа жана маалымат тармагындагы кызматташтыгы

Евразия күндеми-16

1626728
Түрк республикаларынын медиа жана маалымат тармагындагы кызматташтыгы
Bakı_Türk Şurası_informasiya və media_3 toplantısı_04.jpg
Bakı_Türk Şurası_informasiya və media_3 toplantısı_03.jpg
Bakı_Türk Şurası_informasiya və media_3 toplantısı_02.jpg
Bakı_Türk Şurası_informasiya və media_3 toplantısı_01.jpg

 

Ардактуу угармандар! “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасында Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин маалымат министрлеринин жана жогорку ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн 3-отуруму тууралуу кеп салабыз.

Кадырлуу окурмандар, үстүбүздөгү жылдын 10-март күнү Баку шаарында Азербайжан Президентинин орун басары, Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Хикмет Хажиевдин эгедерлигинде Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин маалымат министрлеринин жана жогорку ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн 3-отуруму болуп өттү. Жыйынга Венгрия, Казахстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркиядан жогорку даражалуу өкүлдөр катышышты.

Жыйындын ачылышында сөз сүйлөгөн Түрк Кеңешинин жооптуу катчысы Багдад Амреев, медиа жана информация тармагында кызматташтык уюмдун артыкчылык берген маселелеринин бири экендигин баса белгиледи. Андан соң Казахстандын Маалымат жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Аскат Оралов, Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Венгриянын Коопсуздук саясаты боюнча мамлекеттик катчысы Петер Сзтарай, Өзбекстандын Президенттик аппаратынын Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин башчысы Асаджан Хожаев жана Түркиянын Президенттик аппаратынын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреддин Алтун сөз сүйлөп, медиа тармагындагы кызматташтыктын маанисине токтолушту.

Жыйындын соңунда тараптар “2021-2022-жылдардагы иш-аракеттер планын” кабыл алышты жана аты аталган пландын ишке ашырылышын координация кылуу жана текшерип туруу үчүн уюмга мүчө мамлекеттердин жогорку ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн турган Түрк Кеңешинин медиа координация комитетин уюштуруу боюнча макулдашышты. Мындан сырткары, документ алмашуу протоколу (FTP) архивинин дараметин жогорулатуу, уюмга мүчө мамлекеттердин орток тарыхы жана маданияты боюнча ар кыл видео материалдардын биргелешип даярдалышын камсыз кылуу, медиа тармагындагы адистер үчүн тажрыйба алмашуу программалары, семинар жана курстарды уюштуруу маселелери боюнча макулдашышты. Жыйында тараптар Эл аралык түрк кабар телеканалын ачуу, расмий кабар агенттиктеринин ортосундагы кызматташууну арттыруу жана уюмга мүчө мамлекеттердин ТВ каналдарынын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү керек экендигин баса белгилешти. Жыйындын катышуучулары Түрк Кеңешинин төрагалыгы Түркияга өткөндүгүнөн улам 2021-жылы Түркияда Эл аралык медиа форумун уюштуруу боюнча чечим кабыл алышты.

Урматтуу окурмандар, Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин медиа жана маалымат тармактарындагы өз ара кызматташтыгын бекемдеп жатышканы кубандыраарлык.  Жыйында Түрк Кеңешинин медиа координация комитетин уюштуруу боюнча чечимди кабыл алуу менен мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү  абдан туура кызматташтык кадамын ташташты десек жаңылышпайбыз.

Маркум Чыңгыз Айтматов түрк дүйнөсүн бүтүндөй дүйнөгө тааныта турган BBC сыяктуу телеканалды ачуу керек экендигин айткан эле. Бакудагы жыйында Эл аралык түрк кабар телеканалын ачуу чечими кабыл алынды. Бул чечим Айтматовдун осуятынын ишке ашырыла тургандыгынан кабар берет. Белгилей кетчү жагдай, Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин телеканалдары Түркиянын Түрксат спутниги аркылуу эфирге чыгып жатат.

Түрк республикалары эгемендүүлүккө эге болгондон бери 30 жыл убакыт өткөнү менен ар кыл себептерден улам түрк дүйнөсү бири-бирин жеткиликтүү деңгээлде тааный элек. Азербайжандагы жыйында кабыл алынган чечимдер, тагыраак айтканда медиа өкүлдөрүнүн өз ара тажрыйба жана материал алмашуусу, медиа форумдарын уюштуруу боюнча чечимдер жогоруда айтылган кемчиликти жоюуга салым кошот деп ойлойбуз. Түрк калктары медиа аркылуу бири-бирин дагы көбүрөөк тааныган сайын түрк республикаларынын ортосундагы кызматташтык өнүгө берет.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков

 

 



Тектеш кабарлар