Анадолунун алгачкылары - 6

Акчанын тарыхы.

1618648
Анадолунун алгачкылары  - 6

Акча бирөөлөр үчүн максат, бирөөлөр үчүн каражат. Балким, экөө тең. А чындап айтканда акчага болгон мамилеңиз ага болгон көз карашыңызды көрсөтүп турат. Бир түрк накыл сөзүндө “Акчага бакыт сатылбайт” деп айтылат эмеспи... Наполеондун “акча, акча, акча” деп айтканы тууралуу кеп бар. Максат үчүн болобу же жөн эле каражат болобу айтор бүгүнкү жашообузда акча өтө чоң орунду ээлеп турат. Тилекке каршы, акчасыз көп нерсени жасап, көп нерсеге жетүү мүмкүн эмес. Акча чыгарыла элек кезде адамдар анын ордуна кандай системаны колдонуп келишкени тууралуу ойлонуп көрдүңүзбү? Акча биз менен кошо качантан бери жашап келатат? Акчаны кайсы цивилизация биринчи болуп таап, басып чыгарганын билесизби? Карундай бай, деген ылакапты уктуңуз беле? Анда ушул суроолорго чогуу жооп издеп көрөлү.

Лидия королдугу Анадолу аймагындагы эң маанилүү жана күчтүү цивилизациялардын бири болгон... Ал - тарыхта көп өкүм сүрбөсө дагы адамзат тарыхында из калтырган цивилизация. Батыш Анадолунун эң түшүмдүү жерлеринде курулган Лидия королдугу табигый ресурстарга да бай өлкө болгон. Мрамор таш кендери жана токойлуу тоолор бул чакан өлкөгө ыңгайлуу жашоо тартуулап турган. Гедиз жана Мендерес дарыялары болсо алардын турмуш тиричиликтерин кыйла жеңилдеткен. Бул өлкөнүн борбору Сардес азыркы Маниса обулусуна караштуу Сарт шаарчасынын ордунда жайгашкан болчу. Ал эми Сардестин ортосунан Сарт дарыясы өтчү. Бул дарыя Лидиянын “Алтын шаар” деп аталып калышына себеп болгон, анткени ал дарыянын суусунда алтын жана күмүш электруму бар болчу... Лидиялыктар дарыянын суусу агызган алтын күмүш аралашкан кумдарды электен өткөрүп, Сарт дарыясынын жээктерин казып чыгышкан. Мына ушундайча Лидия өзүнүн чыныгы байлыгын электрумдан, тактап айтканда, алтын менен күмүштүн табигый аралашмасынан алган.

Королдуктун эң баалуу материялы электрум, алгач порошок абалында каптарга салынып же сомдолгон куйма түрүндө колдонулчу. Кийинчерээк, Лидиянын королу Аляттес электрумду күмүш менен алтынга аралаштырып, монета түрүндө басып чыгарууну чечкен. Бүгүнкү монеталардагыдай эле бул алгачкы монеталарда дагы алардын бааларын айырмалоо үчүн ар кандай сүрөттөр же лидиялык аталыштар колдонулган. Бул жаңы ачылыш менен Лидия королдугу өзүнүн байлыгына байлык кошуп, аймактагы таасирдүү күчкө айланган. Алтын, күмүш акчалар ойлоп табылгандан кийин бул монеталар Анадолунун чегинен тышкары, ошол кезде Кичи Азия деп аталган Жер Ортолук деңиздин тегерегиндеги башка өлкөлөргө да тараган.

Бирок, электрумдун курамындагы алтын менен күмүштүн катышы дайыма бирдей болбостон, өзгөрүп турган. Андан тышкары, Сарт дарыясынын жээктеринде курулган алтын чыгарчу цехтерде электрумдардын курамындагы таза алтын жана таза күмүш ажыратылып алынгандан кийин монеталардагы алтындын катышы азайтылып күмүштүн катышын көбөйтүү мүмкүнчүлүгү пайда болгон. Ушул себептен көп өтпөстөн, монеталар ишенимдүү алмашуу каражаты боло алабы деген күдүк суроолор туула баштаган.

Король Аляттестин - кээ бир булактарда Карун деп аталган уулу Крез такка отургандан кийин бул көйгөйдү чечүү максатында акчанын жаңы түрүн чыгарат. Анын убагында электрумдан чыгарылган монеталар колдонулбай, ордуна ар кандай салмактагы алтын жана күмүш монеталар чыгарыла баштайт. Мына ушундайча Лидия королдугунун жана монеталарынын жаңы бир доору башталат. Бул баалуу монеталардын көлөмү кичинекей жана салмагы жарым грамм гана болгон! Мына ушундайча монеталардын салмагына жана тазалыгына жараша айырмалана турган ар кандай өзгөртүүлөр жасалып жаңы жана ишенимдүү төлөм түрү болгон акча пайда болгон. Бул окуяны байыркы доордун белгилүү тарыхчысы Геродот  китебинде “Лидиялыктар тарыхта биринчи болуп алтын жана күмүш монеталарды ойлоп табышкан” деп белгилеп кеткен. Жаңы акчанын ойлонуп табылышы Лидиянын тарыхындагы эң гүлдөгөн доору катары кабыл алынат. Ушул окуядан кийин “Карундай бай” деген ылакап айтылып калган экен.

