Анадолунун алгачкылары - 7.2021

Байыркы Сардес шаары.

1623148
Анадолунун алгачкылары  - 7.2021

Учурда, банктар аркылуу көптөгөн иштерди жүргүзүүгө болот жана алар биздин жашообузда биз ойлогондон дагы чоң орунга ээ. Банктар - бүгүн эле эмес, пайда болгондон бери адамдар тарабынан өтө көп колдонулуп келген мекеме. Тарыхтагы алгачкы банкка тиешелүү кызматтардын байыркы Шумер менен Вавилонго таандык экендиги айтылат. Адистер ошол мезгилде банктардын дыйкандарга үрөн жана айыл чарба жабдыктарын сатып алуу үчүн насыя беришкени тууралуу маалыматтарга жетишкен. Вавилондун өкүмдары Хаммурапинин белгилүү мыйзамдарында карыздын кандайча төлөнө тургандыгы жөнүндө пункттар бар.

Анадолунун батышында бийлик жүргүзгөн Лидия королдугу тарыхта биринчи болуп монетаны таап, колдонууга киргизгенге чейин акча жок болгондуктан карыздар дагы, төлөмдөр дагы ар кандай товарлар менен жүргүзүлүп келген. Албетте бул соода-сатыктын жана экономиканын өнүгүшүнө шарт түзгөн абдан маанилүү бир табылга. Биринчи жолу монета пайдаланыла баштагандан кийин, Лидия королдугунун борбору Сардесте ушул аймактын, балким дүйнөнүн биринчи банкы негизделген. Анткени Лидия акчасын ойлоп тапкандан көп өтпөстөн эле ушул баалуу металлдан жасалган монеталарды коргоо жана жашыруу маселеси олуттуу көйгөйгө айланат. Ошол жылдардагы эң ишенимдүү сактоо ыкмасы аны топурактан жасалган карапада жерге көмүү болгон. Казына издөөчүлөрдүн кызыгуусун арттырган бул ыкма көптөгөн археологиялык ачылыштарга негиз болсо да кээде чоң зыяндарга жол ачканы баарыбызга маалым. Акчаны жерге көмүүдөн тышкары, аны сактоонун дагы бир ыкмасы катары храмдар колдонулган. Храмдар байыркы мезгилдеги эң коопсуз жерлер болгон, анткени алар кудайдын коргоосундагы ыйык жерлер. Адамдар, храмдардагы дин кызматкерлерине белгилүү өлчөмдө акы төлөп, акчаларын коопсуздук менен сактаганга аракеттенишкен.

Датасы так белгилүү алгачкы монеталар Эфестеги Артемида храмынын пайдубалынан табылса дагы, тарыхый жактан байыркы Сардес шаарындагы храм дүйнөдөгү алгачкы банк катары катталган. Храмдын дубалдарындагы жазуу аны башка храмдардан айырмалап турат. Себеби ал жазууда банкка тиешелүү алгачкы иштер ушул жерде жасалган деп жазылган. Жазууда, качан, кимге, канча карыз берилгени, карыздын ордуна кайсы мүлктөрдүн конфискацияланганы жана карыз төлөнбөсө, кандай жаза колдонулары белгиленип кеткен. Бул жазуу документ болуп саналат жана храмдын банк сыяктуу колдонулганын кабарлап турат. Сардестеги Артемида храмы 800 жылдай банк катары колдонулганына карабастан курулуп бүткөн эмес. Имараттын бүтпөй калган бөлүктөрү храмдын кандайча курулгандыгы жөнүндө түшүнүк берет. Сардестеги Артемида храмы дүйнөдөгү ион стилиндеги храмдардын ичинен төртүнчүсү катары белгилүү. Бул кемчиликсиз долбоор байыркы архитекторлордун, инженерлердин жана курулуш усталарынын залкарлыгын, компетенттүү болгондорун далилдейт.

Байыркы Сардес шаары алгачкы монета чыгарган же алгачкы банк системасы түзүлгөн жер катары эле айырмаланбайт. Бул бай цивилизациянын борбору геотермалдык энергия менен жылуулук системасын колдонгону менен таанымал. Жана ошондой эле Анадолуда алгачкы ирет канализация колдонулуп, саздарды дренаж системасы менен кургаткан биринчи шаар катары да белгилүү. Анын үстүнө бул айтылган жаңылыктардын баары бүгүнкү күндө математика теоремалары менен таанылган, ошондой эле тарыхка философиянын жана байыркы Грециянын жети даанышманынын биринчиси катары кирген математик Фалес тарабынан жүзөгө ашырылган экен.

Сейсмикалык аймакта жайгашкан Лидия королдугунун борбору көптөгөн жер титирөөлөргө туруштук берип кыйроого учураган эмес. Рим доорундагы катуу жер титирөөдөн кийин геотермалдык жылытуу системасы үйлөрдө жана дүкөндөрдө колдонула баштаган деп болжолдолууда. Себеби казуу учурунда айрым дүкөндөрдөгү жана үйлөрдөгү чакан бассейндер жана дубалдардан көтөрүлүп чыккан суу түтүктөрү, тактап айтканда чоподон жасалган жоон суу түтүктөрү табылган. Чындыгында, бул суу түтүктөрү аркылуу шаардагы дагы бир маанилүү имаратка - Гимназияга жылуулук суусу берилип, гимназиянын артындагы мончонун бассейни толтурулган. Мончого суу түтүктөрү аркылуу алынып келген термалдык сууларды үйлөргө жана соода аймактарында да колдонгон байыркы доордогу бул шаар дүйнөдө эң алгачкы жолу геотермалдык энергия менен жылытылган системаны өздөштүрүү жагынан дагы зор мааниге ээ.

