Башика базасы

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1628093
Башика базасы

Иракта бир убакта АКШнын Эрбилдеги аскердик базасы менен бирге Түркиянын Мусулдагы Башика базасына кол салуулардын болушу кайрадан аймакка көңүлдөрдү бурдурду.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

Түркиянын Мусулдан 25 километр түндүгүндөгү чоң аскердик базасы эмне себептен бутага алынды, артында кимдер бар деген суроо маанилүү. Өзгөчө да акыркы мезгилде Түркиянын Синжар жана башка аймактарда террор менен күрөшү  күчтөнүү менен улантылууда.

Түркиянын Ирактын түндүгүндө чоң  - кичине көп сандаган аскердик базасы менен кичинекей масштабда база аймактары болсо да Башика чоңдугу жана аскердик камсыздоо жактан баарынан айырмаланып алдыңкы планга чыгууда. Бул база бир гана ПКК менен күрөшүүдө эле эмес, Мусулда террордук уюм ДЕАШтын тазаланышына жана аймакта болушу керек болгон туруктуулук менен тең салмактуулукка да кызмат кылууда. База Хашди Ватани күчтөрүнө да узун убакыт жетекчилик кылды жана түрк аскерлери бул күчтөрдү ДЕАШка каршы машыктырды. Албетте бул абал аймакта сектанттык саясат жүргүзгөн айрым элеменеттерди өзгөчө да Хашди Шаабинин ичинде иш алып барган радикал топтордун тынчын алып жаткан. Өзгөчө премьер  - министр Малики мезгилинде Иранга жакын элементтердин кысымы менен Түркиянын базаны бошотушу үчүн кысым жана коркутуулар ортого чыгып, бирок Түркия бул мамилелерге көңүл бурбастан Багдаттык башкаруучулар менен маселени оң тарабына чечүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Эми болсо Башика базасынын ракеталар менен кол салууга учурашы Хашди Шааби элементтерин кайрадан эске түшүрдү. Акыркы мезгилдерде Түркиянын Синжар аймагына карата террордук уюм ПККны бул аймактан тазалоо максатында бир аскердик кыймыл жүргүзөрүнө карата белгилер ортого салынууда. Хашди Шаабиге караштуу күчтөр Синжарга  күн сайын дагы көп жайгаша баштады жана Эрбил  -  Багдат келишиминин терсине  бул жерде ПККнын жергиликтүү элементтери менен кызматташтык түзгөнүн да ойлогонубузда Иранга жакын элементтердин Түркияга карата бир кыймыл ичинде экендерин көрө алабыз. Акырында Иран үчүн Синжар стратегиялык мааниге ээ,  бул аймакты Сирияга баруу үчүн логистикалык бир багыт катары көрүүдө жана жоготууну каалабай жатат, бирок бул позициясын ПКК менен кызматташуу менен күчтөндүрүү аракети абдан чоң жаңылыштык.

Акырында Түркия Ирак жана Сирия багытында РКК террордук уюму ээлеп алган бардык аймактарды тазалоодо чечкиндүү жана мунун аткаруудан да тартынбайт, Иранга жакын топтордун Сирияда да өзгөчө Африн аймагында  ушуга окшогон кыймылдары болгон бирок натыйжасы жаман болгон. Түрк армиясы көп сандаган шиит куралдуу кишилери ПКК террористтери менен бирге жок кылынган. Эми Иранга жакын элементтер Түркияны Ирактын түндүгүндө сынап жатат. Мунун жыйынтыгын да бул элементтердин абалы үчүн жакшы болбой тургандыгын көрө алабыз.



Тектеш кабарлар