Ал эми, акча табылганга чейин адамдар кантип соода жүргүзүп кандайча байлыгын өлчөп, акчанын ордуна эмнелерди колдонушканы кызыктырбай койбойт. Бул максатта көбүнчө деңиз кабыктары, жаныбарлар, жаныбарлардын териси, буудай жана арпанын колдонулганы баарыбызга белгилүү. Бирок бул айтылгандардын баары аз өлчөмгө бөлүнүп, оңой олтоң эле бир жерден башка жерге жеткирүүгө мүмкүн болбогондуктан же болбосо тез эле бузулуп кеткенинен улам адамдар баалуу металлдарды колдоно башташкан. Бул боюнча эксперттер түпкү себеби жөнүндө так маалымат бере алышпаса дагы соода жана коммерцияны жеңилдетүү максатында  жаңы акча түрүн чыгарышкан эмес деп ойлошот. Алар, шумерлердин айыл чарбасындагы түшүмдөн түшкөн кирешени эсептөө жана эмгек акыларын алгандардын укугун коргоо үчүн жазууну ойлоп табышкандай эле лидиялыктардын дагы аскердик жана бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысы үзгүлтүксүз жана ыңгайлуу төлөнүп турушу үчүн монеталарды ойлоп табышкан болушу мүмкүн деген ойго басым жасашат. Ошол мезгилде көптөгөн мамлекеттер согушта жана өлкөнү коргоодо жалданма аскерлерди колдонушуп, жоокерлерди алтын жана күмүшкө сатып алышкан.

Адистердин айтымында, монеталар бир эле учурда кабарлашуунун жана байланыштын бир түрү катары да пайдаланылган. Байланышуу жана кабарлашуу куралдары жок болгон ал доорлордо адамдар кайсы император бийликте экенин, кайсы падышанын башкаргандыгын, жаңы салынган көпүрөлөрдү, храмдарды, ал тургай чачтын жаңы моделин да тыйындар аркылуу билишкен. Бүгүнкү күндө монеталардын жардамы аркылуу урандыга айланган эзелки шаарлар, эстеликтер, курулуштар жана байыркы цивилизациялар жөнүндө көбүрөөк далилдүү маалымат ала алабыз. Монета жасоодо колдонулган кен өлкөнүн экономикалык абалы жөнүндө маалымат бергендей эле өлкөнүн ээлеп турган аймагын аныктоого жана мамлекеттин жеңиштерин же жеңилүүлөрүнүн так даталарына чейин билүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Башка сөз менен айтканда, монеталар жазма булактардай эле тарыхтагы кээ бир окуяларды аңдап билүүдө маанилүү курал катары да колдонулат.

Айрым изилдөөчүлөр Анадолунун бул маанилүү королдугунун акчаны тапкан доору менен “Корол жолунун” курулушунун тарыхый жактан бир учурга туш келгенин айтышат. “Персия королунун жолу” деп да аталган бул жол Лидия королдугунун борбору Сардестен башталып, Мосул жана Багдад аркылуу өтүп, Перс империясынын борборуна, андан Персополиске чейин уланат. Батыштан Чыгышка Анадолу аркылуу өтүп, узундугу 2700 км болгон жолдун курулушу менен акчанын табылышы ошол доордогу сооданын өнүгүшүндө чоң роль ойногон. Лидиялык цивилизация гана эмес, ушул маршруттагы бардык цивилизациялар ушул байыркы жолдун саясында экономика, илим, маданият жана искусство жаатында байланышып, өнүгүү жолунда илгерилешкен.

Миңдеген жылдар бою түшүмдүү жерлери жана геосаясий абалы менен Анадолу аймагы - маданият, искусство, илим, дин жана соода сыяктуу адамзатка багыт берген негизги нерселердин маанилүү борбору болуп келген. Ошол себептен бул жерлерде биринчи жолу акча басылып чыгып, колдонулуп жаткандыгы жөн жерден эмес. Адам баласы ойлоп тапкан бул табылга адамдын жашоосуна бир топ өзгөрүштөрдү алып келди. Ар бирибиздин акчага болгон мамилебиз ар башка: кай бирибиз башка нерселерди четке түртө салып акчага гана жашообуздун чордонунан орун берсек, кай бирлерибиз аны экинчи-үчүнчү планга түртүп, ал тургай кээ бирлерибиз коркуп, андан алыс турганга аракет кылабыз. Натыйжада, акча биздин жашообузда жеке жана социалдык жактан чоң роль ойноп, ар кандай экономикалык системалардын курулушуна өбөлгө түздү. Лидиялыктар темир акчаны табышкан болсо, анын кенен колдонулуп таралышы дагы Анадолуда курулган Иония цивилизациясы тарабынан жүзөгө ашырылган. Алгачкы монеталар чыгарылгандан 1400 жыл өткөндөн кийин, кытайлар кагаз акчаны чыгарышкан. Ал эми мындан элүү эле жыл мурун, акчаны ташып жүрүүнү керексиз кыла турган кредиттик карточкалар ойлоп табылган. Бүгүнкү күндө биз электрондук чөйрөдө гана учураткан крипто акча деген түшүнүк пайда болду жана бул акчаларды колубуз менен кармалап көрө албагандыктан анын виртуалдык же чыныгы экендигин биле албайбыз. Тарыхы мындан 2600 жыл мурун башталып келечекте кандай формаларда жана кандай колдонулары белгисиз болсо дагы акчанын ар дайым жашообуздагы өз ордун жана маанисин сактап калаары анык!

ТРТ Түркия үнү радиосу үчүн прогамманы даярдаган Неслихан Дегирменжиоглу.



Тектеш кабарлар