Байыркы Сардес шаарындагы көрүстөн Египеттин Гиза аймагынан дагы чоң орунду ээлеп турат. Учурда Бин Тепе деп аталган көрүстөндүн ээлеген орду жагынан Түркиядагы жалгыз, балким дүйнөдөгү эң чоң көрүстөн болуп саналат. Шаардын түндүгүндөгү Бин Тепедеги тумба мүрзөлөр тээ илгерки кездегидей эле, бүгүнкү күндө да алыстан эле байкалып турат... Бул бөксө тоолорду элестеткен адыр сымал аймак көргөн адамды кандайдыр кереметтүү чөлкөмдө жүргөндөй сезимге түртөт. Бул аймакка ак сөөктөрдүн жана мамлекеттик ишмерлердин гана сөөгү коюулуп, мүрзөнүн көлөмү жана бийиктиги сөөктүн маанисине жараша жасалган. Ошондуктан, аймактагы эң чоң мүрзө Аляттес падышага таандык деп болжолдонууда. Лидияда алтын менен күмүштүн аралашмасынан чыккан электрумдан жасалган алгачкы тыйындарды чыгарган жана өлкөнүн байышында чоң роль ойногон король Аляттес мүрзөсү дүйнөдөгү эң ири тумба мүрзөлөрдүн катарына кирет. Байыркы доордун белгилүү окумуштуу тарыхчысы Геродот король Аляттестин күмбөзүн көрүп таң калып, суктангандыгын төмөнкү сөздөр менен билдирген:

"Лидияда көрүүгө арзый турган эстелик бар. Египет менен Вавилондогу эстеликтерди эске албаганда, калган эстеликтердин баарынан да артыкчылыгы менен айырмаланат. Ал – Кроустун атасы Аляттестин тумба мүрзөсү. Бул мүрзө - этектери ири таштар менен айланта курчалган топурак үйүлгөн өтө чоң көрүстөн болуп саналат."

Күмбөздүн казына кошулуп көмүлгөн бөлмөсү уурулар жете албагандай түрдө жайгаштырылган. Бирок археологиялык казуулардын натыйжасында мындай бөлмөлөр Рим доорундагы мүрзө тоноочулар тарабынан жер алдынан казылган туннелдер аркылуу тонолгону аныкталды. Кийинки мезгилдерде дагы көптөгөн мүрзөлөр тонолуп, алардагы көптөгөн жасалгалар жана баалуу буюмдар уурдалып кеткен. Өз доорлорунун байлыгын жана кол өнөрчүлүгү менен санатынын сырларын ачып берген бул сейрек кездешүүчү жасалгалар менен буюмдар чет өлкөгө чыгарылып, байыркы буюмдарды сүйүүчүлөргө сатылып кеткен. Лидиялык казына же Карумдун казынасы деп аталган бул кенч - коло жана күмүш буюмдардан, зергерлер тарабынан колдо жасалган өтө кооз баа жеткис алтын буюмдар менен ашканада колдонулган буюм тайымдардан турат. Нью-Йорк Метрополитен музейинин көргөзмөсүндө көп жылдар турган бул казына, чет өлкөгө уурдалгандан 30 жыл өткөндөн кийин, катуу жүргүзүлгөн мыйзамдуу иш аракеттердин натыйжасында өз мекенине - Түркияга кайтарылып келген.

Анадолу - бул миңдеген жылдар бою ар кандай маданияттарды, диний ишенимдер жана диндерди кучагында бапестеген аймак. Байыркы доордон баштап Анадолу “кудайлардын өлкөсү” деп аталып келген. Бул географиялык аймак мифологияда айтылган дээрлик баардык кудайлардын мекени болуп келген. Анадолу аймагы кийинки доорлордо чоң массага таасир эте турган монотеисттик диндер чыккан жер катары болбосо дагы, алардын жайылышында маанилүү роль ойногон. Ошондуктан Лидия королдугунун борбору Сардестин монета алгачкы ирет басылган жана “Король жолунун” башталган жери катары эле эмес, ар кандай маданияттардын бешиги катары дагы маанилүү байыркы шаар экени шексиз. Анткени иудаизмге таандык дүйнөдөгү үчүнчү маанилүү храм ушул байыркы шаарда жайгашкан. Сардес синагогасы, Европадагы жана Түркиядагы биринчи синагога... Сефард деп да аталган бул синагога, өз доорунда Анадолудагы эң чоң жана жалгыз синагога болуп бир мезгилде миң адам сыйынган чоң храм катары белгилүү. Бул монументалдык храм бир нече жолу кайрадан калыбына келтирилген, бирок тилекке каршы анчалык байкалбай калган.

Монотеисттик диндердин мезгилинде, байыркы Сардес шаары еврейлердин ишенимин бапестеген шаар эле эмес, христиандар үчүн да маанилүү ролду ойногон. Себеби христиан дини үчүн чоң мааниге ээ болгон алгачкы жети чиркөөнүн бири Анадолуда курулган. Ал Византия мезгилинде Эпископтук борборго айланган.

Урматтуу радио угармандар бүгүнкү программабызда тарыхта биринчи жолу мамлекет тарабынан акча чыгарылган жер катары таанылган Байыркы Сардес шаары жана Анадолунун биринчи банкы жөнүндө маалымат бердик. Программаны Неслихан Дегирменчиоглу даярдады. Саламатта калыңыздар...

 



Тектеш кабарлар